Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 632
"2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жолжоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык болуу жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу азербайжан тарапка белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча кызматташ болуу жана өз ара көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайджан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Сунушталган Кыргыз Республикасынын "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча кызматташ болуу жана өз ара көмөк көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайджан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыкты.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Азербайджан Республикасынын ортосундагы салыктык өз ара мамилени жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууну түзүү максатында кол коюлду.
Ушул макулдашууну түзүү төмөнкүлөр үчүн ченемдик база түзөт:
- улуттук салык системалар жана учурдагы салык мыйзамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды берүү;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышы тууралуу маалыматтарды берүү;
- салык мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана токтотуу;
- салык мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча усулдук сунуштарды иштеп чыгууну кошуп, салык төлөөчүлөр жана салык органдары менен иштерди уюштуруу;
- кадрларды окутуу адистерди алмашуу, ошондой эле салык салуунун ар кандай чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу.
Макулдашууда биздин мамлекет менен Азербайджан Республикасынын салык мыйзамдарынын өз ара мамилелеринде жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн биргеликтеги ишмердикти координациялоону камсыздоочу жобо тиркелген. Ошондой эле жогоруда айтылган долбоор эл аралык салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болуучу жалпы көйгөйлөрдүн жана милдеттердин чечилишинин бирдиктүү формасы болуп саналарын белгилеп кетебиз.
Мыйзам долбоордун кабыл алынышы республикалык бюджеттен каржылык чыгымдарды алып келбейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча кызматташ болуу жана өз ара көмөк көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайджан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароого жөнөтөбүз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык
кызматынын төрагасы К.Абдалиев
2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарынын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана оз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү маселеси боюнча.
Макулдашуу Конституциянын нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, жана 8-беренелерине ылайык, Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети тарабынан (Фискалдык жана акча-кредит саясат комитетинин 2011-жылдын 26-апрелиндеги жана Эл аралык иштер боюнча жана парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 2011-жылдын 6-июнундагы чечими) жактырылган, ошондой эле анын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 282-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууда салыктык укук бузуулардын алдын алуу, табуу жана болтурбоо, ошондой эле салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардам көрсөтүү менен байланышкан биргелешкен иш-аракеттерди координациялоону камсыз кылуучу жоболор бекитилген.
Макулдашуунун күчүнө кириши республикалык бюджеттен каржылык чыгымдарды алып келбейт.