Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели № 226
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кесиптик аппараттын ишинин стабилдүүлүгүн камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын финансылык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү жолу менен кадрлардын тез-тез алмашуусун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына Ресурстук макулдашууда каралган тийиштүү ыйгарым укуктар берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жеке салымына, аткарган функциялык милдеттеринин натыйжалуулугуна жана сапатына жараша мамлекеттик кызматчылардын жана тейлөөчү кызматкерлердин эмгегин баалоонун, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын жана тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысына үстөктөрдү белгилөөнүн жана аларга сыйлык акы төлөөнүн критерийлерин камтыган ведомстволук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
| долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы
РЕСУРСТУК МАКУЛДАШУУ
1. Негизги жоболор
1. Бул Ресурстук макулдашуу ушул Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Тараптары деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансылык чалгындоо), анын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 130 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун негизинде иштеген төрагасы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги), анын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун негизинде иштеген министринин ортосунда түзүлөт.
2. Финансылык ресурстарды бөлүштүрүүдө жана башкарууда жетекчилик тарабынан оптималдуу чечимдердин кабыл алуу менен Финансылык чалгындоого жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча бир кыйла жакшы натыйжаларга жетүү ушул Макулдашуунун негизги максаты болуп саналат.
3. Финансылык чалгындоонун бардык үнөмдөлгөн финансылык каражаттары толук бойдон анын карамагында калтырылары ушул Макулдашууда белгиленет.
4. Бул Макулдашуу Финансылык чалгындоо үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүнү карабайт.
2. Макулдашуунун предмети
5. Финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Финансылык чалгындоонун жетекчилигине өткөрүп берүү ушул Макулдашуунун предмети болуп саналат.
3. Финансылык ресурстар
6. Учурдагы финансылык жылга карата Финансылык чалгындоону каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча республикалык бюджетте каралган каражаттар финансылык ресурстар болуп саналат.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
7. Финансылык чалгындоо төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү жылга республиканын бюджетте Финансылык чалгындоо үчүн каралган каражаттардын чегинде экономикалык квалификациядагы сарптоолордун беренелери боюнча, квартал сайын сметалык арналыштарды Финансы министрлигине белгиленген тартипте билдирүү менен өзгөртүүгө;
2) эмгек акынын колдонулбаган фондунун эсебинен түзүлгөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын өз алдынча төмөнкү максаттарга пайдаланууга:
- жумуштун татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, жумушта чыгармачылык, кесиптик демилгелерди көтөргөндүгү үчүн Финансылык чалгындоонун мамлекеттик кызматчыларынын жана тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына жекече кошумча акыларды жана сыйлык акыларды төлөп берүүгө;
- үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүү, жумушка келип-кетүүгө жол кирени, байланыш кызматын жарым-жартылай төлөп берүү, тамактанууга, дарыланууга жана кымбат дары-дармектерди алууга кошумча төлөө үчүн материалдык жардамды жана башка компенсацияларды төлөп берүүгө;
- жумуш берүүчү менен Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча бөлөк милдеттенмелерди аткарууга.
8. Финансылык чалгындоо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) финансылык каражаттарга болгон керектөө тууралуу билдирмени Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына ай сайын берип турууга;
2) бөлүнгөн финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга, бухгалтердик жана финансылык операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык гана жүзөгө ашырууга;
3) финансылык ресурстарды пайдалангандыгы тууралуу отчетту Финансы министрлигине ай сайын, квартал сайын жана финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте берип турууга.
9. Финансы министрлиги форс-мажордук жагдайлар келип чыккан кезде Финансылык чалгындоону каржылоону республикалык бюджетке кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүүгө укуктуу.
Бекитилген республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө келип чыгышы жана бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келиши мүмкүн болгон белгисиз жагдайлар форс-мажордук жагдайлар деп таанылат.
10. Финансы министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) чыгымдардын бардык беренелери боюнча Финансылык чалгындоонун билдирмесине ылайык алдыдагы айга болгон каржылоо планына бөлүнгөн каражатты ай сайын киргизүүгө;
2) Тараптар тарабынан макулдашылган сметалык дайындоолорго ылайык Финансылык чалгындоого республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды ай сайын өз убагында бөлүүнү толук көлөмдө жүргүзүүгө;
3) Финансылык чалгындоонун сунуштары боюнча Финансылык чалгындоонун чыгымдарынын сметасына өзгөртүү киргизүүгө.
5. Корутунду жоболор
11. Макулдашкан тараптар бардык белгиленген иш-чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттүү.
12. Финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жоопкерчиликти Тараптар тартышат.
13. Бул Макулдашуу кол коюлган кезден тартып күчүнө кирет жана анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин бир жактуу тартипте өзгөртүлбөйт же бузулбайт.
14. Бул Макулдашуу 2012-жылдын "__" _______________ кол коюлду жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Финансылык финансы министри
чалгындоо мамлекеттик
кызматынын төрагасы