Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 229
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Карамык" өткөрүү пунктунда тиешелүү транспорттук контролдоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк автоташуучулардын транспорттук иштерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
| Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 3-тиркеме |
┌─┬─────────┬────────────┬─────────┬──────────────────────────────────┐
│№│ Өткөрүү │ Өткөрүү │Өткөрүү │ Контролдоонун түрлөрү │
│ │пунктунун│пунктунун │пунктунун├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤
│ │ аталышы │жайгашкан │статусу │Чек │Бажы- │Транс-│Вете- │Фито- │
│ │ │ жери │жана │аралык│лык │порт- │ринар-│сани- │
│ │ │ │иштөө │ │ │тук │дык │тардык│
│ │ │ │режими │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼────────────┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│1│Кайрагач │Баткен обл.,│Эки │ + │ + │ - │ + │ - │
│ │авто жолу│Лейлек р-ну │тараптуу,│ │ │ │ │ │
│ │ │(Раззаков │күнү-түнү│ │ │ │ │ │
│ │ │атындагы │ │ │ │ │ │ │
│ │ │айылдын │ │ │ │ │ │ │
│ │ │0,5 км батыш│ │ │ │ │ │ │
│ │ │жагы) │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼────────────┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│2│Кызыл-Бел│Баткен обл.,│Көп │ + │ + │ - │ + │ + │
│ │авто жолу│Баткен р-ну,│тараптуу,│ │ │ │ │ │
│ │ │Кызыл-Бел │күнү-түнү│ │ │ │ │ │
│ │ │айылынын │ │ │ │ │ │ │
│ │ │түштүк чети │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼────────────┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│3│Кулунду │Баткен обл.,│Көп │ + │ + │ - │ + │ + │
│ │авто жолу│Лейлек р-ну,│тараптуу,│ │ │ │ │ │
│ │ │Кулунду │күнү-түнү│ │ │ │ │ │
│ │ │айылынын │ │ │ │ │ │ │
│ │ │түндүк чети │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼────────────┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│4│Карамык │Ош обл., │Эки │ + │ + │ + │ + │ - │
│ │ │Чоң-Алай │тараптуу,│ │ │ │ │ │
│ │ │р-ну, │сутканын │ │ │ │ │ │
│ │ │Карамык │күндүзгү │ │ │ │ │ │
│ │ │айылынын │убактысы │ │ │ │ │ │
│ │ │түштүк-батыш│ │ │ │ │ │ │
│ │ │чети │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼────────────┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤
│5│Бор-Дөбө │Ош обл., │Көп │ + │ + │ - │ + │ - │
│ │авто жолу│Чоң-Алай │тараптуу,│ │ │ │ │ │
│ │ │р-ну, │күнү-түнү│ │ │ │ │ │
│ │ │Бор-Дөбө │ │ │ │ │ │ │
│ │ │жери │ │ │ │ │ │ │
└─┴─────────┴────────────┴─────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘
".