Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 27-сентябры № 658
Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелерин жана критерийлерди бекитүү тууралуу
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тиешелүү аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-жылдын 31-декабрына чейин топторго киргизилген аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилген уюмдардын тизмесин иштеп чыгып жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |