Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 5-сентябры № 608
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары
жана өлчөмдөрү жөнүндө
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жогорку көркөм деңгээлдеги киноискусство чыгармаларын түзүүдө Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин ишине дем берүү жана чыгармачылык жана кесиптик демилгелерин өнүктүрүү, ишинин натыйжалуулугун жана материалдык кызыкчылыктарын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин маяналары 1-тиркемеге ылайык;
- Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлерине коюучу сый акылардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
- автордук чыгармаларды пайдалануу укугуна автордук сый акылардын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөөрү белгиленсин:
- эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпул;
- календарлык жылдын акырында - эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кинематографиясында иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтомдун 1-14-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
|
А. Карашев |
1-тиркеме
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын
көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин
I. Көркөм-өндүрүштүк кызматкерлери
┌─────────────────────────────────────────────┬───────────┬───────────┐
│ Кызматтардын аталышы │ Көркөм │ Даректүү │
│ │ фильмдер │ фильмдер │
│ │(сом менен)│(сом менен)│
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кинорежиссер-коюучу: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 13000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 12000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 11000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кинорежиссер: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ - │ 11000 │
│биринчи категориядагы │ - │ 10000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Экинчи кинорежиссер: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 11000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 10000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 9000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Мультипликациялык фильмдердин кинорежиссеру: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 12000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 11000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 10000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Монтаж боюнча кинорежиссер: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 11000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 10000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 9000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кинооператор-коюучу (башкы кинооператор): │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 12000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 11000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 10000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кинооператор: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ - │ 10000 │
│биринчи категориядагы │ - │ 9000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Экинчи кинооператор: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 10000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 9000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 8000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кинорежиссердун, кинооператордун ассистенти │ │ │
│жана башка аталыштардагы ассистент │ 7000 │ 7000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Декорациялар, костюмдар, мультипликациялык │ │ │
│фильмдер боюнча сүрөтчү-коюучу: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 12000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 11000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 10000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Башка адистиктеги сүрөтчү (гримдөөчү, │ │ │
│декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф│ │ │
│жана башкалар): │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 10000 │ - │
│биринчи категориядагы; │ 9000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 8000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Үн режиссеру: │ │ │
│жогорку категориядагы; │ 11000 │ - │
│биринчи категориядагы │ 10000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Үн оператору: │ │ │
│биринчи категориядагы; │ 10000 │ 10000 │
│экинчи категориядагы │ 9000 │ 9000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Продюсер │ 13000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Аткаруучу продюсер - жогорку категориядагы │ │ │
│кино тартуучу топтун директору │ 12000 │ 11000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кино тартуучу топтун директору: │ │ │
│биринчи категориядагы; │ 11000 │ 10000 │
│экинчи категориядагы │ 10000 │ 9000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кино тартуучу топтун директорунун орун │ │ │
│басары: │ │ │
│биринчи категориядагы; │ 9000 │ - │
│экинчи категориядагы │ 8000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кино тартуучу топтун улук администратору │ 7000 │ 6000 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Кино тартуучу топтун администратору │ 5000 │ - │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────┼───────────┤
│Текстти коюучу │ 7000 │ - │
└─────────────────────────────────────────────┴───────────┴───────────┘
II. Көркөм-аткаруучу кызматкерлер
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кызматтардын аталышы │ Кино тартуу күнүндөгү тарифтик │
│ │ ставка (сом менен) │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Киноартисттер: │ │
│башкы роль; │ 1000 │
│экинчи роль; │ 900 │
│эпизоддук роль; │ 800 │
│топтук кино тартуунун │ │
│актер-аткаруучулары; │ 500 │
│массалык кино тартуунун │ │
│актер-аткаруучулары │ 250 │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
2-тиркеме
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук
киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана
көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин коюучу
I. Көркөм жана мультипликациялык фильмдерди түзгөндүгү
үчүн коюучу сый акынын өлчөмдөрү (сом менен)
┌───────────────────────────┬─────────────────────────────────────────┐
│ Кызматы │ Төмөнкү көлөмдөгү кинофильмдер үчүн: │
│ │ (хронометраж менен) │
│ ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│ │ 10 │ 20 │ 30 │ 40 │ толук │
│ │мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│метраждуу│
│ │ чейин │ чейин │ чейин │ чейин │ │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Кинорежиссер - коюучу │ 41000 │ 51200 │ 64000 │ 80000 │ 163600 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Кинооператор - коюучу │ 32800 │ 41000 │ 51200 │ 64000 │ 130880 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Сүрөтчү - коюучу │ 26200 │ 32800 │ 41000 │ 51200 │ 104700 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Кинорежиссер │ 26200 │ 32800 │ 41000 │ 51200 │ 104700 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Костюмдар боюнча сүрөтчү │ 21000 │ 26200 │ 32800 │ 41000 │ 83750 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Актер-башкы ролду аткаруучу│ 7600 │ 9500 │ 11900 │ 14900 │ 61300 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Үн оператору, үн режиссеру │ 21000 │ 26200 │ 32800 │ 41000 │ 83750 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Продюсер │ - │ - │ - │ - │ 163600 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Аткаруучу продюсер, кино │ │ │ │ │ │
│тартуу тобунун директору │ 26200 │ 32800 │ 41000 │ 51200 │ 104700 │
└───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘
II. Даректүү фильмдерди түзгөндүгү үчүн коюучу
сый акылардын өлчөмдөрү (сом менен)
┌───────────────────────────┬─────────────────────────────────────────┐
│ Кызматы │ Төмөнкү көлөмдөгү кинофильмдер үчүн: │
│ │ (хронометраж менен) │
│ ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│ │ 10 │ 20 │ 30 │ 40 │ толук │
│ │мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│метраждуу│
│ │ чейин │ чейин │ чейин │ чейин │ │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Кинорежиссер │ 34000 │ 42400 │ 53000 │ 66250 │ 68000 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Кинооператор │ 23800 │ 33900 │ 42400 │ 53000 │ 54400 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Сүрөтчү - коюучу │ 19000 │ 27100 │ 33900 │ 42400 │ 43500 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Үн оператору │ 19000 │ 27100 │ 33900 │ 42400 │ 43500 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│Фильмдин директору │ 19000 │ 27100 │ 33900 │ 42400 │ 43500 │
└───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘
3-тиркеме
Автордук чыгармаларды пайдалануу
укугу үчүн автордук
I. Көркөм фильмдер үчүн адабий сценарийди жазгандыгы үчүн
автордук калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
┌───────────────────────────┬─────────────────────────────────────────┐
│ Төлөө тартиби │ Автордук калем акынын өлчөмдөрү: │
│ │ (хронометраж менен) │
│ ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│ │ 10 │ 20 │ 30 │ 40 │ толук │
│ │мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│метраждуу│
│ │ чейин │ чейин │ чейин │ чейин │ │
├───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┤
│ 1. Оригиналдуу адабий сценарий үчүн жана жарыяланган адабий │
│ чыгармалардын мотивдери боюнча жазылган сценарийге │
├───────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│Автордук калем акы - │ │ │ │ │ │
│жалпы суммасы: │ 41000 │ 51200 │ 64000 │ 80000 │ 163600 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- сценарийди режиссердук │ │ │ │ │ │
│иштеп чыгууга фильмди │ │ │ │ │ │
│берүү (50 %) │ 20500 │ 25600 │ 32000 │ 40000 │ 81800 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- даяр фильмди кабыл │ │ │ │ │ │
│алууда(50 %) │ 20500 │ 25600 │ 32000 │ 40000 │ 81800 │
├───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┤
│ 2. Жарыяланган адабий чыгармаларды экрандаштыруу │
│ үчүн жазылган сценарийге │
├───────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│Автордук калем акы - │ │ │ │ │ │
│жалпы суммасы: │ 27200 │ 34000 │ 42600 │ 53200 │ 109000 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- сценарийди режиссердук │ │ │ │ │ │
│иштеп чыгууга фильмди │ │ │ │ │ │
│берүү (50 %) │ 13600 │ 17000 │ 21300 │ 26600 │ 54500 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- даяр фильмди кабыл │ │ │ │ │ │
│алууда (50 %) │ 13600 │ 17000 │ 21300 │ 26600 │ 54500 │
└───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘
II. Кыска метраждуу мультипликациялык кинофильмдер үчүн
адабий сценарийлерди жазгандыгы үчүн автордук калем
акынын өлчөмдөрү (сом менен)
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Төлөө тартиби │ Автордук калем акынын өлчөмдөрү: │
│ │ (хронометраж менен) │
│ ├───────────┬───────────┬───────────┤
│ │10 мүнөткө │20 мүнөткө │30 мүнөткө │
│ │ чейин │ чейин │ чейин │
├─────────────────────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┤
│ Оригиналдуу адабий сценарийлер жана адабий чыгармаларды │
│ экрандаштыруу үчүн жазылган сценарийлерге │
├─────────────────────────────────┬───────────┬───────────┬───────────┤
│Автордук калем акы - жалпы │ │ │ │
│суммасы: │ 21000 │ 26200 │ 32800 │
├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │
├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│- сценарийди режиссердук │ │ │ │
│иштеп чыгууга фильмди │ │ │ │
│берүү (50%) │ 10500 │ 13100 │ 16400 │
├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│- даяр фильмди кабыл алуу │ │ │ │
│(50%) │ 10500 │ 13100 │ 16400 │
└─────────────────────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┘
III. Даректүү фильмдер үчүн адабий сценарийди жазгандыгы
үчүн автордук калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
┌───────────────────────────┬─────────────────────────────────────────┐
│ Төлөө тартиби │ Автордук калем акынын өлчөмдөрү: │
│ │ (хронометраж менен) │
│ ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│ │ 10 │ 20 │ 30 │ 40 │ толук │
│ │мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│мүнөткө│метраждуу│
│ │ чейин │ чейин │ чейин │ чейин │ │
├───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┤
│ Илимий-популярдуу жана хроникалык-документ │
│ фильмдер үчүн сценарийлерге │
├───────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤
│Автордук калем акы - │ │ │ │ │ │
│жалпы суммасы: │ 34000 │ 42400 │ 53000 │ 66200 │ 68000 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- сценарийди режиссердук │ │ │ │ │ │
│иштеп чыгууга фильмди │ │ │ │ │ │
│берүү (50%) │ 17000 │ 21200 │ 26500 │ 33100 │ 34000 │
├───────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤
│- даяр фильмди кабыл алуу │ │ │ │ │ │
│(50%) │ 17000 │ 21200 │ 26500 │ 33100 │ 34000 │
└───────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘
IV. Кинофильмдер үчүн атайын жазылган оригиналдуу музыканын
авторлоруна калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Оригиналдуу музыканын 1 пайдалуу мүнөттө │
│ │ жаңыргандыгы үчүн акы төлөө │
│ ├──────────────────────────┬───────────────────┤
│ │"А" тобу - өтмө │"Б" тобу - "А" │
│ │драматургиялык өнүктүрүү │тобуна киргизүүгө │
│ │менен полифониялык, │мүмкүн болбогон │
│ │симфониялык жана хор │музыка үчүн │
│ │музыкасы үчүн │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────┼───────────────────┤
│1. Көркөм фильмдер: │ │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────┼───────────────────┤
│Композитордун калем │ │ │
│акысы │ 2200 │ 1600 │
├──────────────────────┼──────────────────────────┼───────────────────┤
│2. Даректүү фильмдер: │ │ │
├──────────────────────┼──────────────────────────┼───────────────────┤
│Композитордун калем │ │ │
│акысы │ 870 │ 650 │
└──────────────────────┴──────────────────────────┴───────────────────┘
|
|