Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 27-сентябры № 657
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:
- 6-пункту "20 окуу тобу" деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн окуу топтору" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн алардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен көнүктүрүүчү дене тарбия жана көнүктүрүүчү спорт каражаттарын пайдалануу менен сабак уюштурулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |