Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 248, 2011-жылдын 7-майындагы №246, 2014-жылдын 25-февралындагы № 103, 2014-жылдын 13-ноябры № 645, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2010-жылдын 29-сентябрындагы №218
«Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө
Мамлекеттик резервде топтолуучу азык-түлүк буудай данын сактоо жана кайра иштетүү үчүн шарттарды түзүү, калкты нан азыктары менен жабдуу бөлүгүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маселелерин өз убагында чечүү, ошондой эле «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын жана мүлктүк комплексин сактап калуу менен анын мүлктүк активдеринин базасында азык-түлүк буудай данын сактоо жана кайра иштетүү үчүн «Дан» мамлекеттик ишканасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Дан» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2004-жылдын 26-майындагы Күрөө жөнүндө келишим боюнча күрөөгө коюлган «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун мүлкүн баалоону көз карандысыз баа берүүчүлөрдү тартуу менен белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- 2007-жылдын 7-декабрындагы № 8-209/255 Карыздык милдеттенмеге ылайык карыздарды тындыруунун эсебине 2004-жылдын 26-майындагы Күрөө жөнүндө келишим боюнча күрөөгө коюлган «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун мүлкү «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунан суратылсын жана бааланган нарк боюнча кабыл алынсын;
- «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун атайын администратору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргелешип күрөөгө коюлган мүлкүн «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунан жаңы түзүлгөн «Дан» мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
- «Дан» мамлекеттик ишканасы менен бүткүл мүлктүк комплексти милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо жана жеңилдетилген пайыздык ставканы эске алуу менен баалоо наркынын суммасына төмөнкү шарттарда жаңы карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы №103 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
кредиттик тындыруунун мөөнөтү - карыздык милдеттенме түзүлгөн датадан тартып 25 жыл;
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-майындагы №246 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
мөөнөтүн өткөрүп жиберген төлөмдөр үчүн айып санкциялары - жылына 5 пайыз;
негизги сумманы тындыруу боюнча жеңилдетилген мезгил - карыздык милдеттенмени түзүүнүн датасынан тартып 7 жыл, пайыздарды кошуп эсептөө жана тындыруу карыздык милдеттенме түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мматериалдык резервдер фонду «Дан» мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын сактоо боюнча кызмат көрсөтүлгөн Фонддун атайын эсебиндеги атайын каражаттарынын эсебинен акциялардын контролдук пакети мамлекетке таандык эмес болгон менчиктин башка түрүндөгү ушул сыяктуу жоопту сактоочу-мекемелер үчүн белгиленген баа боюнча төлөп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жана жаңы түзүлгөн «Дан» мамлекеттик ишканасы менен биргелешип эки айлык мөөнөттө «Дан» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк активдерди (имараттар, курулмалар, жер участоктору ж.б.) техникалык текшерүүнү жана ишканага кыймылсыз мүлккө укуктарды каттагандык үчүн тиешелүү жыйындарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу берип, ага укуктарды каттоону жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана «Дан» мамлекеттик ишканасы менен биргелешип, жаңыдан түзүлгөн «Дан» мамлекеттик ишканасынын бардык мүлктүк активдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте күрөөгө койсун жана күрөө жөнүндө келишимди нотариаттык ырастоо үчүн зарыл документтерди берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду өндүрүштүк процесстин ажыратып алгыс болуп саналган бөлүгүн, анын ичинде инженердик-техникалык коммуникациялары, өндүрүштүк-администрациялык имараттар менен курулмаларды ж.б. активдерди «Дан» мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүүнү «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун атайын администраторуна сунуш кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
9. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы №218 токтому менен бекитилген |
«Дан» мамлекеттик ишканасынын уставы
1. «Дан» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 «Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволор менен башка аткаруу бийлик органдарына караштуу бөлүкчөлөрдү жана мамлекеттик ишканаларды түзүүнүн маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык түзүлгөн.
2. «Дан» мамлекеттик ишканасы өз алдынча балансы бар, мамлекеттик ишкана уюштуруучулук-укуктук түрүндө иштөөчү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана обочолонгон мүлккө ээ болгон юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналып, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана Кыргыз Республикасы Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун карамагында турат. Кыргыз Республикасы Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ишканага жалпы жетекчиликти жана анын ишин координациялоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар штампы, мөөрү, ошондой эле бланктары жана башка атрибуттары болот.
Ишкана өз ишин мыйзамдардын жана ушул Уставдын талаптарына так ылайык жүзөгө ашырат.
6. Ишкана толук чарбалык эсеп принцибинде иштейт.
7. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: «Дан» мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие «Дан».
Кыскача расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: «Дан» МИси;
расмий тилде: ГП «Дан».
Ишкананын расмий дареги: Кыргыз Республикасы, Кара-Балта шаары, П.Тольятти көч., 1.
8. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
II. Негизги милдеттер жана функциялар
9. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- буудайды, буудайдан жасалуучу азыктарды жана башка айыл чарба азыктарын сактоо, кайра иштетүү;
- буудайды, буудайдан жасалуучу азыктарды ички рынокто, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чектеринин тышкары жерлерде жеке жана юридикалык жактарга сатуу.
10. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасындагы буудайды, буудайды кайра иштетүүнүн азыктарын жана башка дан өсүмдүктөрүн сактоону, тартууну, кайра иштетүүнү жана сатып өткөрүүнү;
- илимий-техникалык, изилдөөчүлүк, иликтөөчүлүк, инновациялык ишти, долбоорлоо-сметалык жана тажрыйба конструктордук жумуштарды жүзөгө ашырууну;
- Ишкананын кызматкерлерин окутуп-үйрөтүүнү, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатуусун уюштурууну;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн сакталышын жана арналышы боюнча пайдаланылышын камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууну.
11. Ушул Устав менен аныкталган өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды алуу менен жоопкерчилик тартууга, ар кандай юрисдикциядагы сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Ишкананын максаттары менен милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- мамлекеттик заказды аткарууда Ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды белгиленген тартипте аныктоого, б.а. мамлекетке тиешелүү эгинди (мамрезервдин, салык жана башка мамлекеттик органдардын эгинин) жүгүртүү боюнча баалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча макулдашылат;
- буудайды, буудайды кайра иштетүү азыктарын жана башка дан өсүмдүктөрүн, товарларды зарыл материалдар менен буюмдарды юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда эсептешүү жана башка эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга;
- Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте уюштурууга;
- Ишкананын каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди кошумча адистиктерге окутуп-үйрөтүүгө, алардын билим деңгээлин жогорулатууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды иш сапарларына, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө.
12. Ишкана убактылуу эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, ишке чегүү келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жарандарды ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн тартууга укуктуу.
13. Ишкананын кызматкерлеринин ишинин жана эс алуусунун режими, аларды социалдык камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
14. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу менен алардын ден соолугу жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана башка мамлекеттик органдарга отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында берүүгө.
15. Ишкананын ишин башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу Ишкананын башкы директору жүзөгө ашырат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалып, укуктары, милдеттери болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Башкы директордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу бир орун басары болот.
16. Ишкананын башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалып жана кызматынан бошотулуп, башкы директорго түздөн-түз баш ийип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
17. Ишкананын башкы директору:
- Ишкананын ишине жетекчилик кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенип, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылып, келишимдерди түзүп, ишеним каттарды берип, банктарда эсептешүү эсептерин ачып, банктык жана каржылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чектеринде тескемелерди чыгарып, Ишкананын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарынын, башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сый акы берүү чараларын колдонот;
- Ишкананын милдеттери менен функцияларын Уставга ылайык аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
18. Ишкананын кызматкерлеринин эң көп саны жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан аныкталат.
19. Ишкана өз ишин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
Ишкананын болочоктогу, жылдык жана учурдагы иш пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун макулдугу менен Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
20. Ишкананын иш пландарынын негизин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, жөнөтүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
Мамлекеттик резервге азык-түлүк буудай эгинин жана аны кайра иштетүү азыктарын топтоо боюнча мамлекеттик тапшырманын ишке чегилүүчүсү катары аныкталган учурларды албаганда, Ишкана келишимдин жүйөөсүн тандап алууда эркин болот.
21. Ишкана өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин Кыргыз Республикасында кабыл алынган эл аралык бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
22. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды жыйноо менен иштетүүнүн жалпы мамлекеттик тутумун жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берип турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте суратылган маалыматты берүүдөн баш тарткандык, толук эмес маалымат бергендик же аны бурмалагандык, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандык үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартат.
23. Ишкананын өндүрүштүк-чарбалык жана каржылык ишин контролдоону Ишкананын контролдук-эсеп текшерүү комиссиясы жана башкы директору жүзөгө ашырат.
Ишкананын контролдук-эсеп текшерүү комиссиясы ушул Уставдын сакталышы, чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү болгон мүлктүн сакталышы, түзүлгөн келишимдердин жана чарбалык операциялардын мыйзамдуулугу, материалдык-техникалык жана акчалай каражаттардын келип түшүүсү менен чыгымдалышы, эсептин, отчеттуулуктун жана эсептешүүлөрдүн тууралыгы, ошондой эле Ишкананын башка кызыкчылыктарынын сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашырат.
24. Ишкананын контролдук-эсеп текшерүү комиссиясы жөнүндө жобо, ошондой эле анын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бекитилет.
Эсеп текшерүү комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
25. Өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлккө Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
26. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Көрсөтүлгөн мүлк өзүнө төмөнкү объекттерди камтыйт:
- уюштуруучу иштеп чыккан тизме боюнча Ишканага өзү берген негизги фонддор;
- төлөөнүн, мөөнөттүүлүктүн жана кайтарып берүүчүлүктүн негизинде банктардан жана/же кредиттик уюмдардан Ишкана тарабынан алынган жүгүртүү каражаттары.
Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюуга уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
27. Мүлктү түзүүнүн булагы төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик заказдын натыйжасында алынган кирешелер;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлк;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын боорукердик төгүмдөрү менен кайрымдуулуктары;
- колдонуудагы мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка булактар.
28. Ишкана менчик ээсинин макулдугусуз чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдор менен шериктиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген учурларды албаганда, Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон калган мүлктү ал өз алдынча тескейт.
29. Ишкана тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
30. Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык бюджеттик төлөмдөр менен чегерүүлөрдү жүзөгө ашыргандан кийин Ишкананын таза пайдасы түзүлөт.
Таза пайда төмөнкүлөргө пайдаланышы мүмкүн:
- Ишкананын чарбалык-каржылык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин материалдык кызыктырууга, аларды окутуп-үйрөтүүгө жана квалификацияларын жогорулатууга.
Жогоруда саналып өткөн максаттарга чегерүүлөр пайданын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
32. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Ишкананын ишин токтотуу уюштуруучунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
34. Ишкананын ишинин жүрүшүндө пайда болуучу документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.