Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы
№ 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо
боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери" жөнүндө токтомуна
толуктоо киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматта кызмат өтөө жөнүндө жободо:
- 41-пункттун биринчи абзацындагы "запастагы офицер наамы бар" деген сөздөрдөн кийин "же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |