Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 397
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын ишин оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун арттыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат | 331 |
“.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-декабрындагы № 593 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июлундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 731 “Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |