КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-майы № 212
Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336, 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |