Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397, 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - Кызмат) түздөн түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, адистештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ болгон мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат жана анын бөлүмчөлөрү баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бирдиктүү системасын түзүшөт.
4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет. Кызматтын штаттык саны жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Кызматтын туусу, энбелгиси жана формасы болот, аны Кызматтын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
6. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, бурчмөөрлөргө жана бланктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда эсептерге, анын ичинде валюталык жана башка эсептерге ээ болот.
7. Кызмат ыкчам башкаруу укугунда мамлекеттик мүлктү ээлейт, колдонот, тескейт.
2. Кызматтын милдеттери
8. Кызматтын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кызматтын компетенциясына таандык кылынган кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, ашкерелөө, болтурбоо жана тергөө;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын иш-аракеттерин координациялоо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу.
3. Кызматтын иш милдеттери
9. Кызмат төмөнкү иш милдеттерди жүзөгө ашырат:
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жагында стратегияны иштеп чыгуу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана башка мамлекеттик бийлик органдарына белгиленген тартипте Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө ишин, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кызматтын компетенциясына таандык кылынган кылмыш-жазык иштери боюнча алгачкы текшерүү жана тергөө иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз компетенциясынын чектеринде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырат;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык долбоорлорду ишке ашырат;
- белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жагында ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзөт;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча белгиленген тартипте эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарынын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттерди жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
- ички контролду жана Кызмат органдарынын жана кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат;
- өзүнүн кызматкерлерин, аларга көмөк көрсөткөн адамдарды, Кызматтын тергөөсүнө таандык кылынган жаза-кылмыш иштер боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларын, өмүрлөрүнө жана ден соолугуна кылмыштуу кол салуу жасалып жаткан алардын жакындарын коргоону камсыз кылат;
- Кызматтын органдарында купуя жазуу жумуштарын уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын техникалык каражаттарды сатып алат жана колдонот;
- криминалисттик жана башка экспертизаларды жана иликтөөлөрдү жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эксперттик жана башка мыйзамдуу иштерде колдонот;
- маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын түзөт жана пайдаланат, өз органдарынын тутумунда иш кагаздарын уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, оперативдик, тергөө, архивдик жана башка материалдарды сактоону жана пайдаланууну уюштурат;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун Улуттук тизмесин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен мыйзамсыз жүгүртүлүшү администрациялык жана кылмыш-жазык жоопкерчилигине кириптер кылуучу баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун критерийлерин жана көлөмдөрүн аныктоону уюштурат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жөнөтөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз колдонуунун, ошондой эле андай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу боюнча иштерди уюштурат;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоону камсыз кылуу, баңгиликтин жайылышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча илимий иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кыянат пайдаланууну алдын алуу, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо, ошондой эле аларды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөлөрүндө максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;
- баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу тажрыйбасын жалпылоого, ошондой эле Кызматтын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоого катышат;
- өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жеке адамдарга берүүнүн тартибин макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга керектөөнү макулдашат жана баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга тиешелүү квоталарды алуу үчүн алар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине маалыматтарды берет;
- каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн мониторингин жүзөгө ашырат, баңги заттарды контролдоо жана алардын кыймылы боюнча БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине отчет берет;
- мыйзамсыз жүгүртүүдөн Кызматтын органдары тарабынан алынган же тартылып алынган баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоону, ташууну жана жок кылууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды, атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого ылайык башка укук коргоо органдары тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жок кылуу тартибинин сакталышын контролдойт;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин Мамлекеттик реестрин жүргүзөт, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө, ошондой эле аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө тиешелүү маселелер боюнча маалыматтардын бирдиктүү банкын түзөт жана алып барат;
- Кызматтын компетенциясына тиешелүү кылынган маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кабыл алууну жүзөгө ашырат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракетте болот, өзүнүн редакциялык-басма иштерин белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасында кызматтык жана жарандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерине ылайык Кызматтын органдарынын тутумунда курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүү эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарды, анын ичинде өзүнүн кызматкерлерин, кызматчыларын жана жумушчуларын көрсөтүлгөн маалыматтарга жеткирүүгө, ошондой эле Кызматтын органдарына жарандарды кызматка алууга байланышкан маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону, ошондой эле аларды даярдоону, кайра даярдоону жана алардын кесиптик даярдыктарын арттырууну уюштурат;
- Кызматты мобилизациялык даярдоону жана мобилизациялык даярдыгын уюштурат жана камсыз кылат;
- Кызматтын материалдык-техникалык жана финансалык жактан камсыз кылынышын жүзөгө ашырат;
- Кызматтын кызматкерлеринин, кызматчыларынын жана жумушчуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
- Кызматтын органдарынан кызматтан бошонуп кеткен адамдарды, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- Кызматтын кызматкерлерин жана кызматчыларын, пенсия алуу укугу менен кызматтан бошонгон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жумушчуларын алар Кызматта иштеп турган мезгилде медициналык жана курорттук-санаториялык тейлөөнү уюштурат.
4. Кызматтын жетекчилиги
10. Кызматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалчу төрага жетектейт. Кызматтын төрагасынын орун басарлары болот, алар Кызматтын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
11. Кызматтын төрагасы:
- Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын ишин уюштурат жана жеке башкаруу принцибинде жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине катышат, Кызматтын ишине тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген штаттык сандын чектеринде Кызматтын түзүмүн жана штаттык санын белгиленген тартипте бекитет. Түзүмдү өзгөртүү Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө гана байланыштуу болот, мында Төраганы дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт;
- өз орун басарларынын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт жана бекитет;
- Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кызматтын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын жана функционалдык милдеттерин белгилейт;
- Кызматтын бөлүмдөрүндө ыкчам кеңешмелерди түзөт жана алардын сандык жана жеке курамын бекитет;
- эксперттик, консультациялык жана кеңешүү органдарын түзөт, алар жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитет;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- тергөөчүлөрдүн дайындуу кылмыш-жазык иштери боюнча чыгарган токтомдорун кошпогондо, Кызмат органдарынын жетекчилери чыгарган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларды жокко чыгарат;
- Кызматтын компетенциясына таандык маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кызматтын төрагасынын орун басарларын дайындоо жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет;
- Кызматтын коллегия мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кызматтын төрагасынын орун басарларына атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштамаларды белгиленген тартипте киргизет;
- Кызматтын кызматкерлери ээлеген кызмат орундар боюнча атайын наамдардын чегин белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кызмат органдарына кызматка (жумушка) кабыл алууну, кызматтан (жумуштан) бошотууну уюштурат;
- мыйзамда белгиленген тартипте кызматкерлерди, кызматчыларды жана жумушчуларды кызматка (жумушка) кабыл алат жана бошотот, алар менен эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт, өзгөртөт жана бузат;
- белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди ыйгарат;
- Кызматтын кызматкерлерин, кызматчыларын жана жумушчуларын, ошондой эле тагылган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
- Кызматтын кызматкерлерин, кызматчыларын жана жумушчуларын, ошондой эле ага тагылган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды (Ардак грамота, медалдар, төш белгилер ж.б.) түзөт, бул сыйлыктар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонду, анын ичинде дүрмөтсүз куралдардын фондуна ээ болот;
- ведомстволук сыйлыктар, баалуу белектер же акчалай сыйлыктар менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кызматтын кызматкерлерин ысымы жазылган дүрмөтсүз куралдар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте жана шарттарда Кызматтын кызматкерлерине, кызматчыларына жана жумушчуларына үстөк акы жана сый акыларды төлөп берүүнү камсыз кылат, тийиштүү жылга республикалык бюджеттен Кызматка бөлүнгөн каражаттардын чектеринде башка кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- Кызматтын кызматкерлерин, кызматчыларын жана жумушчуларын чет өлкөлөргө иш сапарына жиберүүгө байланышкан маселелерди белгиленген тартипте чечет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын ыкчам маалыматтарды чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына берүү тартибин аныктайт;
- Кызмат органдарынын штаттык санын өзгөртүү, аларды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет;
- республикалык бюджеттен Кызматты күтүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарды, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер берген каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
- Кызматтын изин суутпай-издөө ишин жүзөгө ашырууга байланышкан ыкчам иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды чыгымдоонун ченемин жана тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын консультациялык-кеңеш берүүчү органдары
12. Кызматта саны 9 адамдан турган, курамына төрага (коллегиянын төрагасы), төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү жана Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кызматтын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Кызматтын коллегиясы жөнүндө жобону Кызматтын төрагасы бекитет.
Коллегия өз жыйындарында кызматтын ишинин негизги маселелерин карайт жана алар боюнча чечимдерди кабыл алат.
Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кызматтын төрагасынын буйруктары менен таризделет.
Кызматтын төрагасы менен коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда кайчы пикирлер келип чыкканда төрага өз чечимин ишке ашырат. Мындай учурда Кызматтын коллегия мүчөлөрү өз пикирлерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирүүгө укуктуу.
Кызматтын коллегиясынын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын биргелешкен жыйындарында кабыл алынган чечимдер Кызматтын жана тиешелүү аткаруу бийлик органынын биргелешкен буйруктары менен таризделет.
13. Кызматтын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)
6. Кызматтын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
14. Кызматтын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана мамлекеттен ажыратууга жана менчиктештирүүгө болбойт.
15. Кызматтын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте башка булактардан, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гранттарынан, донорлук жардамдарынан жүргүзүлөт.
16. "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлеринин ишти күчөтүү кызыкчылыктарын бекемдөө, ошодой эле алардын социалдык корголуучулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кызматтын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду түзүлөт.