Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 231
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 751-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 29-беренесинде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ченемдик укуктук актылар "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен расмий жарыяланууга жатат.";
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сырларды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт.".
2. 30-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын 29-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Ушул көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29- жана 30-беренелерин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү жана мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу максатында даярдалган.
Азыркы колдонулуп жаткан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясынын 29-беренесинин 1-бөлүгүндө, ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатаары белгиленген.
Ошондой эле, ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат деп көрсөтүлгөн.
Анда, ушул аталган Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт деп аныкталган.
Бирок, ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жашыруун сыры Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырдын бир категориясы болуп саналганын билдирип кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыры: мамлекеттик, аскердик, кызматтык болуп үч категорияга бөлүнөт.
Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыгына өтө оор залал келтирүүчү маалыматтар мамлекеттик маалыматтарга кирет.
Аскер сырын аскердик мүнөздөгү маалыматтар түзөт, аны жайылтуу Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн.
Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүчү маалымат кызматтык маалыматка кирет. Мындай маалымат мамлекеттик же аскердик сырга кирген, айрым маалымат түрүндө болот жана аларды толук ачпайт.
Ошондой эле, ушул аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, мамлекеттик эмес сырга: коммерциялык, кызматта пайдалануучу маалыматтар, басма сөзгө жарыяланбай турган, тергөөнүн сыры, врачтык, жеке сыр жана сырдын башка түрлөрү кирет.
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын жоболорун талдап, бүгүнкү күндө, чындыгында, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтары бар болгон ченемдик укуктук актылары гана, расмий жарыялоого толук эмес берүүгө жол берилген.
Анда, башка мамлекеттик сырдын категориялары жана ошондой эле, мамлекеттик эмес сырлары бар болгон ченемдик укуктук актыларына "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын, расмий жарыялоонун тартибинин жалпы талаптары таасир этүүдө.
Ошентип, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамдын, белгиленген сырлардын түрлөрү бар болгон документтердин категорияларын жана мамлекеттик эмес сырларын аныктаган жоболорун эске алып, ошондой эле, жашырын маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн, ал менен бирге аларды жарыялоо үчүн да жана аталган Мыйзамдын башка талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар, келтирилген зыяндын оордугуна карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш, административдик, тартип жоопкерчилигине тартылыштыгын эске алуу менен ушул көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 29-берененин 1- жана 5-бөлүктөрүнүн жана ошондой эле 30-берененин 1-бөлүгүнүн жаңы редакциялары сунушталынат.
Аталган Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгү менен ченемдик укуктук актылар, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамы менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен расмий жарыяланууга жатаарын белгилөө каралган.
Ошого байланыштуу, ушул Мыйзамдын 29-берененин 5-бөлүгүнүн жаны редакциясы менен, Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдары менен аныкталган мамлекеттик сырларды жана мамлекеттик эмес сырларды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбей тургандыгын аныктоо сунушталган.
Ошол менен бирге, аталган Мыйзамдын 30-берененин 1-бөлүгүндө, ушул Мыйзамдын 29-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат деп калды.
Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 2012-жылдын 16-январындагы № 24-114 тапшырмасын ишке ашырууда, ушул Мыйзам долбоору иштелип чыгууда.
Мындан тышкары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт.
Ошондой эле, бул Мыйзам долбоору ченем жаратуучу органдын расмий сайтында коомдук талкуудан жана мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өттү.
Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын жана ар кандай социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр | А.Шыкмаматов
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│29-берене. Ченемдик укуктук │29-берене. Ченемдик укуктук │
│ актыларды расмий │ актыларды расмий │
│ жарыялоонун тартиби │ жарыялоонун тартиби │
│ │ │
│[1. Ченемдик укуктук актылар │1. ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР │
│расмий жарыяланууга жатат.] │"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА │
│ │МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТОО ЖӨНҮНДӨ" │
│ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНДА │
│ │БЕЛГИЛЕНГЕН ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЭСКЕ АЛУУ │
│ │МЕНЕН РАСМИЙ ЖАРЫЯЛАНУУГА ЖАТАТ. │
│2. Ченемдик укуктук актыларды │2. Ченемдик укуктук актыларды │
│расмий жарыялоо деп ченемдик │расмий жарыялоо деп ченемдик │
│укуктук актылардын тексттерин │укуктук актылардын тексттерин │
│Өкмөт тарабынан аныкталуучу │Өкмөт тарабынан аныкталуучу │
│басма сөздүк │басма сөздүк │
│же электрондук басылмада жарыялоо │же электрондук басылмада жарыялоо │
│жолу менен аларды жалпыга │жолу менен аларды жалпыга │
│маалымдоо түшүнүлөт. │маалымдоо түшүнүлөт. │
│3. Ченемдик укуктук актыларды │3. Ченемдик укуктук актыларды │
│расмий жарыялоо мамлекеттик жана │расмий жарыялоо мамлекеттик жана │
│расмий тилдерде ишке ашырылат. │расмий тилдерде ишке ашырылат. │
│4. Ченемдик укуктук актынын расмий│4. Ченемдик укуктук актынын расмий│
│жарыяланган датасы деп ушул акт │жарыяланган датасы деп ушул акт │
│жарыяланган басылма жарыкка чыккан│жарыяланган басылма жарыкка чыккан│
│күн эсептелет. │күн эсептелет. │
│[5. Мамлекеттик жашыруун сырды │5. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА │
│камтыган маалыматтарды кошпогондо,│МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТОО │
│ченемдик укуктук актыларды расмий │ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАР МЕНЕН │
│жарыялоодо аны толук эмес берүүгө │АНЫКТАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА │
│жол берилбей.] │МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС СЫРЛАРДЫ КАМТЫГАН│
│ │ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ │
│ │КОШПОГОНДО, ЧЕНЕМДИК УКУКТУК │
│ │АКТЫЛАРДЫ РАСМИЙ ЖАРЫЯЛООДО АНЫ │
│ │ТОЛУК ЭМЕС БЕРҮҮГӨ │
│ │ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. │
│6. Жарыялоо жөнүндө маалымат │6. Жарыялоо жөнүндө маалымат │
│Ченемдик укуктук актылардын │Ченемдик укуктук актылардын │
│мамлекеттик реестрине киргизилет. │мамлекеттик реестрине киргизилет. │
│7. Ченемдик укуктук актыларды │7. Ченемдик укуктук актыларды │
│башка жалпыга маалымдоо │башка жалпыга маалымдоо │
│каражаттарында басып чыгарууда │каражаттарында басып чыгарууда │
│басылманын расмий булагына шилтеме│басылманын расмий булагына шилтеме│
│милдетүү түрдө берилүүгө тийиш. │милдетүү түрдө берилүүгө тийиш. │
│8. Укук колдонуу практикасында │8. Укук колдонуу практикасында │
│ченемдик укуктук актылардын │ченемдик укуктук актылардын │
│расмий жарыяланыштары пайдаланууга│расмий жарыяланыштары пайдаланууга│
│тийиш. │тийиш. │
│ │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│30-берене. Ченемдик укуктук │30-берене. Ченемдик укуктук │
│ актылардын күчүнө │ актылардын күчүнө │
│ кириши (колдонулушу) │ кириши (колдонулушу) │
│ │ │
│1. [Ченемдик укуктук актыларды │1. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 29-БЕРЕНЕСИНДЕ │
│расмий жарыялоо алардын күчүнө │КӨРСӨТҮЛГӨН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК │
│киришинин милдетүү шарты болуп │АКТЫЛАРДЫ РАСМИЙ ЖАРЫЯЛОО АЛАРДЫН │
│саналат.] │КҮЧҮНӨ КИРИШИНИН МИЛДЕТҮҮ ШАРТЫ │
│ │БОЛУП САНАЛАТ. │
│2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны │2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны │
│колдонууга киргизүүнүн тартиби │колдонууга киргизүүнүн тартиби │
│жөнүндөгү мыйзамда башкача │жөнүндөгү мыйзамда башкача │
│каралбаса мыйзам расмий │каралбаса мыйзам расмий │
│жарыяланган күндөн тартып он күн │жарыяланган күндөн тартып он күн │
│өткөндөн кийин күчүнө кирет. │өткөндөн кийин күчүнө кирет. │
│3. Башка ченемдик укуктук │3. Башка ченемдик укуктук │
│актылар, эгерде ченемдик укуктук │актылар, эгерде ченемдик укуктук │
│актынын өзүндө башкача каралбаса, │актынын өзүндө башкача каралбаса, │
│расмий жарыяланган күндөн тартып │расмий жарыяланган күндөн тартып │
│он беш күн өткөндөн кийин күчүнө │он беш күн өткөндөн кийин күчүнө │
│кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу │кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу │
│ченемдик укуктук актылар расмий │ченемдик укуктук актылар расмий │
│жарыяланган жарыяланган учурдан │жарыяланган жарыяланган учурдан │
│тартып кеминде он беш күндөн │тартып кеминде он беш күндөн │
│кийин күчүнө кирет. │кийин күчүнө кирет. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘