Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-октябры № 671
"Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдолбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2506-V "Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2506-V "Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2507-V "2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому;
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 5-декабрындагы № 193 "2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору жана Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Тегеран шаарында 2012-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран тарапка Кыргыз Республикасы ушул Меморандум күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"2012 жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын өнүктүрүү боюнча Гранттык жардамын өз ара түшүнүү Меморандумун ратификациялоо тууралуу " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата НЕГИЗДЕМЕ-СПРАВКА
2010-жылы Иран Ислам Республикасы Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү социалдык-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам берүү боюнча макулдук билдирген.
Өлкөнүн түштүгүндө 2010-жылдагы болгон кайгылуу июнь окуяларын көңүлгө алуу менен Иран тарап менен Ош шаарында Спорттук комплекс куруу жана жабдуу үчүн гранттык жардам жиберүү макулдашылган.
Элдер ортосундагы бириктирүүчү фактор катары өлкөнүн түштүгүндө маданий-агартуу жана спорттук багыттагы объекттердин саны мүмкүн болушунча көп болушу зарыл. Бул долбоор тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болот. Спорт менен машыгуу, өзгөчө түрдүү этностук топтордун жаштарынын ортосундагы спорттук машыгуулар психологиялык адаптацияга, мурдагыдай бейкапар жашоого, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө түрткү берет.
Грантты ишке ашыруу мониторингин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (Мамдирекция) жүргүзөт. Ирандыктардын жол-жобосуна ылайык курулуш иштерине подрядчыларды тандоо боюнча тендер Иран компанияларынын ичинде жүргүзүлөт. Мамдирекция жана КР Жаштар иштери боюнча министрлиги Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин макулдугу боюнча подрядчыны тандоого карата тендерлик жол-жоболорду ишке ашырат.
Тендердин жыйынтыгы боюнча, гранттык каражаттары жетишсиз болуп калган учурда жетишпеген каражат Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддон каржыланат.
Ош шаарында Спорткомплекстин долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган бардык салыктардан жана алымдардан бошотулат (Мындай чара эл аралык финансы уюмдары жана донор өлкөлөр (АӨБ, ИӨБ, ЕӨРБ, ЕС, Германия, Кытай, Түркия ж.б.) каржылоочу долбоорлор боюнча колдонулат). Салыктык жеңилдиктерди алуу үчүн Меморандум долбоорун ратификациялоо боюнча жол-жоболор жүргүзүлөт.
Меморандумга 2012-жылдын 10-июлунда өткөрүлгөн онунчу Биргелешкен Өкмөт аралык Кыргыз Республикасы менен Ислам Иран Республикасы ортосундагы комиссиялык отуруш учурунда Финансы министри кол койгон.
Ушуга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Сиздерге макулдашуу үчүн жиберет.
Башкы директор Ж.Джээнбеков