Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-октябры № 665
"2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиеванын демилгеси менен киргизилген "2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
|
Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
"2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиеванын демилгеси менен киргизилген "2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктчасын, 31 жана 32-беренелерин жетекчиликке алып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзам долбоору 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоонун актуалдуу чараларын жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декретин күчүн жоготту деп табууну караштырат.
Мыйзам долбоордун чегинде жабыр тарткан жарандарга жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мамлекеттик саясатты укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен жүргүзүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорун колдонуу чөйрөсүн 2010-жылдын 7-апрелинде Нарын шаарында жабыр тарткан адамдарга да жайылтууну сунуштайт.
Нарын шаарынын прокуратурасынын маалыматы боюнча 2010-жылдын 7-апрелиндеги митингге катышкан жарандардын ичинен 25 адам жаракат алган, алардын ичинде 10 адам анча оор эмес жаракат алган жана 15 адам жеңил залал тарткан.
Учурда аларды социалдык колдоо көрсөтүлүүгө тийиш болгон жарандардын катарына кошуу жөнүндө маселе жарандык сектордун атынан "Айкөл Ала-Тоо" Коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан да көтөрүлүп жатат.
2010-жылдын 7-апрелинде Нарын шаарында жабыр тарткан жарандар бул Мыйзам колдонулган жарандардын катарына кошулган учурда, медициналык тейлөөлөргө жеңилдиктер, жер участкаларын биринчилерден болуп алуу, Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана коммуналдык турак-жай фондунун алар ээлеген турак-жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү сыяктуу социалдык кепилдиктерди, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинде каралган, башка бир катар кепилдиктерди алуу үчүн укукка ээ болушат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорунун аталышына, Мыйзам долбоорунун 5, 9 жана 10-беренелерине редакциялык мүнөздөгү өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт.
5-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени мектепке чейинки жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын окуу-тарбиялык программаларына 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларынын катышуучуларынын баатырдык иш-аракеттери жөнүндө өсүп келе жаткан муундун патриоттук жигерин жогорулатуу максатында киргизүү 2012-жылга республикалык бюджеттин жана 2013-2014-жылдарга болжолдун чыгым бөлүгүндө каралбаган, окуучуларды атайын окуу китептери жана окуу куралдарын даярдоо жана камсыз кылуу, жаңы программаны киргизүүгө же окутуу процессинин программасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу окутуучулар курамын кошумча окутуу түрүндө кыйла чоң финансылык чыгымдарды талап кылат. Анын үстүнө өлкөнүн түштүгүндө ар кандай улуттардын ортосунда улуттук негизде кандуу кагылыштарга, жарандык калктын арасында көптөгөн адамдардын курман болушуна алып келген кайгылуу окуяларды эскерүү өсүп келе жаткан муунду патриоттук жигерде тарбиялоо үчүн үлгү боло албайт, өлкөнүн калкынын арасында улуттар аралык мамилелердеги коомдук кыйын кырдаалды ого бетер тереңдетет.
9-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарынын окуучуларына жана студенттерине стипендия төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 26 "Кыргыз Республикасынын баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Жогоруда аталган окуу жайлардын окуучуларына кандайдыр бир шарттарга карабастан стипендиялар төлөө окуучулардын, жакшы жетишкендиги көрсөткүчтөрү үчүн стипендия алуучулардын арасында нааразычылыктарды пайда кылышы мүмкүн, ошондой эле кандайдыр бир шарттарга карабастан стипендия төлөө кесиптик жана ички, региондук жана дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жогорку квалификациядагы билим алууга терс таасирин тийгизет.
Мындан тышкары бул Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайы каза болгон адамдардын балдарына алар он сегиз жашка чыкканга чейин отуз жети эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө кошумча ай сайын социалдык жөлөк пул төлөнөт.
10-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарын редакциялык тактоо максатында төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдиктүү медициналык тейлөө медициналык дары-дармектери менен камсыз кылуу;
баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө;".
Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун жогоруда аталган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.