Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 11-сентябры № 612
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн облустун аймагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчилигин жана ролун күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:
8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- облустун чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- тиешелүү облустун чегинде мамлекеттик башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин координациялоо жана контролдоо;
- облустун аймагын өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуу, ошондой эле региондук экономикага инвестицияларды тартуу боюнча иштерди уюштуруу;
- облустун аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, аймакты жана калкты өзгөчө кырдаалдан жарандык коргоо чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону жүргүзүү.";
9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- эл аралык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрөт;
- облустун экономикасына инвестицияларды тартат;
- бюджеттен тышкары каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат;
- тиешелүү аймакта күзгү-кышкы мезгилге, жазгы талаа иштерине жана түшүм жыйноого даярдык көрүү боюнча ишти уюштурат;
- тиешелүү аймакта пенсиялардын, пособиелердин жана эмгек акынын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылат;
- мыйзамда белгиленген социалдык кепилдиктердин аткарылышын уюштурат;
- облустагы укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун, алардын кадрдык камсыз болуусунун абалын талдайт, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тиешелүү сунуштарды киргизет;
- мыйзамдарды, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын облуста аткарууну текшерүүнү уюштурууда прокуратура органдары менен өз ара байланышта иштейт;";
10-пунктта:
төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- мыйзамдарды, Өкмөттүн актыларын, өзүнүн милдеттерин кошкондо, аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда облустун чегинде мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
- райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин ээлеген кызматына ылайык келе тургандыгы жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;";
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды жүргүзө алат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |