Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 641
2013-жылдын январь-мартында 1996 жана 1997-жылдары төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары:
- райондордо (шаарларда) жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча райондук (шаардык) комиссияларды түзүшсүн;
- 1996 жана 1997-жылдары төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алгачкы аскердик каттоого алууну 2013-жылдын январь-март айларында райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзүшсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссияларды шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл сандагы медициналык кызматкерлер, техникалык жана тейлөөчү персонал менен камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиялар жиберген жарандарды амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүнү же стационардык шартта дарылоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алгачкы аскердик каттоого себепсиз келбегендерди издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеткирүүнү ишке ашырсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, окуу жайлардын жетекчилери, юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан:
- алгачкы аскердик каттоого алынууга жаткан жарандардын тизмесин тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына белгиленген мөөнөттө беришсин;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиядан өтүү үчүн жарандарга кабарлоо иштерин жана аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келүүсүн камсыздасын.
6. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын курамында иштеген учурунда комиссиянын мүчөлөрүнө, врачтарга, техникалык кызматкерлерге жана тейлөөчү персоналга негизги иштеген жери боюнча жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталаары белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрында № 86 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
|
|