Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-сентябры № 655
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "эл аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-статья. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо каттоону камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Каттоону камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, уруксат берүү мүнөзүнө ээ эмес жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) фактысын тастыктоо максатында жүргүзүлөт.
Юридикалык жакты түзбөгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте статистика органдарында, ал эми патенттик негизде жүргүзүлүүчү иштер - салык органдарында жүргүзүлөт.
Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.".
6. 9-беренедеги "түзүлгөн эл аралык келишимдерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-беренедеги "Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 20-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Төмөнкү мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:
"20-1-берене. Атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү
Мамлекет ишкерлердин ортосунда атаандаштык эркиндигин Мыйзамдуу камсыз кылат, керектөөчүлөрдү иштердин бардык чөйрөсүндө ак ниет эмес атаандаштык жана монополизм көрүнүштөрүнөн коргойт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү аткарган милдеттерди эске алуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана базардагы монополисттик ишке тоскоолдук кылууга милдеттүү.".
10. 23-беренедеги "жана арбитраждык" деген сөздөр алып салынсын.
11. 24-берененин 3-бөлүгүндөгү "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
1. Күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-жыл, № 22, 694-ст.);
2) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-жыл, № 3, 144-ст.);
3) Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-ХII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна толуктоолор киргизүү жөнүндө " Мыйзамы;
4) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-жыл, № 6, 170-ст.);
5) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуучулуктун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1994-жыл, № 3. 89-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору. 1994- жыл, № 5, 165-ст.);
7) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1995-жылдын 5-июлу, № 41);
8) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1995-жылдын 1-ноябры, № 76);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121);
10) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2002-жылдын 26-июну, № 48 саны).
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 1, 3, 4, жана 9-беренелери Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат деген Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталат.
Ошол эле учурда, тиешелүү чөйрөдө коомдук мамилелерди регламенттеген башка Мыйзамдардын ченемдери кайталанган жоболор Мыйзамдын беренелеринде бар экендигин белгилейбиз. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонууларын белгилеп кетебиз.
Анда, белгилеп кетүүчү нерсе, концессия маселеси "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттелет. Ошондуктан, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табууну сунуштайбыз.
Ошондой эле, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренеси "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамдын жоболорунун ченемдерине ылайык келтирилген.
Ошону менен бирге, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 20-беренесинде белгиленген мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча Программасынын аталышы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирилген.
Андан башка, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында арбитраждык процесс каралбагандыктан, аталган Мыйзам долбоору менен 23-беренедеги арбитраждык Мыйзамдарга шилтемени алып салуу сунушталат.
Ошондой эле, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзам жарандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана мүлктөрүн ишкердик жүргүзүү үчүн эркин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин иштеги демилгелерин мамлекеттик колдоого алуунун жана жөнгө салуунун формалары менен усулдарын белгилегендиктен, сунушталган Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамын жана ага өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген бардык ченемдик укуктук актыларды же алардын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп табуу сунушталат.
Жогоруда баяндалган сунуш "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамынын колдонулуп жаткан беренелеринин жоболору башка профильдик Мыйзамдардын ченемдерин кайталап жаткандыгына да негизделет.
Атап айтканда, жогоруда айтылган Мыйзамдын IV бөлүмү атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана монополиялык ишти чектөө маселесин карайт. Аталган маселе, атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталат деген "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзам менен регламенттелгендигин белгилеп кетебиз.
"Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамдын 21, 22, 23, 27, 32-37-беренелеринде ээлик кылуу ишинин чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер каралат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине карата уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан жайылтылган "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттеле тургандыгын белгилеп кетебиз.
Андан башка, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинде ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо. күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш деп белгиленген, ошондуктан "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамы Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен күчүн жоготту деп табуусун сунуштайбыз.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы 2001-жылдын 1-февралында кабыл алынган, ал эми "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамы 1991-жылдын 20-декабрында күчүнө киргизилгендигин белгилеп кетебиз.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр
| А.Шыкмаматов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Иштеп жаткан баяндамасы │ Сунушталган баяндамасы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-статья. Ишкерлердин укуктарын │1-статья. Ишкерлердин укуктарын │
│ коргоо жөнүндө │ коргоо жөнүндө │
│ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ Мыйзамдары │ Мыйзамдары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында ишкерлердин│Кыргыз Республикасында ишкерлердин│
│укуктарын коргоо Кыргыз │укуктарын коргоо Кыргыз │
│Республикасынын Конституциясына, │Республикасынын Конституциясына, │
│Кыргыз Республикасынын Граждандык │Кыргыз Республикасынын Граждандык │
│Кодексине, Кыргыз Республикасынын │Кодексине, Кыргыз Республикасынын │
│Президентинин указдарына, ушул │Президентинин указдарына, ушул │
│Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз │Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз │
│Республикасынын башка ченемдик │Республикасынын башка ченемдик │
│укуктук актыларына ылайык │укуктук актыларына ылайык │
│жүргүзүлөт. │жүргүзүлөт. │
│Ишкерлердин укуктарын коргоо │Ишкерлердин укуктарын коргоо │
│жөнүндө Мыйзамдар төмөнкүлөрдү │жөнүндө Мыйзамдар төмөнкүлөрдү │
│караштырат: │караштырат: │
│- ишкердиктин субъекттери │- ишкердиктин субъекттери │
│катышуучу мамилелердин │катышуучу мамилелердин │
│формаларынын көп түрдүүлүгүн │формаларынын көп түрдүүлүгүн │
│ченемдик жактан бекемдөө; │ченемдик жактан бекемдөө; │
│- ишкердиктин субъекттеринин айрым│- ишкердиктин субъекттеринин айрым│
│категорияларына дифференцияланган │категорияларына дифференцияланган │
│мамлекеттик колдоонун ишке │мамлекеттик колдоонун ишке │
│ашырылышын камсыздоо; │ашырылышын камсыздоо; │
│- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын │- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын │
│жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу│жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу│
│бекитүү. │бекитүү. │
│[Эгерде Кыргыз Республикасынын │КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. │
│катышуучусу болуп эсептелген эл │ │
│аралык келишимде ушул Мыйзамда │ │
│камтылгандан башка эрежелер │ │
│каралса, анда эл аралык келишимдин│ │
│ченемдери колдонулат.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-статья. Ушул Мыйзамда │2-статья. Ушул Мыйзамда │
│ пайдалануучу негизги │ пайдалануучу негизги │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │
│Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген│Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген│
│жеке жана юридикалык жактардын өз │жеке жана юридикалык жактардын өз │
│атынан өзүнүн менчик же карызга │атынан өзүнүн менчик же карызга │
│алган каражаттарынын эсебинен, өз │алган каражаттарынын эсебинен, өз │
│тобокели жана өзүнүн мүлктүк │тобокели жана өзүнүн мүлктүк │
│жоопкерчилиги астында киреше алуу │жоопкерчилиги астында киреше алуу │
│үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз │үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз │
│алдынча экономикалык ишкердиги │алдынча экономикалык ишкердиги │
│болуп эсептелет. │болуп эсептелет. │
│Ишкердиктин субъекттери болуп │Ишкердиктин субъекттери болуп │
│мыйзамда белгиленген тартипте │мыйзамда белгиленген тартипте │
│каттоодон өткөн жана өзүнүн │каттоодон өткөн жана өзүнүн │
│уюштуруучулук-укуктук формасына │уюштуруучулук-укуктук формасына │
│жана менчигинин формасына │жана менчигинин формасына │
│карабастан, өз тобокели жана │карабастан, өз тобокели жана │
│өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги │өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги │
│астында пайда же жеке киреше табуу│астында пайда же жеке киреше табуу│
│максатында мыйзамда тыюу │максатында мыйзамда тыюу │
│салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана│салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана│
│юридикалык жактар эсептелет. │юридикалык жактар эсептелет. │
│[Концессия - мамлекет тарабынан │КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. │
│жеке ишкерлерге, чет элдик │ │
│фирмаларга өнөр жай ишканаларын │ │
│иштетүү, ар кандай курулуштарды │ │
│куруу, пайдалануу кендерди казып │ │
│алуу укугу менен участоктордун │ │
│эксплуатацияга берүү келишимди.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3-статья. Ишкердиктин эркиндиги │3-статья. Ишкердиктин эркиндиги │
│ │ │
│Ишкердиктин эркиндиги өзүнө │Ишкердиктин эркиндиги өзүнө │
│төмөнкүлөрдү камтыйт: │төмөнкүлөрдү камтыйт: │
│- Кыргыз Республикасынын │- Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарында жана [түзүлгөн эл │мыйзамдарында жана МЫЙЗАМДА │
│аралык келишимдерде] белгиленген │БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН│
│чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│алуу; │БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК │
│- иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө │КЕЛИШИМДЕРДЕ белгиленген чектерде │
│ашыруунун программаларын эркин │иш чөйрөсүн эркин тандап алуу; │
│тандоо; │- иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө │
│- ишкердик иш-аракетти жүргүзүү │ашыруунун программаларын эркин │
│үчүн юридикалык жана жеке │тандоо; │
│жактардын мүлкүн жана каржылык │- ишкердик иш-аракетти жүргүзүү │
│каражаттарын ыктыярдуу негизде │үчүн юридикалык жана жеке │
│эркин тартуу; │жактардын мүлкүн жана каржылык │
│- эмгек жөнүндө мыйзамдардын │каражаттарын ыктыярдуу негизде │
│ченемдерин сактоо менен │эркин тартуу; │
│кызматкерлерди эркин жалдоо; │- эмгек жөнүндө мыйзамдардын │
│- жалданып иштеген адамдардын │ченемдерин сактоо менен │
│эмгек акысын жана башка │кызматкерлерди эркин жалдоо; │
│кирешелеринин формасын, тутумун │- жалданып иштеген адамдардын │
│жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок │эмгек акысын жана башка │
│Кыргыз Республикасынын ченемдик │кирешелеринин формасын, тутумун │
│укуктук актыларында белгиленген │жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок │
│минималдуу деңгээлден төмөн эмес │Кыргыз Республикасынын ченемдик │
│белгилөө; │укуктук актыларында белгиленген │
│- бардык мамилелерде контрагентти │минималдуу деңгээлден төмөн эмес │
│эркин тандоо; │белгилөө; │
│- ишти интеллектуалдык менчиктин │- бардык мамилелерде контрагентти │
│негизинде өнүктүрүү; │эркин тандоо; │
│- Кыргыз Республикасынын │- ишти интеллектуалдык менчиктин │
│мыйзамдарында каралгандан башка │негизинде өнүктүрүү; │
│учурларда, сунуш кылынган │- Кыргыз Республикасынын │
│товарларга жана кызмат │мыйзамдарында каралгандан башка │
│көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу;│учурларда, сунуш кылынган │
│- мамлекет тарабынан белгиленген │товарларга жана кызмат │
│негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, │көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу;│
│ошондой эле контрагенттердин │- мамлекет тарабынан белгиленген │
│алдындагы өзүнө алган │негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, │
│милдеттенмелерди аткаргандан кийин│ошондой эле контрагенттердин │
│калган накта кирешени тескөө │алдындагы өзүнө алган │
│эркиндиги; │милдеттенмелерди аткаргандан кийин│
│- Кыргыз Республикасынын │калган накта кирешени тескөө │
│мыйзамдарына ылайык ишкердин өз │эркиндиги; │
│алдынча тышкы экономикалык иш │- Кыргыз Республикасынын │
│жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык │мыйзамдарына ылайык ишкердин өз │
│үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай │алдынча тышкы экономикалык иш │
│пайдалануусу. │жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык │
│ │үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай │
│ │пайдалануусу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-статья. Ишкерлерге берилчү │4-статья. Ишкерлерге берилчү │
│ кепилдиктер жана алардын│ кепилдиктер жана алардын│
│ укуктарын коргоо │ укуктарын коргоо │
│ │ │
│Мамлекет ишкерлерге менчигинин │Мамлекет ишкерлерге менчигинин │
│түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү│түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү│
│кепилдикке алат: │кепилдикке алат: │
│- тең укуктуулук жана каржылык, │- тең укуктуулук жана каржылык, │
│эмгектик, табигый, маалыматтык │эмгектик, табигый, маалыматтык │
│жана интеллектуалдык ресурстарга │жана интеллектуалдык ресурстарга │
│бирдей укук жана мүмкүнчүлүк │бирдей укук жана мүмкүнчүлүк │
│берүү; │берүү; │
│- атаандаштыкты коргоо жана │- атаандаштыкты коргоо жана │
│өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; │өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; │
│- Кыргыз Республикасынын аймагында│- Кыргыз Республикасынын аймагында│
│жана чет мамлекеттерде [эл аралык │жана чет мамлекеттерде МЫЙЗАМДА │
│макулдашуулардын] негиздеринде │БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН│
│иштеп жаткан ишкердиктин │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│субъекттеринин укуктары менен │САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН │
│мыйзамдуу таламдарын коргоо. │негиздеринде иштеп жаткан │
│Тиешелүү органдардын мыйзамда │ишкердиктин субъекттеринин │
│белгиленген негиздердин жана │укуктары менен мыйзамдуу │
│ыйгарым укуктарынын чектеринен │таламдарын коргоо. │
│тышкары учурларда, ишкерлердин │Тиешелүү органдардын мыйзамда │
│иштерине мамлекеттин жана анын │белгиленген негиздердин жана │
│органдарынын кийлигишүүсүнө жол │ыйгарым укуктарынын чектеринен │
│берилбейт. │тышкары учурларда, ишкерлердин │
│Мамлекет экономиканын │иштерине мамлекеттин жана анын │
│артыкчылыктуу тармактарындагы │органдарынын кийлигишүүсүнө жол │
│ишкердикти колдоонун жана │берилбейт. │
│өнүктүрүүнүн программасын иштеп │Мамлекет экономиканын │
│чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну │артыкчылыктуу тармактарындагы │
│камсыздайт, инфраструктуралык жана│ишкердикти колдоонун жана │
│институционалдык өзгөртүүлөрдү │өнүктүрүүнүн программасын иштеп │
│жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн │чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну │
│ченемдик-укуктук, │камсыздайт, инфраструктуралык жана│
│экономикалык-уюштуруучулук │институционалдык өзгөртүүлөрдү │
│ыңгайлуу шарттарды түзөт. │жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн │
│Кыргыз Республикасынын │ченемдик-укуктук, │
│мыйзамдарында каралбаган │экономикалык-уюштуруучулук │
│төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга │ыңгайлуу шарттарды түзөт. │
│тыюу салынат. │Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамдарында каралбаган │
│ │төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга │
│ │тыюу салынат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. Ишкердиктин субъекттерин│6-статья. Ишкердиктин субъекттерин│
│ мамлекеттик каттоо │ мамлекеттик каттоо │
│ │ │
│[Юридикалык жактарды мамлекеттик │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК │
│каттоо Кыргыз Республикасынын │КАТТОО КАТТООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ │
│Юстиция министрлиги жана анын │ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│аймактык органдары тарабынан │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА АНЫН │
│акысыз жүргүзүлөт. Мамлекеттик │АЙМАКТЫК ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН │
│каттоо өтүнмө берүү мүнөзүндө │ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО │
│болот жана "Юридикалык жактарды │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТОО ЖӨНҮНДӨ│
│мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз│МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│Республикасынын Мыйзамына ылайык │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТООНУ │
│жүргүзүлөт. │КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ │
│Юридикалык жактарды юстиция │УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА │
│органдарында мамлекеттик каттоо │МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫРГЫЗ │
│Кыргыз Республикасынын │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА │
│мыйзамдарында каралгандан башка │КАРАЛГАНДАН БАШКА УЧУРЛАРДА │
│учурларда уруксат берүү мүнөзүнө │УРУКСАТ БЕРҮҮ МҮНӨЗҮНӨ ЭЭ ЭМЕС, │
│ээ эмес, ал уюштуруу │ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, │
│документтеринин тууралыгын │ФИЛИАЛДАРДЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ) │
│тастыктоо иретинде жүргүзүлөт жана│МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО (КАЙРА КАТТОО) │
│лицензиялоого жатпаган багыттар │ФАКТЫСЫН ТАСТЫКТОО МАКСАТЫНДА │
│боюнча ишкердик ишти жүргүзүүнү │ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│баштоо үчүн негиз болот. │ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ТҮЗБӨГӨН ЖЕКЕ │
│Юридикалык жак түзбөгөн жеке │ЖАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫРГЫЗ│
│жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз│РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН │
│Республикасынын Өкмөтү аныктаган │ТАРТИПТЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│тартипте статистика органдарында, │ОРГАН ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. │
│ал эми патенттик негизде │ИШКЕРДИКТИН СУБЪЕКТТЕРИН │
│жүргүзүлүүчү ишкердик - ишкердин │МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЧЕТКЕ │
│жашаган жериндеги Мамлекеттик │КАГЫЛГАНДА СОТКО ДАТТАНУУГА БОЛОТ.│
│салык инспекциясынын органдарында │ │
│жүргүзүлөт. │ │
│Ишкердиктин субъекттерин │ │
│мамлекеттик каттоо четке │ │
│кагылганда сотко даттанууга │ │
│болот.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Чет өлкөлүк ишкерлердин │9-статья. Чет өлкөлүк ишкерлердин │
│ иш жүргүзүүсү │ иш жүргүзүүсү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында ишкердик иш│Кыргыз Республикасында ишкердик иш│
│жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана │жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана │
│юридикалык жактар өз │юридикалык жактар өз │
│иш-аракеттеринде Кыргыз │иш-аракеттеринде Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарын, │Республикасынын мыйзамдарын, │
│[түзүлгөн эл аралык келишимдерди] │МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ │
│жетекчиликке алат жана Кыргыз │КҮЧҮНӨ КИРГЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ │
│Республикасынын жеке жана │КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ │
│юридикалык жактары үчүн каралган │АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ жетекчиликке │
│тең укуктар менен милдеттерге ээ. │алат жана Кыргыз Республикасынын │
│ │жеке жана юридикалык жактары үчүн │
│ │каралган тең укуктар менен │
│ │милдеттерге ээ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-статья. Ишкердикти илимий жана │10-статья. Ишкердикти илимий жана │
│ кадрлык камсыздоо │ кадрлык камсыздоо │
│ │ │
│[Башкаруунун борбордук органдары, │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ жана │
│аткаруу бийлигинин мамлекеттик │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органдары] жана жергиликтүү өз │органдары ишкерлерди даярдоо, │
│алдынча башкаруу органдары │кайра даярдоо жана адистигин │
│ишкерлерди даярдоо, кайра даярдоо │жогорулатуу боюнча окуу жайлар │
│жана адистигин жогорулатуу боюнча │тармагын өнүктүрүү үчүн шарт │
│окуу жайлар тармагын өнүктүрүү │түзүү, ишкердиктин актуалдуу │
│үчүн шарт түзүү, ишкердиктин │проблемалары, боюнча алар үчүн │
│актуалдуу проблемалары, боюнча │кыска мөөнөттүү курстарды жана │
│алар үчүн кыска мөөнөттүү │семинарларды, конференцияларды, │
│курстарды жана семинарларды, │симпозиумдарды уюштуруу боюнча │
│конференцияларды, симпозиумдарды │чараларды жүргүзүшөт. │
│уюштуруу боюнча чараларды │ │
│жүргүзүшөт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│20-статья. Ишкердиктин │20-статья. Ишкердиктин │
│ субъекттеринин │ субъекттеринин │
│ мамлекеттик менчикти │ мамлекеттик менчикти │
│ жеңилдетилген шартта │ жеңилдетилген шартта │
│ менчиктештирүүсү │ менчиктештирүүсү │
│ │ │
│Мамлекеттин менчигиндеги иштебей │Мамлекеттин менчигиндеги иштебей │
│токтоп турган, консервацияланган │токтоп турган, консервацияланган │
│жана майнапсыз иштеген ишканалар, │жана майнапсыз иштеген ишканалар, │
│өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана│өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана│
│башка негизги каражаттар │башка негизги каражаттар │
│продукцияларды, товарларды │продукцияларды, товарларды │
│чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу │чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу │
│үчүн ишкердиктин субъекттерине │үчүн ишкердиктин субъекттерине │
│ижаралык шартта, [Кыргыз │ижаралык шартта, МАМЛЕКЕТТИК │
│Республикасында мамлекеттик │МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА │
│менчикти мамлекеттен ажыратуу жана│боюнча Кыргыз Республикасынын │
│менчиктештирүү] боюнча Кыргыз │Жогорку Кеңеши бекиткен Программа │
│Республикасынын Жогорку Кеңеши │жана Кыргыз Республикасынын │
│бекиткен Программа жана Кыргыз │мыйзамдарына ылайык кийин сатып │
│Республикасынын мыйзамдарына │алуу үчүн ижарага алуу жолу менен │
│ылайык кийин сатып алуу үчүн │өткөрүп берилиши мүмкүн. │
│ижарага алуу жолу менен өткөрүп │Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин │
│берилиши мүмкүн. │субъекттерине жеңилдетилген шартта│
│Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин │өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз │
│субъекттерине жеңилдетилген шартта│Республикасынын Өкмөтү аныктайт. │
│өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз │ │
│Республикасынын Өкмөтү аныктайт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │20-1-БЕРЕНЕ. АТААНДАШТЫКТЫ │
│ │ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ │
│ │ КӨМӨКТӨШҮҮ │
│ │ │
│ │МАМЛЕКЕТ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУЛАРДЫН │
│ │ОРТОСУНДАГЫ АТААНДАШТЫК ЭРКИНДИГИН│
│ │МЫЙЗАМ ТАРАБЫНАН КАМСЫЗ КЫЛАТ, │
│ │КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮ ЧАРБАЛЫК ИШТИН │
│ │КАНДАЙ ГАНА ЧӨЙРӨСҮНДӨ БОЛБОСУН, │
│ │КАРА НИЕТ АТААНДАШТЫКТЫН ЖАНА │
│ │МОНОПОЛИЗМДИН КӨРҮНҮШТӨРҮНӨН │
│ │КОРГОЙТ. │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА │
│ │ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ │
│ │ОРГАНДАР ӨЗДӨРҮ АТКАРГАН │
│ │МИЛДЕТТЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН │
│ │АТААНДАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ │
│ │КӨМӨКТӨШҮҮГӨ ЖАНА РЫНОКТОГУ │
│ │МОНОПОЛИСТТИК ИШКЕ ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ │
│ │МИЛДЕТТҮҮ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│23-статья. Ишкердиктин │23-статья. Ишкердиктин │
│ субъекттеринин чарбалык│ субъекттеринин чарбалык│
│ талаштарды чечүүсү │ талаштарды чечүүсү │
│ │ │
│Ишкердиктин субъекттери доо арызы │Ишкердиктин субъекттери доо арызы │
│менен сотко кайрылган учурда, │менен сотко кайрылган учурда, │
│мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн │мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн │
│сот чечим чыгарганга чейин │сот чечим чыгарганга чейин │
│кийинкиге калтырууга мүмкүндүк │кийинкиге калтырууга мүмкүндүк │
│берилет. Мында мамлекеттик алым │берилет. Мында мамлекеттик алым │
│жарандык [жана арбитраждык] │жарандык процесстик мыйзамдарга │
│процесстик мыйзамдарга ылайык │ылайык төлөнөт. │
│төлөнөт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│24-статья. Ишкердин жоопкерчилиги │24-статья. Ишкердин жоопкерчилиги │
│ │ │
│Ишкер сатып өткөргөн продукциялар │Ишкер сатып өткөргөн продукциялар │
│(товар жана кызмат көрсөтүү) │(товар жана кызмат көрсөтүү) │
│керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу │керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу │
│жана мүлкү үчүн толугу менен │жана мүлкү үчүн толугу менен │
│коопсуз болууга, шайкеш сертификат│коопсуз болууга, шайкеш сертификат│
│күтүүгө, ошондой эле сатылып │күтүүгө, ошондой эле сатылып │
│жаткан товар менен кызмат │жаткан товар менен кызмат │
│көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү │көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү │
│жөнүндө толук жана так маалымат │жөнүндө толук жана так маалымат │
│болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен│болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен│
│эсептешүүнү кассалык же товардык │эсептешүүнү кассалык же товардык │
│чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө│чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө│
│берүү менен Кыргыз Республикасынын│берүү менен Кыргыз Республикасынын│
│мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү│мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү│
│керек. │керек. │
│Ушундай талаптар бузулган учурда │Ушундай талаптар бузулган учурда │
│ишкер Кыргыз Республикасынын │ишкер Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик │мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик │
│тартат. │тартат. │
│Сапатсыз товарларды (жумуш жана │Сапатсыз товарларды (жумуш жана │
│кызмат көрсөтүү) реализациялоодон │кызмат көрсөтүү) реализациялоодон │
│улам чыккан ишкер менен │улам чыккан ишкер менен │
│керектөөчүнүн ортосундагы талаштар│керектөөчүнүн ортосундагы талаштар│
│["Керектөөчүлөрдүн укуктарын │МЫЙЗАМДАРГА ылайык аткаруу │
│коргоо жөнүндө" Кыргыз │бийлигинин тиешелүү мамлекеттик │
│Республикасынын Мыйзамына] ылайык │органдары жана жергиликтүү өз │
│аткаруу бийлигинин тиешелүү │алдынча башкаруу органдарына │
│мамлекеттик органдары жана │тикеден-тике байланышуу жана │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │кайрылуу жолу менен, ошондой эле │
│органдарына тикеден-тике │керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо │
│байланышуу жана кайрылуу жолу │коомдоруна (ассоциацияларга жана │
│менен, ошондой эле │союздарга) же сот аркылуу каралат.│
│керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо │ │
│коомдоруна (ассоциацияларга жана │ │
│союздарга) же сот аркылуу каралат.│ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘