Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2012-жылдын 3-сентябры № 603
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2014-жылдын 4-июнундагы № 311, 2015-жылдын 3-марты № 96, 2017-жылдын 16-январындагы № 20 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине ылайык:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын өз убагында кайра карап чыгууну жана иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайра каралган жана бекитилген стандарттары жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу процессинде аларды стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мекемелерге) консультациялык жардам көрсөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311, 2015-жылдын 3-марты № 96 токтомдорунун редакциясына ылайык)
────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту │
├──┬──────────────────────────────────────────┬───────────────────────┤
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо |
|
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│2 │Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын│ │
│ │(мекеменин), жергиликтүү өз алдынча башка │ │
│ │руу органынын (муниципалдык мекеменин) │ │
│ │толук аталышы │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│3 │Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│4 │Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун │ │
│ │укуктук негизи │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│5 │Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын │ │
│ │акыркы жыйынтыгы │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│6 │Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│7 │Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү │ │
├──┴──────────────────────────────────────────┴───────────────────────┤
│ 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү │
├──┬──────────────────────────────────────────┬───────────────────────┤
│8 │Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана│ │
│ │муниципалдык (керектүү маалыматтардын │ │
│ │тизмеги), стандартташтырууга жоопту мамле │ │
│ │кеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча │ │
│ │башкаруу органы жөнүндө маалымдоо │ │
│ │ │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│9 │Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсө│ │
│ │түү жөнүндө маалыматты │ │
│ │жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон │ │
│ │ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) │ │
├──┴──────────────────────────────────────────┴───────────────────────┤
│ 3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү │
├──┬──────────────────────────────────────────┬───────────────────────┤
│10│Келүүчүлөр менен пикир алмашуу │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│11│Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│12│Керектүү документтердин жана/же │ │
│ │мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү │ │
│ │керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин │ │
│ │тизмеси │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│13│Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат │ │
│ │көрсөтүүнүн наркы │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│14│Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын │ │
│ │параметрлери │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү |
|
├──┴──────────────────────────────────────────┴───────────────────────┤
│ 4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш │
│ тартуу жана даттануу тартиби │
├──┬──────────────────────────────────────────┬───────────────────────┤
│16│Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу │ │
├──┼──────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│17│Даттануу тартиби │ │
└──┴──────────────────────────────────────────┴───────────────────────┘
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү |
|