Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 630
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишканаларды мамлекеттик колдоо жана экономикалык дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3 жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлеринде жана тартибинде:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Ушул критерийлердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ишканалар жыл сайын 1-октябрдан 1-ноябрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине арыз менен кайрылууга укуктуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |