Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 635
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу
2012-жылы бюджетти сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган салыктык жана башка төлөмдөрдүн бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген көрсөткүчтөргө ылайык дивиденддердин, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысынан түшкөн каражаттардын бюджетке түшүүлөрүн камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бонустардын түшүүсүн камсыз кылсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка борбордук аткаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдаланууну камсыз кылышсын;
- 2012-жылга белгиленген эмгек акы боюнча лимитти сактоону камсыз кылсын, бюджеттик уюмдардын жетекчилерине эмгек акы фондунун лимитинен ашкандыгы үчүн жекече жоопкерчиликти аныкташсын;
- эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан берилүүчү программалык кредиттерди алуу жөнүндө макулдашууда каралган шарттарды аткаруу үчүн жетекчилердин катуу контролдугун, жекече жоопкерчилигин жана ай сайын отчет беришин белгилешсин;
- атайын каражаттарга салык төлөөнү камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык "Инфо-система" мамлекеттик мекемесин күтүүгө бюджеттик каражаттардан 0,1% өлчөмүндө чегерүүлөрдү камсыз кылсын.
5. Бюджеттик мекемелерге Казыналык системасынан четтөө менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын, буга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелери кирбейт.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2012-жыл үчүн бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлору боюнча мониторингди жана отчетторду берүүнү 2013-жылдын 15-январына чейинки мезгилде камсыз кылышсын.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары коммуналдык кызматтар боюнча карыздарды өз убагында тындыруу үчүн жана аткарылган иштин (кызматтын) көлөмү үчүн, республикалык бюджеттен бөлүнгөн трансферттерди өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн контролдукту белгилешсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- категориалдык гранттарды максаттуу пайдаланууну жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13- жана 14-беренелеринде белгиленген бюджеттик камсыз болууну теңөө үчүн теңдештирүүчү гранттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп саналбаган, чарбакер субъекттердин балансында турган объекттерди курууну жана кайра конструкциялоону каржылоого тыюу салсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын берсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |