Загрузка документа…
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 токтому менен бекитилген
|
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары - БКМК) кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн укуктук негизин аныктайт, тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Аттестацияланган курамдын штаттык кызматтарында же БКМК кадрында турган жана ушул Жободо белгиленген тартипте кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары БКМК кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналат.
3. БКМК кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жеке номер берилет, ошондой эле кызматтык белгилер берилиши мүмкүн.
Кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана белгилердин үлгүлөрү, аларды берүү тартиби БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Кызматкерлер формалык кийимдин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана кызматтык белгилердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти одоно бузуу болуп саналат, күнөөлүүлөр тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
4. Кызматкерлер тийиштүү даярдыктан өткөндөн жана зачетторду тапшыргандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табелдик ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укуктуу болушат.
5. БКМКда кызмат өтөө мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарына кызматкерлердин контролдо болушу жана отчет берип туруусу, кызматтык тартипти сактоо, эмгеги үчүн адилет сый көрүү, жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен, эмгегинин натыйжаларына жараша кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделет.
БКМКда кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматкерлердин кызмат өтөө мезгили, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын жалпы эмгек стажысына, адистиги боюнча иш стажысына, ошондой эле мамлекеттик кызматтагы иш стажысына эсептелет.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ушул Жобо жана БКМКнын төрагасынын буйруктары баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин түзөт.
7. Кызматкерлер Кыргыз Республикасына, элине берилгендигине ант беришет:
"Мен, ___________ Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органга мамлекеттик кызматка кирип жатып, Кыргыз элинин алдында өзүмдүн бийик жоопкерчилигимди сезүү менен, Кыргыз Республикасына берилгендигиме салтанаттуу ант берем:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, мыйзам бузууларга каршы келишпестик менен күрөшүүгө жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын жигердүү коргоого, өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук принциптерине таянууга, өзүмдүн кызматтык милдеттеримди так жана жоопкерчилик менен аткарууга, мамлекеттик кызматкердин этика Кодексинин ченемдерин кынтыксыз сактоого;
- бул антты бузгандыгым баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органда андан нары болуума төп келбесин сезем.
20__-жылдын "___"______________
_______________________________".
(колу)
Кызматкердин ант берүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
8. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, кызматкердин Антына, ушул Жобого ылайык, ээлеген кызматына жараша өз компетенциясынын чектеринде милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
9. Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкер мамлекеттин коргоосунда болот. Органдардан жана мыйзам боюнча тикеден-тике ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин анын ишине кийлигишүүгө укугу жок.
10. Кызматкер өзүнүн кызматтык ишинде мыйзам талаптарын жетекчиликке алат жана саясий партиялардын, диний уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана саясий максаттарды көздөгөн массалык коомдук кыймылдардын чечимдерин жетекчиликке албайт.
11. Кызматтык милдеттерин аткарууда укукка каршы аракеттерди жасагандыгы же аракет жасабагандыгы, кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Кызматкер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;
- мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум кодексин сактоого;
- жогору турган жетекчилер жана тийиштүү мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарган буйруктарды, тескемелерди, көрсөтмөлөрдү жана башка чечимдерди аткарууга. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда, кызматкер мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү;
- өзүнүн кызматтык милдеттеринин чектеринде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз учурунда кароого жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлин түшүрбөөгө, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон чектерде компьютерде жана офистик техникада көндүмдүрүнө ээ болууга;
- жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөгө;
- мамлекеттик мүлктүн жана менчиктин сакталышын жана ага сарамжал мамилени камсыз кылууга;
- мамлекеттик кызматты өтөө менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга.
13. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерге дагы ээ болот.
14. Кызматкердин ээлеген кызматы боюнча кызматтык милдеттери анын функционалдык милдеттери менен аныкталат. Функционалдык милдеттерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан белгиленет.
15. Ошондой эле төмөнкүлөр да кызматкер тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу болуп саналат:
- жыйындарга, машыгууларга, мелдештерге жана башка пландуу кызматтык иш-чараларга катышуу;
- кызмат өтөгөн жерге баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш сапарда болуу;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу барымта абалында болуу.
16. Кызматкерлер БКМКнын төрагасы аныктаган тартипте полиграфты колдонуу менен, ишенимдүүлүгүн текшерүүгө алынышы мүмкүн.
17. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жетекчилер, кесиптештери жана жарандар тарабынан өзүнүн жеке кадыр-баркынын урматталышына, өзүнө карата адилет жана сый мамиле жасалышына;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга мыйзамда белгиленген тартипте барууга;
- билим деңгээлин, иш билгилигин, кесиптик даярдык деңгээлин, тажрыйбасын жана кызматтык ишинин натыйжаларын эске алуу менен, кызматынан көтөрүлүүгө;
- кызматтык милдеттерине ылайык чечим кабыл алууга жана аны даярдоого катышууга;
- кызматкердин пикири боюнча өзүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөө үчүн, өз талабы боюнча кызматтык текшерүүдөн өтүүгө;
- мамлекет тарабынан, анын ичинде, өз үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылууга, социалдык жана укуктук коргоого;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга.
18. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга дагы ээ болот.
19. Кызматкер төмөнкүлөргө укуксуз:
- окутуучулук, илимий жана чыгармачыл иштерди кошпогондо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол кылбаган өлчөмдө, башка акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
- жеке ишкерлик кылууга же өзү же үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тикелей же кыйыр түрдө ар кандай пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактардын ишкерлигине көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
- БКМКда үчүнчү бирөөлөрдүн иши боюнча өкүл болууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйлык алууга, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарына жеке карасанатай максатта каражат алууга;
- өзү менен туугандык жакын мамиледе турган адамдардын (ата-энеси, жубайы, бир туугандары, балдары) тикеден-тике баш ийүүсү же контролу менен байланышкан мамлекеттик кызматта болууга;
- иш таштоолорго, митингдерге, пикеттерге катышууга;
- БКМКнын материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын кызматтан тышкаркы максатта пайдаланууга.
20. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызмат орундарынын жана аларга ылайык келген атайын наамдардын тизмеси БКМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
Жогорку башкаруучу курамдын жана аларга ылайык келген атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
21. Кызматкерлерге төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
а) кенже башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук сержанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын старшинасы;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын прапорщиги;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги;
б) орто башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын капитаны;
в) улук башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын майору;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковниги;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги;
г) жогорку башкаруучу курам:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын генерал-майору;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын генерал-лейтенанты.
22. Кызмат токтотулганда колдонуудагы мыйзамга ылайык болгон атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сөз кошулат.
23. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.
24. Баңги заттарды контролдоо кызматынын полковнигин кошкондо башкаруучу курамдын наамдары БКМКнын төрагасы тарабынан ыйгарылат. Жогорку башкаруучу курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
25. Атайын наамдарды ыйгаруу ырааттуулугуна жараша биринчи жолу жана кезектеги деп бөлүнөт.
26. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаранына:
- аскердик же атайын наамы жок жаранга, кенже башкаруучу курамдын кызмат ордуна дайындоодо алгачкы атайын наам - "баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты" ыйгарылат;
- жогорку окуу жайын бүткөн жана аскердик наамы, атайын наамы же атайын класстык чини жок жаранга, офицердик кызмат ордуна дайындоодо алгачкы атайын наам - "баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты" ыйгарылат, бирок кызматка дайындалган күндөн тартып 3 айдан мурда эмес.
Кенже башкаруу курамдын алгачкы атайын наамдары баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алууда кызматка дайындоо менен бир мезгилде ыйгарылат.
Биринчи атайын наамдар орто жана улук башкаруучу курамга кенже лейтенанттан баштап кызматка дайындалган күндөн тартып 3 айдан кийин ыйгарылат.
27. Офицердик курамдын ичинен кызматкерлерге атайын биринчи наам ыйгарылган буйрук жарыяланганда аларга кол койдуруп, жеке номерлери менен жетон тапшырылат.
Офицерлерди Куралдуу Күчтөрдөн, ички иштер, улуттук коопсуздук органдардан же башка укук коргоо мекемелеринен командировкада келүүдө, ошондой эле запастагы офицерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органга ишке алууда же аларды кызматтан бошотууда мурунку кызмат өтөгөн жери ыйгарган жеке номерлер сакталып калат.
28. Офицердик курамдын кызмат орундарына дайындалган кенже башкаруучу курамга кирген кызматкерлерге орто башкаруучу курамдын биринчи атайын наамы кызматка дайындалган күндөн тартып үч айдан кийин берилет.
29. Башкаруучу курамдагы адамдарга кезектеги атайын наамдар ырааты менен аталган наам ээлеген кызматына туура келгенде жана ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо мурунку атайын наамында кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен ыйгарылат.
Ээлеген кызматына туура келген кезектеги атайын наам түздөн түз начальнигинин сунушунун негизинде кызматкерлерге ыйгарылат.
30. Кызматтын кызматкерлери болушкан - окуу жайларынын угуучуларына жана адъюнктарга кезектеги атайын наамдар окуу мезгилинде - алар окууга тапшырганга чейин ээлеген штаттык кызматына ылайык келген учурда ыйгарылат. Билим берүү мекемесин аяктагандан кийин атайын наамдар кызматкер дайындалган кызмат ордуна ылайык ыйгарылат.
31. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга баңги заттарды контролдоо боюнча органдан жана башка күч ведомстволорунан бошотулганга чейин атайын же аскердик наамы болгон жаңыдан кабыл алынып жаткандарга кезектеги атайын наамдар ошол атайын наамдагы жалпы иштегенине жараша ыйгарылат, ошондой эле эгер ээлеген кызматы боюнча чектүү наамдан жаңы наамы ашпаса, алар мурунку кызматта атайын наамдагы мөөнөтүн өтөп бүтсө атайын наам аларга бир баскыч жогору ыйгарылышы мүмкүн.
32. Бөлөк укуктук ведомстводон командировкада келген кызматкерге, кенже, орто же улук башкаруучу курамына кирген кызмат ордуна дайындалгандан кийин атайын наам анын аскердик же атайын наамына ылайык ыйгарылат.
33. Улук же жогорку башкаруучу курамына кирген кызмат ордуна кабыл алынган БКМК кызматкерине баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигинен өйдө эмес улук башкаруучу курамдын атайын наамы ыйгарылышы мүмкүн, эгерде кызматкерде катыш тартибинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улук класстык чини же улук атайын класстык чини болсо.
34. Запастагы офицерлер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына алынганда биринчи жолку атайын наам аларга аскердик наамынан бир баскыч жогору ыйгарылышы мүмкүн, эгерде алар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына кире турган күнүнө карата анык аскердик кызмат өтөө мезгилинде аларга ыйгарылган аскердик наамда же запаста турган учурда ээлеген кызматы боюнча чектүү наамга ылайык эмгек өтөсө.
35. Кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо тартибинде кызматкерге мурдагы наамына өтөгөн белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин (мөөнөтүнөн мурда) башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч жогорку наам БКМКнын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам мөөнөтүнөн мурда штаттык кызмат ордундагы ээлеген наамында каралган наамдын чегинде мурунку наамында иштөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү бүткөн учурда кызматкерге мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч жогору ыйгаруу укук коргоо органдарында жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөө мезгилинде бир гана жолу жүргүзүлөт. Бул эки негиз менен бир эле учурда атайын наамдар берилбейт.
Календарлык эсептөөдө 20 жыл же андан ашык иштеген офицердик курамдын кызматкерине мурунку наамында бир жарым мөөнөт иштесе жана оң мүнөздөмөгө ээ болсо, курагы же оорусу боюнча кызматтан бошотуу менен бир мезгилде ээлеген штаттык кызматына карабастан полковникке чейинки кезектеги атайын наамды БКМК төрагасы ыйгарышы мүмкүн.
36. Кызматкерлерге башкаруучу курамдын атайын наамдарында кызмат өтөөнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты - 1 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын сержанты - 1 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук сержанты - 2 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын старшинасы - 3 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын прапорщиги - 4 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги - белгиленген эмес;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын лейтенанты - 2 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын капитаны - 3 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын майору - 3 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковниги - 4 жыл;
- баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - белгиленген эмес.
Окутуунун ченемдик мөөнөтү 5 жыл жана андан ашык болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн күндүзгү билим берүү мекемесин бүткөн кызматкерлер үчүн баңги заттарды контролдоо кызматынын лейтенанты атайын наамындагы кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылга белгиленет.
Атайын наамда иштөө мөөнөтүнүн башталышы бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн башталат.
Атайын наамда иштөө мөөнөтүнүн бүтүүсү мурунку наамдагы иштөө мөөнөтүнүн бүтүү учурунан эсептелет.
37. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларынын карамагында турган, бала багуу боюнча өргүү учурунда, алынбаган тартиптик жаза чарасы болгон, ошондой эле кылмыш иши козголгон же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткан кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылбайт.
38. Кызматкерди атайын наамдан ажыратуу соттун өкүмү менен гана ишке ашырылат. Атайын наамдан ажыраган кызматкерлер кызматын токтоткондо баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы рангы катарында бошотулушат. Иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгууга укугу барларга пенсия мыйзамда белгиленген шарттарда жана ченемдерде эсептелет. Мында атайын наам боюнча маяна катардагы кызматкердин атайын наамы боюнча эсептелет.
39. Бул Жобого киргизилгенден сырткары кезектеги атайын наамдарды ыйгаруунун башка шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.
40. БКМКны жогорку квалификациялуу адистер менен толуктоо максатында алардын кесиптик жактан даярдоо жүзөгө ашырылат, бул иш өзүнө алгачкы атайын окутууну, кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шартта аракеттенүүгө жарактуулугун мезгили менен текшерип турууну, окуу жайларда адистерди даярдоону, квалификациясын жогорулатууну, стажировканы жана кайра даярдоону камтыйт.
Кесиптик даярдыкты уюштуруу жана анын мазмуну БКМКНын төрагасы тарабынан аныкталат.
41. Баңги заттарды контролдоо органына кызматка улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымдарына карабастан, өзүнүн жеке, ишкердик, адептик сапаттары, ден соолук жана дене тарбия абалдары боюнча БКМКга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылууга жөндөмдүү, аскердик анык мөөнөттүү кызматын өтөгөн же запастагы офицер наамы бар, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн, курагы 21ден жаш эмес Кыргыз Республикасынын жарандары өз ыктыярдуу тартипте кабыл алынат жана:
- 30 жаштан улуу эместер - кенже башкаруучу курамдын кызмат орундарына;
- 35 жаштан улуу эместер - орто жана улук башкаруучу курамдардын кызмат орундарына кабыл алынат.
Мында анык аскер кызматын милдеттүү өтөп келүү жана запастагы офицердик наамдын болушу тууралуу талаптар аялдарга жайылтылбайт. Өзгөчө учурларда жардамчы кызматтарга жана штаттык көмүскө курамы болгон атайын бөлүкчөлөргө альтернативдик аскердик эмес кызматты өтөп келген жарандар алынышы мүмкүн.
Жогорку билими бар кенже башкаруучу курамдын кызмат ордун ээлеген кызматкерлер, ошондой эле кайра кызматка кирип жаткан укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери 35 жаштан кийин офицердик кызматка дайындалышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Ден соолугу боюнча кызмат өтөөгө жарамдуулугу аскердик-врачтык комиссия тарабынан аныкталат.
43. Укук коргоо ведомстволорунун жана күч түзүмдөрүнүн атайын окуу жайларында окуган убакыт, ошондой эле башка мамлекеттердин ошого тең окуу жайларында окуган убакыт мөөнөттүү аскердик кызмат катары эсептелет.
44. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, баңги заттарды контролдоо боюнча органга аскерге чакырылуучулар кабыл алынбайт.
45. БКМКнын орто, улук жана жогорку кызмат ордуна, эреже катарында, жогорку билими жок адамдарды дайындоого жол берилбейт. Өзгөчө учурларда штаттык көмүскө курамы болгон атайын оперативдүү бөлүкчөлөргө кесиптик орто же бүтпөгөн жогорку билими барлар дайындалышы мүмкүн.
БКМКнын кенже башкаруучу курамынын кызмат орундарына жалпы орто же кесиптик орто билими бар жарандар кабыл алынат.
Билим деңгээли боюнча кызматкерлер дайындалуучу кызмат орундарынын тизмеси БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
46. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жарандар конкурстук негизде кызматка алынышы мүмкүн.
Конкурс боюнча бош кызмат орундарына алуу мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Конкурстук негизде жарандар ээлөөчү кызмат орундарынын тизмесин БКМКнын төрагасы бекитет.
47. Кыргыз Республикасынын жарандары баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка кирип жатканда, алар тарабынан берилген маалыматтар текшерилүүгө тийиш.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка киргенде жарандар төмөнкү документтерди тапшырат:
- арызын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- эмгек китепчесин, эмгек иши жөнүндө башка документтерин;
- тийиштүү билимин ырастаган документтерин;
- аскердик белетин, аскердик же атайын каттоо документтерин;
- БКМКнын төрагасы бекиткен тизме боюнча, талапкердин баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат кылууга жарактуулугун иликтөөгө мүмкүндүк берүүчү башка документтерин.
48. БКМКнын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, анын штаттык тизмесинде укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу жарандык кызматкерлердин тийешелүү кызмат орундары каралат.
49. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алуу БКМКнын төрагасынын буйругу менен жол-жоболоштурулат.
50. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынышы мүмкүн эмес, эгерде ал:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылса, же ага мамлекеттик кызматкер катары иштөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар болсо же кылмыш жоопкерчилигине тартылса, бирок кийин тергөө органдары же сот тарабынан ага карата кылмыш иши актабачу жагдай боюнча токтотулса;
- кызмат милдеттеринде аныкталган жашыруун маалыматтарды жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алууга белгиленген тартипте жол берилбесе;
- эгерде жакын туугандары атайлап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон болсо;
- ушул Жобонун 38-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- ден соолугунун абалы баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынуучу жарандар үчүн белгилеген талаптарга ылайык келбесе;
- башка мамлекеттин жараны болсо;
- полиграфты колдонуу менен ишенимдүүлүгүн текшертүүдөн баш тартса;
- аскердик-врачтык комиссиянын медициналык корутундусу менен кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол боло турган оорусу болсо.
51. Мурун баңги заттарды контролдоо органынан же башка министрликтен жана ведомстволордон терс себептер менен бошотулган кызматкерлерди БКМКга кызматка алуу маселесин кароо БКМКнын конкурстук-аттестациялоо комиссиясына жүктөлөт.
52. Өз ара жакын тууган болушкан же жакындыгы болгон кызматкерлерге (ата-эне, жубайлар, бир туугандар, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын бир туугандары, ата-энеси жана балдары), эгер алардын кызматы бири-бирине тикеден-тике баш ийүү же бири-бирин контролдоо менен байланышса, БКМК бир эле түзүмдүк бөлүгүндө кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
53. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга ишке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны менен БКМКнын ортосунда БКМКнын төрагасы аркылуу эмгек келишимин түзүүдө жаран өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарууга, ички эмгек тартибин жана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми БКМК: акы үлүштөрдүн, укуктардын, жеңилдиктердин бардык түрлөрү менен аны камсыз кылууга жана мыйзамдарда, ушул Жободо жана эмгек келишиминде каралган кызмат өтөө үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттенет.
Эмгек келишиминде тараптар өздөрүнүн кабыл алган милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу келип чыга турган юридикалык натыйжалар каралат.
Келишим жазуу жүзүндө гана түзүлөт, анын шарттары кызматкердин мыйзамда каралган кызматтык жана социалдык абалын начарлатышы мүмкүн эмес.
Эмгек келишими тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда БКМКнын кызматкери ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызматтык маянасын төлөп берүү менен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө эмгек келишиминде каралбаган милдеттерди аткаруу үчүн ишке тартылышы мүмкүн.
Эмгек келишиминин формасы жана шарттары БКМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
54. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга мамлекеттик кызматка жаранды биринчи жолу кабыл алууда же иштеп жаткан кызматкерди жогору турган же башка кызматка которууда БКМКнын төрагасы 3 айга чейин сыноо мөөнөтү менен, ошондой эле белгиленген жумушту аткаруу үчүн 6 айга чейинки мөөнөткө кызматка дайындоого укуктуу, мында ага ээлеген кызматына жараша акы төлөнөт.
Сыноо мөөнөтүнүн учурунда жаран атайын наам ыйгарылбастан тийиштүү кызматка дайындалат.
Сыноо мөөнөтүнүн узактыгы кызматка дайындоо жөнүндө буйрукта көрсөтүлөт.
Сыноо мөөнөтүнүн мезгилинде кызматка дайындалган жаран ээлеген кызматына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
Убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон мезгилдер жана жаран жүйөлүү себептер боюнча кызматта болбогон башка мезгилдер алдын ала сыноо мезгилине эсептелбейт.
Эгерде сыноо мезгили бүткөндөн кийин натыйжалар канааттандырарлык эмес деп таанылса, кызматкер башка төмөнкү кызмат ордуна дайындалат, же болбосо белгиленген тартипте бошотулат.
Эгерде сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин БКМК төрагасы бошотуу тууралуу чечим кабыл албаса, кызматкер сыноодон өткөн жана туруктуу негизде дайындалган болуп эсептелет. Аны кызматтан кийинки бошотуулар ушул Жободо каралган негиздердин бири боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун аракети жайылтылат.
55. БКМКга кызмат өтөөгө жаңы кирген жана тийиштүү кызмат орунга дайындалган кызматкерге атайын наам ыйгарылуу менен тажрыйбалуу кызматкерлердин ичинен насаатчы бекитилет.
56. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кызматтардын сапаттуу комплектенишин камсыз кылуу бардык баскычтагы жетекчилердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
57. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматкерлерди кызматка дайындоо жана аларды бул кызматтардан бошотуу, БКМКнын төрагасынын буйруктары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
58. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга конкурс боюнча кызматка дайындоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүү алган учурда аларды атайын наам ыйгарбастан, кызматкерлер жана кызматчылар же эркин жалдануучу курамдагылардын катарындагы адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет.
59. Аттестацияланган кызматкердин курагы боюнча чектелген мөөнөтү жетсе аны ошол же башка кызматта эркин жалдануучу кызматкер катары пайдаланууга жол берилет.
60. Кызматкерлерди кызмат боюнча которуштуруу өздүк курам боюнча буйрук менен жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматтарга:
- кызмат боюнча көтөрүү тартибинде (түздөн-түз же жогору турган начальниктин сунуштамасынын негизинде);
- кадрдын резервиндеги кызматкерлерден кызмат боюнча көтөрүү тартибинде.
Кадрдын резервин кызмат боюнча көтөрүүгө тандоо, түзүү жана бекитүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
Бул учурда эгер ал үчүн мурунку кызмат оруну боюнча атайын наамына караганда кыйла жогорку атайын наам каралса, ал эми кызматы боюнча каралган атайын наамдары бирдей болсо - ээлеген кызматы боюнча кыйла жогорку кызматтык маяна болсо кызмат оруну жогору деп эсептелет;
б) бирдей маанидеги кызматтарга:
- уюштуруу-штаттык иш чараларды жүргүзүүгө байланыштуу (макулдашуу барагынын же түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын негизинде);
- иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча кыйла максатка ылайык пайдалануу үчүн (түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын, макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде);
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда кызматкердин макулдугу менен (макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде).
Бул учурда эгер кызмат орун үчүн каралган атайын наам мурунку кызмат ордундагы атайын наамга тең болсо жана ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык маянасына барабар болсо кызмат оруну тең болуп эсептелет;
в) төмөн турган кызматтарга:
- кайра түзүүдө же штаттын санын кыскартууда - тең кызмат орунга которууга мүмкүнчүлүк жок болсо, кызматкерге билдирүү менен (рапорттун, сунуштун же макулдашуунун негизинде);
- ден соолугуна байланыштуу, аскердик-врачтык комиссиянын токтомуна ылайык;
- жеке өтүнүчү боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде);
- аттестациялык тартипте кызматына ылайык келбестиги боюнча (аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде);
- Тартиптик уставга ылайык тартип жазасын колдонуу иретинде (кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде).
Эгерде ал үчүн штатта мурунку кызматындагы атайын наамга караганда кыйла төмөнкү атайын наам каралса, ал эми штатта каралган атайын наамдар бирдей болгондо - ээлеген кызматы боюнча кыйла төмөн кызматтык маяна каралса кызмат орун төмөнкү деп эсептелет;
г) окуу жайга же башка мамлекеттин бирдей маанидеги окуу жайларына окууга өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу менен, ошондой эле окууну бүткөндөн кийин кызматка дайындоодо (түздөн-түз начальнигинин сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде).
61. Кызматын андан ары өтөө үчүн башка жерге жиберилген кызматкер жаңы кызмат өтөөчү жерине кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгон учурларды кошпогондо, кызматы боюнча которулганы жөнүндө буйрук чыккан же жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн тартып ишин жана кызматын тапшыргандан кийин 2 жумадан кечикпестен келүүгө милдеттүү.
Кызмат орунду жана ишти тапшырып берүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан белгиленет.
62. Куралдуу Күчтөргө, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик аскерлештирилген жана укук коргоо ведомстволоруна андан ары кызмат өтөө үчүн кызматкерлерди которуу БКМКнын төрагасынын менен командировкага жиберүү, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрларынан чыгаруу жөнүндө буйругу менен жүзөгө ашырылат.
63. Кызматкерге узактыгы 3 айдан ашпаган мөөнөткө бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
Убактылуу милдетти аткарууну жүктөө БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
Бош кызмат орду боюнча убактылуу милдет аткарууну жүктөө ошол кызматта иштеген адам, ошондой эле анын штаттуу орун басарлары өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карабастан баңги заттарды контролдоо боюнча органдан дарыланууга, өргүүгө, кызматтык иш сапарга, окууга ж.б. кеткен учурда гана жүргүзүлөт.
64. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын карамагына кызматкерлер төмөнкү убактарда өтөт:
- жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штаттык санынын кыскарышына байланышкан уюштуруу-штаттык иш чаралар жүргүзүлгөн учурларда;
- коллегиянын же оперативдик кеңешменин чечимдерине ылайык же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Тартиптик уставына ылайык кызматынан бошотулгандар;
- мурдагы ээлеген кызматына кызматкер калыбына келтирилгенине байланышуу, эгер аны башка кызматка дайындоого мүмкүн болбосо;
- башка аскердик түзүлүштөрдөн, укук коргоо ведомстволорунан которулуп келгенде;
- мамлекеттик бийлик органдарына жана эл аралык уюмдарга командировкага жиберүү мөөнөтү аяктаганда;
- өзгөчө учурларда кызматкерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдын карамагына алууга анын жеке жүйөөлөрү боюнча берген рапортунун негизинде уруксат берилет.
65. Ээлеген кызматынан бошотуу баңги заттарды контролдоо боюнча органында кызмат кылууну токтотуу деп эсептелинбейт.
66. Карамакта болуунун мөөнөтү 4 (төрт) айды түзөт, БКМКнын төрагасы ушул мөөнөттү узартууга укуктуу, бирок 4 айдан ашык эмес.
БКМКнын карамагында турган кызматкерлер жетекчиликтен кандайдыр-бир кызматтык милдеттерди аткаруу боюнча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн күнүгө кызмат ордуна келип турууга милдетүү.
Карамактагы кызматкерлерге акчалай төлөмдөр алардын баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрлар кызматына келип турууларынын негизинде табел боюнча төлөнөт:
- алгачкы эки ай үчүн - акыркы иштеген кызматы боюнча маянасынын жана иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчасы менен атайын наамы боюнча маянасынын өлчөмүндө, БКМКнын карамагында болгон ар бир ай үчүн;
- соңку эки ай үчүн - атайын наамы боюнча маянасынын өлчөмүндө жана атайын наамы боюнча маянасына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчасы менен, БКМКнын карамагында болгон ар бир ай үчүн.
Кызматкер кадрлардын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жараксыз болгон мезгили, кезектеги жана башка өргүүлөрдө болгон мезгили, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу камакта болгон мезгили эсептелбейт, кылмыш иши кыскартылган же актоо өкүмү чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейинкиси кошулуп эсептелет.
Кадрлардын карамагында болгон 4 айлык мөөнөт өткөндөн кийин, ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, штаттык кызматка дайындалбаган кызматкерлер бошотулат.
Кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен жазуу жүзүндө тааныштырууда кызматкер бир эле мезгилде кадрлардын карамагында болуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулушу мүмкүн экендиги жөнүндө кабардар кылынат.
67. Кызматкер төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык токтом чыгарылган учурда - иш боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүдө - териштирүү жүргүзүүнүн бүткүл мезгилине, анын ичинде алардын кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербей, кызматтык тартипти одоно бузган, ишке алкоголдук, баңги заттык мас абалында келген учурда.
Ээлеген кызматынан четтетүүдө кызматкер кадр карамагына өтпөйт, ал өзүнүн штаттык кызмат орунда эсептелет.
68. Кызматтык аттестациялоо кызматкердин өзү иштеген кызматка ылайык келүүсүн жана кызматтык жактан өсүү келечегин аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоо кызматкердин кесиптик билимин жана иш ыкмаларын билүүнүн формасы болуп саналат жана аны кесиптик жактан өсүшүнө дем берет, баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы анын ишинин натыйжалуулугун аныктайт.
Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишмердик, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, эрудициясы жана маданий деңгээли ар тараптан каралат. Ээлеген кызматына ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы, кызматтан жогорулатуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Кызматкерлер үч жылда 1 жолудан ашырбай аттестацияланат.
69. Төмөнкү кызматкерлер кезектеги аттестациядан өтүшпөйт (эгер өзү аттестациядан өтүүгө каалоосун билдирбесе):
- иштегенине бир жыл толбогондор;
- кош бойлуу аялдар;
- кош бойлуулугу боюнча жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүдөгүлөр, бала баккандыгы үчүн өргүүдөгүлөр.
Кызматкерлердин көрсөтүлгөн категорияларын кезектеги аттестациядан өткөрүү алар социалдык өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте жүргүзүлбөйт.
Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
70. Өргүүдө, иш сапарында жүрүшкөн кызматкерлер, ошондой эле убактылуу ишке жөндөмсүздүгү боюнча бошотулгандар кызматка чыккандан кийин бир айдан кийин аттестациядан өтөт.
71. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат кылуу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн жарандар аттестациялоодон калган кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте өтүшөт.
72. Кызматкерлерди аттестацияга даярдоо жана аны өткөрүү, аттестациянын тыянактарын жана сунуштарын ишке ашыруу, ошондой эле аттестация тартибинин бузулушуна жана калыс эместигине даттанууну кароо тартибин БКМК төрагасы аныктайт.
73. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган кызматкерлери баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен ыйгарым укуктарынын убактысына жараша иштөөгө жиберилишет.
Иштөөгө жиберүү БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
74. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иштөөгө жиберилген кызматкерлери акчалай маяна (эмгек акы) менен алар кызмат өтөөгө жиберилген мамлекеттик органдар тарабынан, ал мамлекеттик органдарда белгиленген нормалар жана эрежелер боюнча камсыздалышат. Эгер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төлөчү эмгек акы иштөөгө жибергенге чейинки алып жүргөн акчалай маянадан аз болсо, айырмасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төлөп берет (иштөөгө жибергенден кийинки жогорулатууну эске алуу менен).
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, же Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлеринин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү жана баңги заттарды контролдоо боюнча органда каралган башка акчалай төлөмдөрү сакталат. Андай төлөмдөрдү кызматкерди жиберген баңги заттарды контролдоо боюнча орган төлөйт.
75. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга ылайык кызматкерлер өздөрүнүн макулдугу боюнча, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен эл аралык уюмдарга иштөөгө жиберилиши мүмкүн.
76. Иштөөгө жиберилген кызматкерлер кызматты ушул Жободо белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөшөт.
Иштөөгө барган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн тийиштүү органдардын жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилери контролдошот.
77. Аталган органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын карамагына келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланганга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна ишке орноштурулууга тийиш.
78. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга жиберилген офицердик курамдагы кызматкерлердин кезектеги атайын наамдары "Мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланганга же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга иштөөгө жиберилгенге чейин ыйгарылган, баңги заттарды контролдоо боюнча кызматтын полковнигине чейинки офицердик курамдагы кезектеги наам ошол наамда кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндөн кийин, акыркы штаттык кызмат ордуна ылайык келсе, жиберүүдөн кийин ал штаттагы наамынын өзгөрүүсүн эске албастан ыйгарылат.
79. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына же эл аралык уюмга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен жиберилген жетекчи курамдагы адамдар аттестацияланбайт.
80. Иш сапарына жөнөтүлгөн баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгиленген укуктары жана жеңилдиктери сакталат.
81. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кенже, орто жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарын кызматкерлерине аскерлик наам, атайын класстык жана атайын наам берилчү бөлөк министрликтерге жана ведомстволорго которуу жекече тартипте жана офицердик курамдагы адамдын каалоосун эске алуу менен, тийиштүү ведомствого макулдашуу боюнча, БКМКнын төрагасынын буйругу менен таризделет.
82. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын штаттык кызматында турган бардык кызматкерлерге өздүк көктөмө ачылат.
Өздүк көктөмө кызматкердин кызматтык, эмгектик жана коомдук ишмердигин мүнөздөгөн материалдарды, биографиялык маалыматтарды жана ал тууралуу башка маалыматтарды камтыган негизги документ болот.
Өздүк көктөмөдөгү материалдар кызматкерди кызматтык пайдаланууда, атайын наамды ыйгарууда, сыйлоодо маселелерди чечүү, ошондой эле проценттик кошумча кошуу жана пенсия чектөө үчүн стажын эсептөө үчүн керектелет.
Өздүк көктөмөнү жүргүзүүнүн формасы жана тартибин, ага киргизилчү маалыматтардын жана документтердин тизмесин, ошондой эле аларды алуунун тартибин жана кызмат өтөөдө өздүк көктөмөгө жазылчу башка маселелерди БКМК төрагасы аныктайт.
83. Жарандарды баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка алууда атайын текшерүү жүргүзүлөт. Атайын текшерүүнүн материалдары өздүк көктөмөдө сакталат. Жарандарды баңги заттарды контролдоо боюнча органга тандоо тартибин жана ошондой эле атайын текшерүү жүргүзүүнүн тартибин БКМКнын төрагасы аныктайт.
Өздүк көктөмө жашырын документтердин категориясына кирет.
84. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчи курамына кызматка дайындалган аскерге милдеттүүлөр аскердик кызматка чакырылышпайт, аскердик каттоодон белгилеген тартипте чыгарылат жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрлар кызматында атайын каттоого алынат.
85. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ички эмгек тартиби мыйзамдарга ылайык жана БКМК төрагасы аныктаган тартипте белгиленет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ички эмгек тартибинин типтүү эрежелери, иш убактысынын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иштөө графиги БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын аймактык түзүмдүк бөлүгүнүн ички эмгек тартибинин эрежеси бул органдын иш өзгөчөлүктөрүнө жараша анын начальниги тарабынан бекитилет.
86. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жумуш убактысынын узактыгы колдонулат.
Зарыл учурларда кызматкерлер кызматтык милдеттерин белгиленген убактысынан ашык аткарууга, ошондой эле түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштеши мүмкүн. Мындайда бир айдын ичинде аларга кошумча эс алуу күндөрү берилет.
Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн нормага салынбаган иш күнү белгилениши мүмкүн.
Кызматкерлердин зыяндуу шарттарда, мөөнөтүнөн ашык жана түнкүсүн иштөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
Кызматкер убактылуу жок кызматкер үчүн кошумча милдет аткаргандыгы үчүн БКМК төрагасы аныктаган тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсацияга укуктуу.
87. Кызматкерлер үчүн өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- жыл сайынкы эмгектик өргүү;
- жыл сайынкы кошумча өргүү;
- үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кыска мөөнөттүк өргүү;
- окууга байланыштуу өргүү;
- ооруга байланыштуу өргүү;
- бала багуу боюнча өргүү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка өргүүлөр.
Өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туура келген иш эмес майрам күндөр өргүүнүн календарлык күндөрүнүн ичине кирбейт жана ага акы төлөнбөйт.
88. Жыл сайынкы эмгектик (акы төлөнүүчү негизги) өргүү кызматкерлерге иштеген жылдарына жараша саламаттыгын чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен берилет.
Календарлык эсеп менен иштеген жылдарына жараша төмөнкүчө берилет:
- 10 жылдан аз - 30 календарлык күнгө;
- 10 жылдан 15 жылга чейин - 35 календарлык күнгө;
- 15 жылдан 20 жылга чейин - 40 календарлык күнгө;
- 20 жыл жана андан ашык - 45 календардык күнгө.
Кызматкердин каалоосу боюнча эмгектик өргүүсү экиге бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календарлык күндөн кем болбоого тийиш.
Узактыгы 45 сутка болгон эмгектик өргүү кызматын бийик тоолуу жерлерде (1500 метр жана андан ашкан бийиктикте) өтөп жаткан кызматкерлерге иштеген жылдарына карабастан берилет.
Кызматкерлердин кызмат өтөшү жеңилдик шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жыл катары эсептелүүчү жана узактыгы 45 сутканы түзгөн кезектеги өргүүгө чыгууга укук берген ыңгайсыз климаттык шарттагы жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кызмат өтөө шарттары өзгөчө татаал болгондугуна же өзгөчө кырдаалдарда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узартылган эс алууга муктаж болгон кызматкерлерге жыл сайын узактыгы 45 суткага чейин акы төлөнүүчү өргүү айрым бир учурларда БКМК төрагасынын чечими боюнча берилиши мүмкүн. Өзгөчө татаал шарттарга: республиканын алыскы жана бийик тоолуу жерлеринде турак жайлык-тиричиликтик минимум шарттарды түзбөстөн операциялык-иликтөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле иштин кызыкчылыгы үчүн дем алыш күндөрдө жана түнкү мезгилде иштөө кирет.
БКМК жарандык курамдагы мамлекеттик кызматчыларына жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү өргүү мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык берилет.
Кызматкерди эмгектик өргүүдөн чакыртып алуу БКМК төрагасынын буйругу менен таризделет.
Кызматкердин каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жыл үчүн кезектеги өргүүсүнө кошуп берилиши мүмкүн.
Жашына, оорусуна, ден соолугунун чектелген абалына же штаттын кыскарышына байланыштуу баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошоп жаткан кызматкерлерге алардын каалоосу боюнча иштен бошоп жаткан жылы кезектеги өргүү берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошоп калган кызматкерлерге иштен бошогон жылы пайдаланбай калган иш өргүүсү үчүн ошол жылы иштеген мезгилине жараша акчалай компенсация төлөнөт.
Ар жылдык эмгектик өргүү буйруктар менен да, өргүү күбөлүктөрү менен да, ал эми өргүүнүн башка түрлөрү буйруктар менен гана таризделет.
Эмгектик өргүүгө чыгып жаткан кызматкерлерге баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадр кызматы белгиленген формадагы өргүү кубөлүктөрүн бериши мүмкүн. БКМК төрагасынын же мындай укук берилген начальниктин уруксаты берилген кызматкердин рапорту өргүү берүү жана өргүү күбөлүгүн тапшыруу үчүн негиз болот.
Өргүүнүн эсеби акчалай аттестаттарда жана өргүү күбөлүктөрүнүн дүмүрчөктөрү боюнча жүргүзүлөт, аларга өргүү берүү жөнүндө же кызматкерлердин жаңы кызмат ордуна кеткендиги же баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Кызматкерлерге алардын каалоосу боюнча эмгектик өргүүсүн өткөрүүчү жерге барып-келиши үчүн убакыт берилиши мүмкүн.
Өтүп жаткан жылда кызматтык зарылдыкка байланыштуу иш өргүүсү пайдаланылбаса, анда өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
Кызматтын биринчи календарлык жылында кызматкерлерге иш өргүүсүн берген учурда наам ыйгарылган же баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадрына алган күнүнө карабастан алар кызматка дайындалган күндөн тартып өткөн убакыт эске алынат.
Биринчи иш жылы үчүн иш өргүүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген учурларды кошпогондо, 11 айдан эрте берилбейт.
Өргүү учурунда ооруп калгандыгына байланыштуу кызматкердин иш өргүүсүн узартуу бул кызматкерлер кызмат ордуна келип жана убактылуу эмгекке жараксыздыгы жөнүндө дарылоо мекемесинин документин тапшыргандан кийин ага өргүү берген башчы тарабынан жүргүзүлөт. Мында бул адамдардын иш өргүүсүндө болгон убактысы үзгүлтүккө учурабоого тийиш.
Иш өргүүдөгү учурда ооруп калган кызматкер өргүү берилген мөөнөт бүткөнгө чейин тийиштүү начальнигине (телеграф, телефон ж.б. аркылуу) билдирүүгө милдеттүү.
Штаттык кызматта турбаган, БКМК кадрынын карамагында турган жана иш өргүүсү пайдаланылбаган кызматкерлерге бул өргүү кызматтан бошогондон (карамакка алынгандан) кийин дароо берилүүгө тийиш.
Мында кадрдын карамагында болуунун чектүү мөөнөтү өргүүнүн узактыгына жараша узартылат.
Иш өргүүдөн кайтып келгенде кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кадр кызматына өргүү күбөлүгүн (өргүүсүн өткөргөн жерге келген жана кеткен күндөрү жөнүндө белги коюлган) тапшырат.
89. Кошумча өргүү эмгек шарттары зыяндуу, коркунучтуу, иши өзгөчө мүнөздө болгон, жумуш күнү нормага салынбаган кызматта иштеген кызматкерлерге берилет.
Кошумча өргүүнүн узактыгы календарлык күндөр менен эсептелет жана Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабына аныкталат.
Кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн кошумча өргүү аткарган кызматы нервге, эмоцияга, акылга жана дене бойго өтө күч келтирүү менен байланышкан кызматкерлердин кесиптик иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн берилет.
Кошумча өргүү бийик тоолуу шартта (деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийик), ошондой эле климаттык шарттары ыңгайсыз жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлерге иштеген жылына карабастан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилчү Тизмеге ылайык берилет.
90. Бала багуу боюнча өргүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекстин 137-беренесине ылайык берилет.
Кызматкер бала багуу үчүн өргүүдө болгон учурунда иштеген жериндеги кызмат оруну сакталат. Бала багуу боюнча өргүү иш стажга киргизилет.
91. Окууга байланыштуу өргүү кызматтан же иштен ажыратпастан билим алуу үчүн берилет. Мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарга окууга жиберилген жана ал уюмдарда ийгиликтүү окуган кызматкерлерге БКМКнын жетекчилиги окуунун формасына карабастан эмгек акысын сактоо менен кошумча өргүү берет.
Окутуунун башка түрлөрү боюнча окууга байланыштуу өргүү берүүнүн гарантиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
92. Үй-бүлөлүк жагдайга жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кыска мөөнөттүү өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен жетекчинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Кызмат акысын сактабастан өргүү берүүнүн негиздери жана узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
93. Оорусу боюнча өргүү кызматкерлерге медициналык корутундунун негизинде берилет. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзү менен аныкталат. Дарыланууда болуунун кыйла узак мөөнөтү мыйзамда каралгандан башка учурларда оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда болуу убактысы төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз болуунун белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин кызматкерлер алардын кызматка андан аркы жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш.
Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жарадар, контузия болгонуна же мертингенине байланыштуу дарыланууда болуу убактысына чек коюлбайт. Андай кызматкерлер медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө дарыланып бүткөндөн кийин же оорусунун жыйынтыгы кандай экени белгилүү болгондон кийин жиберилишет.
Кызматкерлердин оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү Эмгекке жарамсыздык барактарын берүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык эмгекке жарамсыздык барагы менен күбөлөндүрүлөт.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүнүн эсебине кирбейт.
Кызматкерлер кызматтан бошотулган учурда оорусу боюнча өргүү берилбейт.
94. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө кызматкерлердин форма кийүүсүн карайт. Форма кийимдин үлгүлөрүн жана атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилерин, кызматкерлерди мүлктүк үлүш менен жабдуунун нормаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми форма кийүүнүн тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан белгиленет.
95. Кызматкердин өмүрү жана ден соолугу Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.
96. Кызматкерлерге жана пенсионерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик кызматчылар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана пенсионерлери үчүн белгиленген бардык жеңилдиктер жана артыкчылыктар колдонулат.
Жашына, иштеген жылдарына же оорусуна байланыштуу кызматтан бошогон кызматкерлеринде БКМКнын өздүк курамы үчүн каралган жеңилдиктерден пайдалануу укугу сакталат.
Кызматкерлер Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген нормалар боюнча азык-түлүк паегу же анын акчалай наркы менен камсыз кылынат.
Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлерге, кызматтан бошогондорго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилей алышат.
Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү БКМКнын каражаттарынын эсебинен (бюджеттик каражаттын чегинде) кызматкер башка жерге кызматка которулганда темир жол, аба жана автомобиль транспорту менен барууга жана жеке мүлкүн ташууга байланышкан чыгымдарды компенсациялоого укуктуу.
Иштеген жылдарына байланыштуу пенсияга укуктуу болгон жана иштөөнү улантып жаткан кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча акы төлөнөт.
97. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акысыз медициналык жана жеңилдетилген санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
98. Кызматкерлер (жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү), жашы, саламаттыгы, штаттын кыскаруусу боюнча кызматтан бошоп калган жана 20 календардык жылдан кем иштебеген адамдар, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу дүйнөдөн кайткан же курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланат.
99. Баңги заттарды контролдоо боюнча органында кызматты токтотууга негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- баңги заттарды контролдоо боюнча органынан бошонуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, укук коргоо министрликтерине жана ведомстволорго командировкага жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табуу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолсо.
100. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого так ылайык жүргүзүлөт.
Кызматкерлер төмөнкү негиздер боюнча кызматтан бошотулушу мүмкүн:
а) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык өз каалоосу боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык, БКМКнын жетекчилигинин демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:
а) уюм жоюлганда;
б) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде кайра уюштурууга байланыштуу кыскартылганда;
в) аттестациялоонун натыйжалары, оперативдүү-кызматтык ишинин төмөнкү натыйжалары жөнүндөгү маалыматтар жана башка маалыматтар менен ырасталган жетишсиз квалификациясы жана кызматтык жактан ылайык келбестиги;
г) ооруга же ден соолугунун абалынын чектелгендигине байланыштуу кызматка жарактуулугунун чектелгендиги жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде, ээлеген кызматына ылайык кызматтык милдеттерин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн болбогондо жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал кызматтык милдеттерди аткара ала турган кызмат орунуна которуу мүмкүнчүлүгү жоктугу;
д) кызматтык тартипти одоно жана дайыма бузгандыгы үчүн (кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбай коюшу, эгерде анын тартиптик жазасы болсо, кызматтык тартипти бузушу);
е) кызматкердин эмгектик милдеттерин төмөнкүчө одоно бузуусу:
- ишке чыкпай коюу (иш күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумушка чыкпай калышы);
- кызматка алкоголдон же баңги заттан мас абалында келүү (медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же актынын негизинде);
- жумуш ордунда БКМКнын мүлкүн атайлап бузуу же уурдап кетүү;
- кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган мамлекеттик, кызматтык же башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды жарыя кылуу;
- БКМКнын кызматкери кызматка кирип жатканда алдын ала жалган документтерди жана маалыматтарды берүү;
- кызматкердин ушул Жободо белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбай коюусу;
- кызматкердин күжүрмөн куралын жоготушу (буга кармашуу жана кылмыштуу кол салуу учурунда жоготуп алгандар кирбейт);
- кызматкерлер үчүн ушул Жободо жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр сакталбаганда;
ж) ушул Жободо белгиленген чектүү куракка жеткенде;
з) пенсияга укук берген кызмат өтөө мөөнөтүндө иштегенде;
и) сынак мөөнөтүнүн жана эмгек келишиминде каралган мөөнөттүн аякташына байланыштуу;
к) эмгек келишиминин шарттары бузулгандыгына байланыштуу;
л) кызматкердин жеке, адептик сапаттарына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген жосунга жол берилгенде;
м) БКМКнын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганда;
н) башка министрликтерге жана ведомстволорго ишке өткөндүгүнө байланыштуу;
о) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна же башка мамлекеттин жарандыгы болгонуна байланыштуу;
п) кызматтык милдеттер менен шартталган жашыруун маалыматтарга жана мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга уруксаттын токтотулушуна байланыштуу.
101. Аттестацияланган курамдагы адамдарды баңги заттарды контролдоо органдын кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
а) запаска (аскердик каттоого алуу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жете элек болсо;
б) отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапкан болсо, аскердик каттоодон чыгаруу менен.
102. Баңги заттарды контролдоо кызматынын атайын наамы бар кызматкерлерине, пенсияга чыгуу укугу менен иштен бошотулганда форма кийим кийип жүрүүгө уруксат берилет.
103. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер баңги заттарды контролдоо боюнча органда төмөнкү жашка чыкканча кызматта тура алышат жана отставкага чыгарылууга тийиш:
- эркектер - 50 жашка;
- аялдар - 45 жашка.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер төмөнкү жашка чыкканда өздөрүнүн каалоосу боюнча запаска бошотулушу мүмкүн:
- эркектер - 45 жашка;
- аялдар - 40 жашка.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамы бар кызматкерлер өздөрүнө ыйгарылган атайын наамдарга жараша төмөндөгү чектүү куракка жеткенге чейин баңги заттарды контролдоо органында кызматта тура алышат:
а) баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенантынан баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигине чейин - 50 жашка чейин;
б) баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - 55 жашка чейин;
в) генерал-майорлор жана андан жогору - 60 жашка чейин.
104. Кызматтын кызыкчылыгында оң мүнөздөмө бар болсо жана медициналык каршы көрсөтүүлөр жок болсо, БКМКнын төрагасы 50 жашка чыккан, атайын наамдары бар, орто, жана улук башкаруучу курамга кирген кызматкерлердин жана баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигине чейинки кызмат мөөнөтүн узартуу менен белгиленген чектүү курактан ашык бир жылга алардын макулдугу менен жеке тартипте калтыра алат.
105. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызматтарында турган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин бошотуу БКМКнын төрагасынын буйругу менен, БКМКнын жетекчи кызматкерлерин бошотуу - Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматкерлер алдыдагы бошотуулар жөнүндө, терс жана ушул Жобонун 101-пунктунда каралган жүйөлөр боюнча бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо эки айдан мурунтан кечиктирилбестен билдирилет. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкерлер эки (14 календардык күндүн) жумалык мөөнөттүн ичинде тикелей начальнигине кабыл алган чечими жөнүндө билдирет, бул жөнүндө билдирме берет.
Дүйнөдөн кайткан, курман болгон, дайынсыз жок деп табылган кызматкерлер баңгизатка контролдук органынын өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Дүйнөдөн кайткандар ошол күндөн кийинки күндөн тартып (дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде), белгисиз жок болгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып.
Кызматкерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдан кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар, аларды алуу үчүн кызматкерлердин кадрдык кызматка келүүдөн баш тарткан учурларын кошпогондо, ошол буйруктардын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен, кол койдурулуп аларга жарыяланат.
Кызматтык милдетин аткарууга тоскоол болгон ден соолугуна же квалификациясынын жетишсиздигинен кызматкер ээлеген кызматына же аткарган ишине ылайык келбегендигине байланыштуу иштен бошотулганда кызматкердин колу койдурулуп кеминде 2 жума мурда эскертилет. Алдын ала эскертүү мезгили ичинде кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткара берет.
Кызматкер убактылуу эмгекке жараксыз болгон учурда жана өргүүдө болгон учурда кызматкерди иштен бошотууга жол берилбейт.
Кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскердик каттоого коюу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт.
106. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекет тарабынан кепилденген пенсиялык камсыздоого укуктуу.
Кызматкерлерге пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мында Куралдуу Күчтөрдөгү мөөнөттүү кызматы, кызматка киргенге чейинки бир жыл окуусун 6 ай кызматка теңөө менен эсептегенде беш жылга чейинки чекте жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө (күндүзгү жана кечки окуу) окуган учуру кызматкерлерге иштеген жылдарын эсептөөдө кошулуп эсептелет.
Иштеген жылдары үчүн пенсия төмөндөгү өлчөмдө дайындалат: 20 жыл жана андан ашык көп жыл иштегендиги үчүн - 55 пайыз, ал эми жашы же ооруусу боюнча отставкага чыккандар - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 60 пайызы; 20 жылдан ашкан ар бир жыл үчүн - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 3 пайызы, бирок бардыгы болуп бул сумманын 80 пайызынан ашпайт.
Жалпы камсыздандыруу стажысы бар кызматкерлерге: эркектер - 25 жыл, аялдар - 20 календарлык жыл жана андан ашык болсо, анын ичинен 12 жыл жана 6 айдан кем эмес (эркектер) жана 10 жыл (аялдар) аскердик кызмат же укук коргоо ведомстволорундагы кызматы түзсө, атайын наам ыйгаруудан тартып: эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 пайыз жана ушул жылдардан ашкан стаждын ар бир жылы үчүн - акчалай үлүштүн тийиштүү суммасынын 1 пайызына кошулуп пенсия дайындалат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаңы кирген мурунку укуктук жана күч органдардын кызматкерлерине пенсия төлөмдөрү кадрга кийирүү күнүнөн баштап токтолот.
107. Кызматта болуунун чектүү курагына жетип калгандыктан, оорудан, штат кыскартуудан, ден соолугунун абалынын чектелгендигинен улам баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошогон кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө иштен чыгуу жөлөкпулу (узак кызмат кылганда) төмөнкүчө төлөнөт:
10дон 15 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 10 айлык маянасы;
15тен 20 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 12 айлык маянасы;
20дан 25 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 15 айлык маянасы;
25тен 30 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 18 айлык маянасы;
30 жана андан ашык календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 20 айлык маянасы.
Башка негиздер боюнча бошотулган офицерлерге: акчалай үлүшүнүн эки айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт.
Кызматкердин наамын булгаган жосундары үчүн же кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган кызматкерлерге ушул пунктта каралган иштен чыгуу жөлөкпулу төлөнбөйт.
Кызматкерлердин баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта болгон убактысы алардын жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, ошондой эле мамлекеттик кызмат жа
Кызматкерлер Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген нормалар боюнча азык-түлүк паегу же анын акчалай наркы менен камсыз кылынат.
Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлерге, кызматтан бошогондорго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилей алышат.
Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү БКМКнын каражаттарынын эсебинен (бюджеттик каражаттын чегинде) кызматкер башка жерге кызматка которулганда темир жол, аба жана автомобиль транспорту менен барууга жана жеке мүлкүн ташууга байланышкан чыгымдарды компенсациялоого укуктуу.
Иштеген жылдарына байланыштуу пенсияга укуктуу болгон жана иштөөнү улантып жаткан кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча акы төлөнөт.
97. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акысыз медициналык жана жеңилдетилген санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
98. Кызматкерлер (жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү), жашы, саламаттыгы, штаттын кыскаруусу боюнча кызматтан бошоп калган жана 20 календардык жылдан кем иштебеген адамдар, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу дүйнөдөн кайткан же курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланат.
15. Кызматты токтотуу
99. Баңги заттарды контролдоо боюнча органында кызматты токтотууга негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- баңги заттарды контролдоо боюнча органынан бошонуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, укук коргоо министрликтерине жана ведомстволорго командировкага жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табуу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолсо.
100. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого так ылайык жүргүзүлөт.
Кызматкерлер төмөнкү негиздер боюнча кызматтан бошотулушу мүмкүн:
а) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык өз каалоосу боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык, БКМКнын жетекчилигинин демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:
а) уюм жоюлганда;
б) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде кайра уюштурууга байланыштуу кыскартылганда;
в) аттестациялоонун натыйжалары, оперативдүү-кызматтык ишинин төмөнкү натыйжалары жөнүндөгү маалыматтар жана башка маалыматтар менен ырасталган жетишсиз квалификациясы жана кызматтык жактан ылайык келбестиги;
г) ооруга же ден соолугунун абалынын чектелгендигине байланыштуу кызматка жарактуулугунун чектелгендиги жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде, ээлеген кызматына ылайык кызматтык милдеттерин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн болбогондо жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал кызматтык милдеттерди аткара ала турган кызмат орунуна которуу мүмкүнчүлүгү жоктугу;
д) кызматтык тартипти одоно жана дайыма бузгандыгы үчүн (кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбай коюшу, эгерде анын тартиптик жазасы болсо, кызматтык тартипти бузушу);
е) кызматкердин эмгектик милдеттерин төмөнкүчө одоно бузуусу:
- ишке чыкпай коюу (иш күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумушка чыкпай калышы);
- кызматка алкоголдон же баңги заттан мас абалында келүү (медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же актынын негизинде);
- жумуш ордунда БКМКнын мүлкүн атайлап бузуу же уурдап кетүү;
- кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган мамлекеттик, кызматтык же башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды жарыя кылуу;
- БКМКнын кызматкери кызматка кирип жатканда алдын ала жалган документтерди жана маалыматтарды берүү;
- кызматкердин ушул Жободо белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбай коюусу;
- кызматкердин күжүрмөн куралын жоготушу (буга кармашуу жана кылмыштуу кол салуу учурунда жоготуп алгандар кирбейт);
- кызматкерлер үчүн ушул Жободо жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр сакталбаганда;
ж) ушул Жободо белгиленген чектүү куракка жеткенде;
з) пенсияга укук берген кызмат өтөө мөөнөтүндө иштегенде;
и) сынак мөөнөтүнүн жана эмгек келишиминде каралган мөөнөттүн аякташына байланыштуу;
к) эмгек келишиминин шарттары бузулгандыгына байланыштуу;
л) кызматкердин жеке, адептик сапаттарына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген жосунга жол берилгенде;
м) БКМКнын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганда;
н) башка министрликтерге жана ведомстволорго ишке өткөндүгүнө байланыштуу;
о) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна же башка мамлекеттин жарандыгы болгонуна байланыштуу;
п) кызматтык милдеттер менен шартталган жашыруун маалыматтарга жана мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга уруксаттын токтотулушуна байланыштуу.
101. Аттестацияланган курамдагы адамдарды баңги заттарды контролдоо органдын кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
а) запаска (аскердик каттоого алуу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жете элек болсо;
б) отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен), эгер бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Жобонун 103-пунктунда белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапкан болсо, аскердик каттоодон чыгаруу менен.
102. Баңги заттарды контролдоо кызматынын атайын наамы бар кызматкерлерине, пенсияга чыгуу укугу менен иштен бошотулганда форма кийим кийип жүрүүгө уруксат берилет.
103. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер баңги заттарды контролдоо боюнча органда төмөнкү жашка чыкканча кызматта тура алышат жана отставкага чыгарылууга тийиш:
- эркектер - 50 жашка;
- аялдар - 45 жашка.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер төмөнкү жашка чыкканда өздөрүнүн каалоосу боюнча запаска бошотулушу мүмкүн:
- эркектер - 45 жашка;
- аялдар - 40 жашка.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамы бар кызматкерлер өздөрүнө ыйгарылган атайын наамдарга жараша төмөндөгү чектүү куракка жеткенге чейин баңги заттарды контролдоо органында кызматта тура алышат:
а) баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенантынан баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигине чейин - 50 жашка чейин;
б) баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - 55 жашка чейин;
в) генерал-майорлор жана андан жогору - 60 жашка чейин.
104. Кызматтын кызыкчылыгында оң мүнөздөмө бар болсо жана медициналык каршы көрсөтүүлөр жок болсо, БКМКнын төрагасы 50 жашка чыккан, атайын наамдары бар, орто, жана улук башкаруучу курамга кирген кызматкерлердин жана баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигине чейинки кызмат мөөнөтүн узартуу менен белгиленген чектүү курактан ашык бир жылга алардын макулдугу менен жеке тартипте калтыра алат.
105. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызматтарында турган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин бошотуу БКМКнын төрагасынын буйругу менен, БКМКнын жетекчи кызматкерлерин бошотуу - Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматкерлер алдыдагы бошотуулар жөнүндө, терс жана ушул Жобонун 101-пунктунда каралган жүйөлөр боюнча бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо эки айдан мурунтан кечиктирилбестен билдирилет. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкерлер эки (14 календардык күндүн) жумалык мөөнөттүн ичинде тикелей начальнигине кабыл алган чечими жөнүндө билдирет, бул жөнүндө билдирме берет.
Дүйнөдөн кайткан, курман болгон, дайынсыз жок деп табылган кызматкерлер баңгизатка контролдук органынын өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Дүйнөдөн кайткандар ошол күндөн кийинки күндөн тартып (дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде), белгисиз жок болгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып.
Кызматкерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдан кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар, аларды алуу үчүн кызматкерлердин кадрдык кызматка келүүдөн баш тарткан учурларын кошпогондо, ошол буйруктардын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен, кол койдурулуп аларга жарыяланат.
Кызматтык милдетин аткарууга тоскоол болгон ден соолугуна же квалификациясынын жетишсиздигинен кызматкер ээлеген кызматына же аткарган ишине ылайык келбегендигине байланыштуу иштен бошотулганда кызматкердин колу койдурулуп кеминде 2 жума мурда эскертилет. Алдын ала эскертүү мезгили ичинде кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткара берет.
Кызматкер убактылуу эмгекке жараксыз болгон учурда жана өргүүдө болгон учурда кызматкерди иштен бошотууга жол берилбейт.
Кызматкер баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскердик каттоого коюу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт.
106. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекет тарабынан кепилденген пенсиялык камсыздоого укуктуу.
Кызматкерлерге пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мында Куралдуу Күчтөрдөгү мөөнөттүү кызматы, кызматка киргенге чейинки бир жыл окуусун 6 ай кызматка теңөө менен эсептегенде беш жылга чейинки чекте жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө (күндүзгү жана кечки окуу) окуган учуру кызматкерлерге иштеген жылдарын эсептөөдө кошулуп эсептелет.
Иштеген жылдары үчүн пенсия төмөндөгү өлчөмдө дайындалат: 20 жыл жана андан ашык көп жыл иштегендиги үчүн - 55 пайыз, ал эми жашы же ооруусу боюнча отставкага чыккандар - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 60 пайызы; 20 жылдан ашкан ар бир жыл үчүн - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 3 пайызы, бирок бардыгы болуп бул сумманын 80 пайызынан ашпайт.
Жалпы камсыздандыруу стажысы бар кызматкерлерге: эркектер - 25 жыл, аялдар - 20 календарлык жыл жана андан ашык болсо, анын ичинен 12 жыл жана 6 айдан кем эмес (эркектер) жана 10 жыл (аялдар) аскердик кызмат же укук коргоо ведомстволорундагы кызматы түзсө, атайын наам ыйгаруудан тартып: эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 пайыз жана ушул жылдардан ашкан стаждын ар бир жылы үчүн - акчалай үлүштүн тийиштүү суммасынын 1 пайызына кошулуп пенсия дайындалат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаңы кирген мурунку укуктук жана күч органдардын кызматкерлерине пенсия төлөмдөрү кадрга кийирүү күнүнөн баштап токтолот.
107. Кызматта болуунун чектүү курагына жетип калгандыктан, оорудан, штат кыскартуудан, ден соолугунун абалынын чектелгендигинен улам баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошогон кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө иштен чыгуу жөлөкпулу (узак кызмат кылганда) төмөнкүчө төлөнөт:
10дон 15 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 10 айлык маянасы;
15тен 20 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 12 айлык маянасы;
20дан 25 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 15 айлык маянасы;
25тен 30 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 18 айлык маянасы;
30 жана андан ашык календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 20 айлык маянасы.
Башка негиздер боюнча бошотулган офицерлерге: акчалай үлүшүнүн эки айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт.
Кызматкердин наамын булгаган жосундары үчүн же кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган кызматкерлерге ушул пунктта каралган иштен чыгуу жөлөкпулу төлөнбөйт.
Кызматкерлердин баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта болгон убактысы алардын жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, ошондой эле мамлекеттик кызмат жана адистиги боюнча иштөө стажына кошуп эсептелет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотулган жана бошотулгандан кийин үч айдан кечиктирилбестен ишке же окууга тапшырган кызматкерлерге туруктуу жашаган жерине көчүп барган убактысын эсептебегенде, баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөгөн убактысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия жана жөлөкпул дайындоодо үзгүлтүксүз эмгек стажына кошулат.
16. Кызматына, атайын наамын жана
кызмат ордун калыбына келтирүү
108. Кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматынан четтетилген же кызматынан төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдан мыйзамсыз бошотулган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкерлердин тийиштүү кызматы, атайын наамы, кызматтагы орду калыбына келтирилүүгө тийиш.
Кызматын, атайын наамын, кызмат ордун калыбына келтирүү үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- кызматтык текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду;
- күчүнө кирген соттун чечими;
- кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте реабилитацияланган кызматкердин арызы.
109. Реабилитациялоочу себептер менен баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат орду калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык кошумчаларды төлөп берүү жана пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө эске алынуучу үзгүлтүксүз кызмат стажына алар иштен бошогон учурдан тартып кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюу күнүнө чейинки мезгил кошулуп эсептелет.

110. Кылмыш үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган, андан кийин белгиленген тартипте реабилитацияланган, ошондой эле кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматтарынан бошотулган, кызматынан төмөндөтүлгөн, баңги заттарды контролдоо боюнча органдан кетирилген кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
111. Мыйзамдуу кызматтык милдетин аткарууда курман болгон же кызмат өтөп жаткан мезгилде алган жаратынын, контузиясынын, оорусунун кесепетинен дүйнөдөн кайткан, ошондой эле 20 жылдан ашуун (календардык эсепте) кызмат өтөшкөн кызматкерлердин сөөгүн коюу баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каржылоосуна бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат жана тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн начальниктери тарабынан уюштурулат.
Маркумдун жубайына, жакын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же сөөктү коюу милдетин өзүнө алган башка адамга тийиштүү жерде калыптанып калган сөөктү коюуга кетүүчү минималдык чыгымдардын өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөкпул берилет.
Кызматкерлерди коюуда урмат көрсөтүү тартиби БКМКнын төрагасы тарабынан аныкталат.
112. Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда ал ошого чейин албай калган акчалай маянасы жана ай сайын төлөнүүчү кошумча акчалай үлүштөрү (мунун ичинде кызматкер дүйнөдөн кайткан толук ай үчүн) аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же эмгекке жараксыздыгынан улам маркумдун багуусунда болгон адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга кызматкердин көзү тирүү кезде алуу укугу пайда болгон бир жолку мүнөздөгү акчалай үлүш төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө ошондой эле кызматкер пайдаланбай калган иш өргүүсү үчүн компенсация төлөнөт.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан күндөн тартып үч жылдын ичинде кайрылышса, маркумдун мураскорлоруна акчалай үлүш төлөнүп берилет.