Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 14-сентябры № 617
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2595-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2848-V "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча "параолимпиадалык" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "паралимпиялык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкү мазмундагы он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүн жана спорттук дисциплиналарды Улуттук реестрге киргизүү;
- эл аралык спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".
3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү ", координациялаган жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө аталган Мыйзам өз күчүнө кирген күндөн тартып спорттун түрлөрүн жана спорттук дисциплиналарды Улуттук реестрге киргизүү тартибин бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги тарабынан аталган "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору, дене тарбия жана спортту жөнгө салуучу Мыйзамдарда, "параолимпиядалык" деген сөздү жана анын негизинде пайда болуучу сөздөрдү пайдалануу жана бирдей мааниге келтирүү максатында. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "параолимпиядалык" деген сөздөр "паралимпиялык" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат. Бул сөздү туура жазуунун максаты, эл аралык спорттук уюмдардын бекиткен, тартиптерине ылайык келтирүү.
Параолимпиялык оюндар - бул Олимпиядалык оюндардан кийин өтүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өтүүчү эл аралык спорттук таймаш экенин маалымдайбыз.
Алгач ирет бул аталыш, буттун майыптуулугу раraplegia - деген термин менен байланыштуу, анткени бул мелдештер омуртка дарты менен жабыркаган адамдардын арасында өткөрүлүүчү, оюнга, башка дартка кабылгандардын катышып башташынан улам, катар өтүүчү "катар, Олимпиядадан тышкары (пара)" жана параолимпиялык мелдештер. Олимпиядалык менен тең укуктуу деп мааниси өзгөрүлгөн.
Эл аралык олимпиядалык комитетинин иш кагаздарындагы расмий аталышында "параолимпиядалык" деген сөз англис тилинде "раralympic games" деген маанини берет. Башында "Параолимпиядалык оюндар" деген термин расмий эмес түрдө колдонулуучу. Оюндар 1960-жылы "Тогузунчу Эл аралык Сток-мандевиалдык оюндар деп" аталуучу, 1984-жылы гана биринчи Параолимпиадалык оюндар деген расмий аталыш берилген, эң алгач жолу "Раralympics" деген термин расмий түрдө колдонулган оюндар болуп 1964-жылы өткөн оюндар эсептелет. Ал эми бир катар оюндар 1980-жылга чейин "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Олимпиядалык оюндар" деген термин колдонулган, ал эми 1984-жылы "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын Эл аралык оюндар". 1988-жылы өткөн оюндардан тартып, "паралимпиялык" деген термин расмий түрдө бекитилген.
Мыйзамдын долбоорунда Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын (Мамагенттик) компетенцияларынын тизмегин толуктоо, алып айтканда: спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо, спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрди алып баруу.
Жогоруда аталган компетенциялар менен Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенцияларын толуктоонун максаты болуп, Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды боштуктарды четтетүү саналат. Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча физкультура - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо жөнүндө Жобосуна ылайык жүргүзүлөт, бирок, Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дене - спорт бирикмелерин (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) аккредитациялоо жөнүндө ченем, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эмес.
Учурда белгиленген тартипте спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрдин жоктугу, Кыргыз Республикасынын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча физкультура - спорт бирикмелери (федерацияларын, союздарын, ассоциацияларын) менен иштөөдө бир кыйла оордуктарды (кыйынчылыктарды) жаратууда.
Дүйнө жүзүндөгү бир топ мамлекеттерде жана КМШ аталган ченем бар. Бул тигил же бул спорттун түрүн мамлекет тарабынан таанууну билдирет жана ошол спорттун түрүн өнүктүрүү артыкчылыктуу деп табуу болуп саналат. Дүйнө жүзүндө 8000дей (сегиз миң) спорттун түрлөрү бар. Ал эми, Кыргыз Республикасынын аймагында, баардык спорттун түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүн эмес. Жада калса, Орусия, АКШ, Германия жана Кытай сыяктуу ири спорттук державаларда спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө күчтөрү жетпейт.
Мындан тышкары спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрди алып баруу, спорттук оюндун атын жамынып, кумар оюндарын өткөрүүчү спорттук покер сыяктуу, спорттун түрлөрүн өркүндөтүүгө бөгөт коймокчу.
Кумар оюн жайларына тыюу салынган мамлекеттерде, спорттук покер Улуттук Реестринен алынып салынган.
Биздин божомол менен, аталган Реестрге, Кыргыз Республикасынын потенциалын эске алуу менен ошондой эле, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык абалын эске алуу менен бирге өнүктүрүүгө ылайык келген спорттун түрлөрү кириши керек.
Ушуга байланыштуу, спорттук түрлөрдүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук Реестрин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоору менен, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8чи статьясынан "координациялаган жана контролдогон" деген сөздөрдү алып салуу сунушталат. Жогорудагы өзгөртүүлөр, аталган статьядагы карама-каршылыктарга байланыштуу киргизилип жатат.
Жогорудагы Мыйзамдын долбоору Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталбагандыгына байланыштуу, жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүүнүн кажети жок.
Ошондой эле ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкуу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган (2012-жылдын 12-июнунда). Коомдук талкуунун алкагында Мыйзамдын долбоорунун жоболорун жакшыртуу үчүн сунуш пикирлер келип түшкөн жок.
Аталган Мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын талап кылбайт.
Директор Б.Кенжебаев
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
┌─────────────────────────┬─────────────────┬─────────────────────────┐
│ Колдонулуудагы редакция │ Сунуш кылынган │ Жыйынтык редакция │
│ │ редакция │ │
├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────┤
│3-статья. Негизги │Бүткүл │3-статья. Негизги │
│ түшүнүктөр │текстиндеги │ түшүнүктөр │
│ │"параолимпияда- │ │
│[параолипиадалык] кыймыл │лык" деген сөздөр│ПАРАЛИМПИАДАЛЫК КЫЙМЫЛ - │
│- эл аралык олимпиадалык │тиешелүү │эл аралык олимпиадалык │
│кыймылдын уюмдарды жана │жөндөмөдөгү │кыймылдын уюмдарды жана │
│ден соолугунун │"паралимпиялык" │ден соолугунун │
│мүмкүнчүлүктөрү чектелген│деген сөздөр │мүмкүнчүлүктөрү чектелген│
│адамдарды өз катарына │менен │адамдарды өз катарына │
│бириктирген бир бөлүгү, │алмаштырылсын. │бириктирген бир бөлүгү, │
│адамды дене бою жана │ │адамды дене бою жана │
│руханий жактан │ │руханий жактан │
│өркүндөтүүгө, эл аралык │ │өркүндөтүүгө, эл аралык │
│кызматташтыкты чыңдоого │ │кызматташтыкты чыңдоого │
│жана майыптарды спорт │ │жана майыптарды спорт │
│менен машыгууга тартууга,│ │менен машыгууга тартууга,│
│жашоонун сергек түрүнө │ │жашоонун сергек түрүнө │
│умтулууга жетишүү │ │умтулууга жетишүү │
│каражаттарынын бири │ │каражаттарынын бири │
│катары спортту өнүктүрүү │ │катары спортту өнүктүрүү │
│бул кыймылдын максаты │ │бул кыймылдын максаты │
│болуп саналат. │ │болуп саналат. │
│ │ │ │
│11-статья. Кыргыз │ │11-статья. Кыргыз │
│ Республикасын-│ │ Республикасын-│
│ дагы │ │ дагы │
│ [Параолипиада-│ │ ПАРАОЛИПИАДА- │
│ лык] кыймыл │ │ ЛЫК кыймыл │
│ │ │ │
│Кыргыз Республикасындагы │ │Кыргыз Республикасындагы │
│[Параолимпиадалык] кыймыл│ │ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК кыймыл │
│майыптар арасындагы эл │ │майыптар арасындагы эл │
│аралык спорттук кыймылдын│ │аралык спорттук кыймылдын│
│ажыралгыс бөлүгү болуп │ │ажыралгыс бөлүгү болуп │
│саналат. Эң күчтүү майып │ │саналат. Эң күчтүү майып │
│спортсмендердин │ │спортсмендердин │
│[Параолимпиадалык] │ │ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК │
│оюндарга, Дүйнөнүн │ │оюндарга, Дүйнөнүн │
│чемпионаттарына жана │ │чемпионаттарына жана │
│башка эл аралык спорттук │ │башка эл аралык спорттук │
│мелдештерге катышуусу │ │мелдештерге катышуусу │
│инсандын дене тарбиясы │ │инсандын дене тарбиясы │
│жагынан жана рухий │ │жагынан жана рухий │
│мүмкүнчүлүктөрүн ачып │ │мүмкүнчүлүктөрүн ачып │
│берүүгө, майыптарды │ │берүүгө, майыптарды │
│жашоонун жакшы үлгүсүнө │ │жашоонун жакшы үлгүсүнө │
│тартууга багытталган. │ │тартууга багытталган. │
│Кыргыз Республикасындагы │ │Кыргыз Республикасындагы │
│Эл аралык │ │Эл аралык │
│[параолимпиадалык] │ │ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК комитет │
│комитет Кыргыз │ │Кыргыз Республикасындагы │
│Республикасындагы │ │Майыптар спортунун │
│Майыптар спортунун │ │федерациясынын атынан │
│федерациясынын атынан │ │чыгат. │
│чыгат. │ │ │
├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────┤
│6-статья. Дене тарбия │6-статья │6-статья. Дене тарбия │
│ жана спортту │төмөндөгүдөй │ жана спортту │
│ башкаруучу │мазмундагы он │ башкаруучу │
│ республикалык │экинчи, он │ республикалык │
│ мамлекеттик │үчүнчү, он │ мамлекеттик │
│ органдын │төртүнчү абзац │ органдын │
│ компетенциясы │менен │ компетенциясы │
│ │толукталсын: │ │
│Дене тарбия жана спортту │"- Кыргыз │Дене тарбия жана спортту │
│башкаруучу республикалык │Республикасынын │башкаруучу республикалык │
│мамлекеттик органдын │Өкмөтү белгилеген│мамлекеттик органдын │
│компетенциясына │тартипте, дене │компетенциясына │
│төмөндөгүлөр кирет: │тарбия - ден │төмөндөгүлөр кирет: │
│- дене тарбия жана спорт │соолукту чыңдоо │- дене тарбия жана спорт │
│жагынан мамлекеттик │жана спорттук │жагынан мамлекеттик │
│саясатты камсыз кылуу; │багытта иштеген │саясатты камсыз кылуу; │
│- дене тарбия жана │коомдук │- дене тарбия жана │
│спортту өнүктүрүүнүн │бирикмелерди │спортту өнүктүрүүнүн │
│мамлекеттик │аккредитациялоо; │мамлекеттик │
│программаларынын │- белгиленген │программаларынын │
│долбоорлорун даярдоо жана│тартипте спорттук│долбоорлорун даярдоо жана│
│Кыргыз Республикасынын │түрлөрдүн жана │Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөтүнө сунуш кылуу; │спорттук │Өкмөтүнө сунуш кылуу; │
│- дене тарбия жана │дисциплиналардын │- дене тарбия жана │
│спортту каржылоонун │Улуттук Реестрди │спортту каржылоонун │
│мамлекеттик нормативдерин│алып баруу; │мамлекеттик нормативдерин│
│иштеп чыгуу; │- дене тарбия - │иштеп чыгуу; │
│- дене тарбия - ден │ден соолукту │- дене тарбия - ден │
│соолукту чыңдоо жана │чыңдоо жана │соолукту чыңдоо жана │
│спорттук массалык иш │спорттук багытта │спорттук массалык иш │
│чаралардын календарлык │иштеген расмий │чаралардын календарлык │
│пландарын иштеп чыгуу │коомдук │пландарын иштеп чыгуу │
│жана жүзөгө ашыруу, анын │бирикмелерди, │жана жүзөгө ашыруу, анын │
│ичинде республикалык жана│Кыргыз │ичинде республикалык жана│
│эл аралык мелдештерди │Республикасын эл │эл аралык мелдештерди │
│жана окуу - машыгуучу │аралык спорттук │жана окуу - машыгуучу │
│жыйындарды уюштуруу; │мелдештерге │жыйындарды уюштуруу; │
│- дене тарбия жана спорт │жогорку │- дене тарбия жана спорт │
│жагынан илимий - │квалификациядагы │жагынан илимий - │
│изилдөөлөрдү уюштуруу; │спортсмендерди │изилдөөлөрдү уюштуруу; │
│дене тарбия системасын │даярдоосун жана │дене тарбия системасын │
│илимий методикалык жактан│уюштуруусун │илимий методикалык жактан│
│камсыз кылуу жана │координациялоо │камсыз кылуу жана │
│спортсмендерди даярдоо; │жана контролдоо".│спортсмендерди даярдоо; │
│- Кыргыз Республикасынын │ │- Кыргыз Республикасынын │
│курама командаларынын │ │курама командаларынын │
│мүчөлөрүн даярдоону │ │мүчөлөрүн даярдоону │
│камсыз кылуу жана │ │камсыз кылуу жана │
│республикалык, эл аралык │ │республикалык, эл аралык │
│спорттук мелдештерге │ │спорттук мелдештерге │
│алардын катышуусу; │ │алардын катышуусу; │
│- кесиптик даярдоо, дене │ │- кесиптик даярдоо, дене │
│тарбиясы жана спорт │ │тарбиясы жана спорт │
│жагынан адистердин │ │жагынан адистердин │
│квалификациясын │ │квалификациясын │
│жогорулатуу жана кайра │ │жогорулатуу жана кайра │
│даярдоо боюнча иш │ │даярдоо боюнча иш │
│чаралар; │ │чаралар; │
│- спорттук наамдарды │ │- спорттук наамдарды │
│ыйгаруу; │ │ыйгаруу; │
│- дене тарбия жана спорт │ │- дене тарбия жана спорт │
│жагынан информациялык │ │жагынан информациялык │
│камсыз кылуунун бирдиктүү│ │камсыз кылуунун бирдиктүү│
│мамлекеттик системасын │ │мамлекеттик системасын │
│түзүү; │ │түзүү; │
│- дене тарбия жана спорт │ │- дене тарбия жана спорт │
│жагынан мыйзамдын │ │жагынан мыйзамдын │
│аткарылышын контролдоо; │ │аткарылышын контролдоо; │
│- Кыргыз Республикасынын │ │- Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарында каралган │ │мыйзамдарында каралган │
│башка милдеттерди │ │башка милдеттерди │
│аткаруу. │ │аткаруу; │
│ │ │- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │ │ӨКМӨТҮ БЕЛГИЛЕГЕН │
│ │ │ТАРТИПТЕ, ДЕНЕ ТАРБИЯ - │
│ │ │ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА │
│ │ │СПОРТТУК БАГЫТТА ИШТЕГЕН │
│ │ │КООМДУК БИРИКМЕЛЕРДИ │
│ │ │АККРЕДИТАЦИЯЛОО; │
│ │ │- БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ │
│ │ │СПОРТТУК ТҮРЛӨРДҮН ЖАНА │
│ │ │СПОРТТУК ДИСЦИПЛИНАЛАРДЫН│
│ │ │УЛУТТУК РЕЕСТРДИ АЛЫП │
│ │ │БАРУУ; │
│ │ │- ДЕНЕ ТАРБИЯ - ДЕН │
│ │ │СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА │
│ │ │СПОРТТУК БАГЫТТА ИШТЕГЕН │
│ │ │РАСМИЙ КООМДУК │
│ │ │БИРИКМЕЛЕРДИ, КЫРГЫЗ │
│ │ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК│
│ │ │СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕРГЕ │
│ │ │ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ │
│ │ │СПОРТСМЕНДЕРДИ ДАЯРДООСУН│
│ │ │ЖАНА УЮШТУРУУСУН │
│ │ │КООРДИНАЦИЯЛОО ЖАНА │
│ │ │КОНТРОЛДОО. │
├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────────┤
│8-статья. Дене тарбия │8-статьянын 3 │8-статья. Дене тарбия │
│ жана спортту │бөлүгүндөгү │ жана спортту │
│ башкаруучу │"координациялаган│ башкаруучу │
│ коомдук │жана │ коомдук │
│ органдар │контролдогон" │ органдар │
│ │деген сөздөр │ │
│Дене тарбия жана спортту │алынып салынсын. │Дене тарбия жана спортту │
│башкаруучу республикалык │ │башкаруучу республикалык │
│мамлекеттик орган, │ │мамлекеттик орган, │
│Улуттук олимпиадалык │ │Улуттук олимпиадалык │
│комитет жана спорттун │ │комитет жана спорттун │
│түрлөрү боюнча │ │түрлөрү боюнча │
│республикалык │ │республикалык │
│федерациялар жогорку │ │федерациялар жогорку │
│квалификациялуу │ │квалификациялуу │
│спортсмендерди даярдоо │ │спортсмендерди даярдоо │
│жана уюштуруу маселелери │ │жана уюштуруу маселелери │
│боюнча дене тарбия - ден │ │боюнча дене тарбия - ден │
│соолукту чыңдоо жана │ │соолукту чыңдоо жана │
│спорттук багыттагы │ │спорттук багыттагы │
│официалдуу коомдук │ │официалдуу коомдук │
│бирикмелердин ишин │ │бирикмелердин ишин │
│финансылаган, │ │финансылаган, жана эл │
│[координациялаган жана │ │аралык спорттук │
│контролдогон] жана эл │ │мелдештерде Кыргыз │
│аралык спорттук │ │Республикасынын атынан │
│мелдештерде Кыргыз │ │чыккан орган болуп │
│Республикасынын атынан │ │саналат. │
│чыккан орган болуп │ │ │
│саналат. │ │ │
└─────────────────────────┴─────────────────┴─────────────────────────┘