КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры № 656
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526, 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 565 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомунун 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы № 145 "Эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 407 "Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 "Эмгек акыга кирүүчү кошумча төлөмдөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 2-бөлүмүнүн 2.8-пунктунун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-ноябрындагы № 642 "Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135 "Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 "Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө" токтомунда:
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Эмгек боюнча мамлекеттик инспекциясына" деген сөздөр "эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-майындагы № 308 "Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат жылдарын жалпы эмгек стажына жана эмгек сиңирген жылдарга өз ара чегерүү жөнүндөгү өкмөттөр аралык Макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-июнундагы № 367 "Үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 565 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 565 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 565 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 "Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 225 "Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө жана эмгекти коргоо ишин уюштуруу тууралуу типтүү жобону жана Эмгекти коргоо боюнча уюмдун жумушчуларын окутуу жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы жана анын региондук бөлүмдөрү, эмгекти коргоо боюнча уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин кызматкерлерин жана жеке ишкерлерди окутуу, эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартибинин сакталышына контролдук кылууну камсыздашсын" деген сөздөр "Эмгекти коргоо боюнча уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин кызматкерлерин жана жеке ишкерлерди окутуу, эмгекти коргоо талаптары боюнча билимдерин текшерүү тартибинин сакталышын контролдоону эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен көтөрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 792 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526, 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-сентябрындагы № 733 жана 1995-жылдын 29-майындагы № 195 токтомдору менен каралган табигый климаты татаал жана жагымсыз шарттардагы райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы № 111 "2000-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 720 "Айыл калкын 2010-жылга чейин социалдык өнүктүрүү, социалдык мобилизациялоо жана адамдык потенциалды күчөтүү" чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 60 "Мамлекеттик органдардын ишин камсыздоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |