Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 26-сентябры № 652
"2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев. |
Долбоор
1-берене.
2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө азербайжан тарапка белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча (мындан ары - Макулдашуу), төмөнкүлөрдү билдирет.
Ушул макулдашуу Тараптардын мамлекетинин биринин аймагында өзгөчө кырдаал окуясы келип чыккан учурда өз ара жардам көрсөтүүнү кошкондо, Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун ортосундагы эриш-аркак иштөөсү максатында кол коюлган.
Аталган Макулдашуунун алкагында Тараптар тажрыйба, маалымат жана технологиялар менен алмашууларды жүргүзө алышат, эки мамлекеттин окуу жайларында жарандык коргонуу жаатындагы адистерди даярдоо, биргелешкен окуу жана машыгууларды өткөрүү, адистердин өз ара стажировкасын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алышат.
Макулдашуу Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүүнү мыйзамдаштырат, бул Азербайжандын профессионалдык тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдар органынын издеп-куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык жабдууларын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында издеп-куткаруу иштерин өткөрүү маселелерин ыкчам чечүү мүмкүндүгүн берет.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2011-жылдын 26-сентябры) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу боюнча комитети (2011-жылдын 17-сентябры) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 5-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерине ылайык келет. Мындан тышкары Макулдашуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашуудан келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджет менен каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт жана республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүүнү талап кылбайт.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо максатка ылайык келет деп эсептейт.
Бул мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11- жана 13-беренелерине ылайык, 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды Кыргыз Республикасына аткартуу максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Азербайджан Республикасына расмий сапарынын алкагында кол коюлган (мындан ары - Макулдашуу).
Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Азербайджан Республикасынын өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин ортосунда бирге аракеттешүүнү орнотуу болуп саналат.
Бул Макулдашуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелерин бирге жана ыкчам чечүү, тажрыйба, маалымат жана технологиялар менен алмашууларды жүргүзүү, эки мамлекеттин окуу жайларында жарандык коргонуу тармагындагы адистерди даярдоо, биргелешкен окуу жана машыгууларды өткөрүү, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет.
Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын Өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүүнү легализациялайт, бул Азербайжандын профессионалдык тажрыйбасын жана издеп-куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык жабдууларын эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү мүмкүндүгүн берет, ошонун ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында издеп-куткаруу иштерин өткөрүүнү.
Макулдашуу кызматташтыктын төмөнкүдөй түрлөрүн караштырат:
- коркунучтуу техногендик жана экологиялык жараяндарга, табият кубулуштарына мониторинг жүргүзүү жана уюштуруу;
- калкты өзгөчө кырдаал аракеттерине даярдоо, анын ичинде биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттерин уюштуруу жана координациялоо;
- өндүрүштүк кырсыктардын, бүлгүндөрдүн жана күтүлбөгөн кырсыктардын натыйжасында болушу мүмкүн болгон булгануулар менен байланышкан калкка жана айлана-чөйрө үчүн кооптуулукту баалоо;
- экинчи Тараптын окуу жайларында жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагындагы адистерди даярдоо, стажерлорду, окутуучуларды, окумуштууларды жана адистерди алмашуу;
- илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип пландоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий-техникалык адабияттар жана илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын алмашуу;
- биргелешкен конференцияларды, семинарларды, иш кеңешмелерди, машыгууларды жана машыктырууларды уюштуруу;
- өзгөчө кырдаал окуяларында өз ара жардамдашуу.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренелерине ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук комитети (2011-жылдын 26-сентябры) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу комитети (2011-жылдын 17-сентябры) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январында № 5-б буйругу менен жактырылган.
Ошентип, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча жогорудагы Макулдашуунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт жана анын кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.
Мындан тышкары, сунушталып жаткан мыйзам долбоору дайымкы таасирди талдоону, антикоррупциялык жана гендердик экспертиза жүргүзүүнү талап кылбайт, коомдук талкуулоону талап кылбайт, ошондой эле жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына кийлигишпейт.
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" макулдашылган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана мекемелеринен пикирлер жана сунуштар киргизилген жок. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сунушу эске алынды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри | К.Боронов |
Азербайжан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин ортосундагы бирге аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында, өкмөттөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюунун зарылдыгы тууралуу чечими кабыл алынган.
Ошого байланыштуу жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору даярдалган.
Иштин жүрүшүндө Макулдашуунун долбоору Тараптар менен иштелип чыгып. мамлекеттик ички макулдашуу процедурасын өткөрүү негизинде кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан укуктук экспертиза өткөрүлүп, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамына шайкештиги тууралуу корутунду берилген.
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан ушул Макулдашууну ратификациялоодо күтүлүүчү каржы-экономикалык жана башка натыйжаларды баалоо жүргүзүлүп, ага ылайык жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуудан келип чыгуучу иш-чараларды иш жүзүнө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бекитилген каражаттын чегинде ишке ашырылуусу зарыл.
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери менен макулдашылган документтердин пакети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-ж. 10.10. чыг. № 04/4524 жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 5-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президенти Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жүрүшүндө 2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган.
Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри | К.Боронов |