Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-октябры № 668
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2012-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 21-августундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2012-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2. Коргоо маселелерин башкаруучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2012-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (топтоо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл учурда аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, топтоо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын иштөөсүн уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздасын:
- медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары менен жабдылган чакыруу (топтоо) пункттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү, жокко чыгаруу жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Саламаттык сактоо маселелерин башкаруучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- мөөнөттүк аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөөчү жерге жөнөтүү алдында, аларды топтоо пункттарында контролдук медициналык кароону уюштурсун;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Ички иштер маселелерин башкаруучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
|
Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу башкармалыгынын начальниги,
комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Субанов У.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн эксперти;
Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу
башкармалыгынын башкы адиси;
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу башкармалыгынын начальниги-
нин орун басары - бөлүм начальниги;
Абакиров Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Торгоев А.У. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Кутуев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Жапар уулу Асылбек - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын чакырууга чейин даярдануу
бөлүмүнүн начальниги;
Мамбеталиев С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн
Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо
башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик
кызматка чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргызбаев М.А. - 34594 аскер бөлүгүнүн хирургиялык бөлүмүнүн
начальниги (Ош облусунун топтоо пунктунда);
Курманкулов А.Ш. - 34594 аскер бөлүгүнүн медициналык бөлүмүнүн
начальниги (Жалал-Абад облусунун топтоо пунк-
тунда);
Стамалиев Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
Аскердик-медициналык комиссиясынын катчысы
(Талас облусунун топтоо пунктунда);
Мамытов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
Аскердик-медициналык башкармалыгынын дары-
лоо-алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери (Нарын
облусунун топтоо пунктунда);
Абыкеев И.К. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
Аскердик-дарыгердик комиссиясынын аскер-
дик-дарыгердик экспертиза бөлүмүнүн башчысы
(Ысык-Көл облусунун топтоо пунктунда).