Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели № 219
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114, 2016-жылдын 3-мартындагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүңдө" 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасын модернизациялоонун долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Инфосистема" мамлекеттик мекемеси) түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 103 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин жайгаштыруу үчүн жай бөлүп берсин;
- "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарын бир айлык мөөнөттө киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |