Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-майы N 264
Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын реформалоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо;
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин типтүү штаттары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы N 518 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби жана олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| А.Атамбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
Ушул типтүү штаттарына КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кызмат орундарынын аталыштары | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 1 |
Методист | 1; 2; 3 |
Башкы бухгалтер | 1 |
Кассир | 1 |
Чарба бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Врач | 1 |
Массажчы | 1 |
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча методист-адис | 1 |
Эскертүү:
1. Эки жана андан кеп өз алдынча имараты бар мекемелерде чарба бөлүгүнүн башчысы кызматынын ордуна директордун чарба бөлүгү боюнча орун басарынын кызмат орду киргизилет.
2. Машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болсо, методисттин 1 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 20 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 2 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 3 ставкасы каралат.
3. Кызматкерлердин штаттык бирдиги 40тан ашык болгондо бухгалтердин кызмат орду киргизилет жана спорттук базанын болушу каралат.
4. Окуучулардын контингенти 400 адамдан ашкан учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттын чегинде медициналык айымдын штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.
5. Спорттук базалары болуп, алардын ортосундагы аралык 10 километрден ашык болгон учурда, спорттук базанын башчысынын кызмат орду каралат. Бул учурда спорттук базанын башчысынын кошумча штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.
6. Лаборанттын (химсуутазалагычтын) кызмат орду бассейн болгондо каралат.
7. Бөлмөлөрдү тазалоочу ар бир 500 чарчы метр тазалана турган аянтка 1 бирдик эсебинде киргизилет, эгерде тазалана турган аянт 500 чарчы метрден кем болсо, жайларды тазалагычтын 0,5 ставкасы каралат.
8. Кароолчунун кызмат орду өз алдынча имараты болгондо, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишти эске алуу менен имаратка 2,8 бирдик эсебинде каралат.
9. Айдоочунун кызмат орду транспорт каражаттары болгондо бир транспорттук каражатка бир айдоочунун эсебинде киргизилет.
10. Короо шыпыргычтын кызмат орду тазалануучу аймактын 1 гектар аянтына 1 бирдик эсебинде каралат.
11. Ветеринардык врачтын, кайышчынын, темир устанын кызмат орду ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөргө киргизилет.
12. Ат спортунун түрлөрү жайылтылган бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн ат баккычтын кызмат орду каралат: күндүзгү ат баккыч - аттын санына (5 атка - 1 бирдик); түнкү ат баккыч - атканалардын санына жараша (1 атканага - 3 бирдик) каралат.
13. Ок атуу, азыркы беш таймаш, кайык айдоо жана спорттун парустук түрлөрүнө адистешкен бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн курал-жарактарды жана спорттук кемелерди оңдоо боюнча механиктин кызмат орду каралат.
14. Сууда сүзүү бассейиндерин, спорттук курулмаларды, жатаканаларды тейлөө жана татаал жабдууларды оңдоо үчүн имараттарды комплекстүү тейлөө боюнча жумушчунун кызмат орду каралат.
15. Көмөкчү жумушчунун кызмат орду көмөкчү чарбанын 20 га жери болгон учурда каралат.
16. Катчынын (иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн) кызмат орду БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн окуучулардын саны 400 же андан көп болгондо каралат.
17. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөрдүн типтүү штаттарында эсепке алынбаган кошумча штаттык бирдиктер, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча киргизилиши мүмкүн.
18. Имараттары, спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн электрик, слесарь-сантехниктин кызмат орду белгиленет.
19. Тегиздиктеги спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн тегиздиктеги спорттук курулмаларды оңдогучтун кызмат орду белгиленет.
20. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук комплекстери болсо, вахтердун, гардеробщиктин кызмат орду белгиленет.
21. Буксирлөөчү асма аркан жолу болсо, буксирлөөчү асма аркан жол боюнча слесардын, механиктин, оператордун кызмат орду белгиленет.
22. Катуу отун жагылуучу, өздөрүнүн от казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдиктеги от жагуучу жумушчунун кызмат орду киргизилет; газ менен иштеген от казанга автоматика болсо, сменада бир штаттык бирдикте оператор-жумушчунун, автоматика болбосо - бир сменага эки штаттык бирдиктеги кызмат орду киргизилет.
Электр жылыткычтарын пайдалануучу от казандарда жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде оператор-жумушчунун кызмат орду киргизилет. Борборлоштурулган жылытуу менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган бойлерлик орнотмолор, жылуулук пункттары болсо) жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчунун кызмат орду киргизилет. От казанда иштеген жумушчулардын жалпы санынын ичинен бир штаттык бирдик толук бир жылга киргизилет. Меш менен жылытуучу мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик эсебинде от жагуучу, бирок мектепке 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес кызмат орду киргизилет.