Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-октябры № 672
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарындакызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 20-берененин 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 23-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. 24-берененин 3-бөлүгүндөгү "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 26-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бажы органдарынын кызматкерлеринин ок атылуучу куралдарды жана атайын каражаттарды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
5. 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"Сот жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын иш стажы (кызматы), ошондой эле алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү алардын бажы органдарындагы кызмат өтөгөн жылдарына кошулуп эсептелет.".
6. 28-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
7. 37-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрлү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан.
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Ошого байланыштуу, мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштарынын ордуна сунушталган долбоор менен "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 27-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бир түргө келтирилген түшүнүктөрдү киргизүү сунушталат.
Мындан тышкары, жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренеси бажы органдарына кызматка кабыл алышында мурдагы аскердик же атайын наамдардын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү кошулуп эсептелинээрин караган "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык келтирилет.
Ошондой эле, мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесине министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик укук актыларды кабыл алуу ыйгарым укуктарын караган жоболорду жоюу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Анда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык мыйзам кабыл алуу (чыгаруу) укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары ээ.
Бажы органдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болгондуктан, алардын өздүк иштерин жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан бекитилүүгө жатат. Ошого байланыштуу "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине өзгөртүүлөр киргизилет.
Өргүүгө чыгуу тартибинин жана шартынын маселеси Эмгек кодексинин жөнгө салуу предмети болгондугун эске алуу менен, жогоруда аталган мыйзамдын 23-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору менен сунушталат.
Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле, аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Күчүндөгү редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│20-статья. Кызмат боюнча │20-статья. Кызмат боюнча │
│ которуштурууда бажы │ которуштурууда бажы │
│ органынын │ органынын │
│ кызматкерлерине │ кызматкерлерине │
│ берилүүчү гарантиялар │ берилүүчү гарантиялар │
│ │ │
│1. Бажы органдарынын кызматкерин │1. Бажы органдарынын кызматкерин │
│башка жерге кызматка которууда ал │башка жерге кызматка которууда ал │
│кызматкерге жана аны менен бирге │кызматкерге жана аны менен бирге │
│жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө │жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө │
│туруктуу жашаган жериндеги турак │туруктуу жашаган жериндеги турак │
│жайы белгиленген тартипте │жайы белгиленген тартипте │
│бекитилет (брондолот). Мында жаңы │бекитилет (брондолот). Мында жаңы │
│кызмат ордунда бажы органы │кызмат ордунда бажы орган │
│кызматерине жана анын үй-бүлө │кызматерине жана анын үй-бүлө │
│мүчөлөрүнө [Мамлекеттик бажы │мүчөлөрүнө [Бажы иши чөйрөсүндөгү │
│комитетинин] каражаттарынын │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│эсебинен Кыргыз Республикасынын │органдын] каражаттарынын эсебинен │
│Өкмөтү белгилеген өлчөмдө турак │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│жайды жалдоого (жалдап турууга) │белгилеген өлчөмдө турак жайды │
│кеткен чыгымдардын айлык акчалай │жалдоого (жалдап турууга) кеткен │
│компенсациясы төлөнүп берилет. │чыгымдардын айлык акчалай │
│2. Башка жерге кызматка │компенсациясы төлөнүп берилет. │
│которулганда бажы органдарынын │2. Башка жерге кызматка │
│кызматкерлери жана алардын үй-бүлө│которулганда бажы органдарынын │
│мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын │кызматкерлери жана алардын үй-бүлө│
│Өкмөтү белгилеген тартипте бажы │мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын │
│иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │Өкмөтү белгилеген тартипте бажы │
│мамлекеттик органынын │иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│каражаттарынын эсебинен темир жол,│мамлекеттик органынын │
│аба, автомобиль транспортунда │каражаттарынын эсебинен темир жол,│
│жүргөндүгү жана жеке мүлкүн │аба, автомобиль транспортунда │
│ташыгандыгы үчүн тарткан │жүргөндүгү жана жеке мүлкүн │
│чыгымдарын компенсацияланууга │ташыгандыгы үчүн тарткан │
│укуктуу. │чыгымдарын компенсацияланууга │
│ │укуктуу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│23-статья. Бажы органдары үчүн │23-статья. Бажы органдары үчүн │
│ кадрларды даярдоо │кадрларды даярдоо │
│ │ │
│1. Бажы органдарынын │1. Бажы органдарынын │
│кызматкерлерин кесиптик жактан │кызматкерлерин кесиптик жактан │
│даярдоо, кайра даярдоо (кайра │даярдоо, кайра даярдоо (кайра │
│квалификациялоо) жана │квалификациялоо) жана │
│квалификациясын жогорулатуу бажы │квалификациясын жогорулатуу бажы │
│иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│мамлекеттик органынын борбордук │мамлекеттик органынын борбордук │
│билим берүүчү мекемелеринде жана │билим берүүчү мекемелеринде жана │
│бажы органдарынын окуу │бажы органдарынын окуу │
│бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз │бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз │
│Республикасынын жогорку же орто │Республикасынын жогорку же орто │
│кесиптик билим берүүчү │кесиптик билим берүүчү │
│мекемелеринде жүргүзүлөт. │мекемелеринде жүргүзүлөт. │
│2. Жарандар 17 жашка толгондон │2. Жарандар 17 жашка толгондон │
│тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү │тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү │
│ыйгарым укуктуу мамлекеттик │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│органынын билим берүүчү │органынын билим берүүчү │
│мекемелерине тапшырууга укуктуу. │мекемелерине тапшырууга укуктуу. │
│3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │
│укуктуу мамлекеттик органынын │укуктуу мамлекеттик органынын │
│билим берүүчү мекемелеринде күн │билим берүүчү мекемелеринде күн │
│окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан│окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан│
│угуучуларга жалпы узактыгы алты │угуучуларга жалпы узактыгы алты │
│жумадан кем болбогон каникулдар │жумадан кем болбогон каникулдар │
│берилет. │берилет. │
│4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │
│укуктуу мамлекеттик органынын │укуктуу мамлекеттик органынын │
│билим берүү мекемелеринин күндүзгү│билим берүү мекемелеринин күндүзгү│
│бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө │бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө │
│узактыгы 30 календарлык күн болгон│узактыгы 30 календарлык күн болгон│
│өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл │өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл │
│үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги│үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги│
│өргүүнүн эсебине кирет. │өргүүнүн эсебине кирет. │
│[Көрсөтүлгөн оргүүнү берүү тартиби│[Күчүн жоготту деп табылсын.] │
│жана шарттары бажы иши │ │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │ │
│мамлекеттик органынын тарабынан │ │
│аныкталат.] │ │
│5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым │
│укуктуу мамлекеттик органынын │укуктуу мамлекеттик органынын │
│билим берүү мекемесинин │билим берүү мекемесинин │
│бүтүрүүчүсүнө же бажы иши │бүтүрүүчүсүнө же бажы иши │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│мамлекеттик органынын │мамлекеттик органынын │
│каражаттарынын эсебинен окуп │каражаттарынын эсебинен окуп │
│жаткан башка билим берүү │жаткан башка билим берүү │
│мекемесинин бүтүрүүчүсүнө │мекемесинин бүтүрүүчүсүнө │
│көрсөтүлгөн мекемелерди │көрсөтүлгөн мекемелерди │
│бүтүргөндөн кийин алып чыккан │бүтүргөндөн кийин алып чыккан │
│адистигине жана квалификациясына │адистигине жана квалификациясына │
│ылайык бажы органдарында кызмат │ылайык бажы органдарында кызмат │
│берүү гарантияланат. │берүү гарантияланат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│24-статья. Бажы органдарынын │24-статья. Бажы органдарынын │
│ кызматкерлеринин өздүк │ кызматкерлеринин өздүк │
│ иши │ иши │
│ │ │
│1. Бажы органдарында кызмат өтөө │1. Бажы органдарында кызмат өтөө │
│бажы органдарынын кызматкерлеринин│бажы органдарынын кызматкерлеринин│
│өздүк ишинде чагылдырылат. Бажы │өздүк ишинде чагылдырылат. Бажы │
│органдарынын кызматкерлеринин │органдарынын кызматкерлеринин │
│өздүк ишин бажы органдарынын │өздүк ишин бажы органдарынын │
│кадрлар боюнча кызматы жүргүзөт │кадрлар боюнча кызматы жүргүзөт │
│жана кызматкерлер которулганда │жана кызматкерлер которулганда │
│алардын жаңы кызмат ордун │алардын жаны кызмат ордуна │
│жөнөтүлөт. │жөнөтүлөт. │
│2. Бажы органдарынын │2. Бажы органдарынын │
│кызматкерлеринин саясатка жана │кызматкерлеринин саясатка жана │
│динге мамилеси жөнүндө, алардын │динге мамилеси жөнүндө, алардын │
│жеке турмушу жөнүндө маалымат │жеке турмушу жөнүндө маалымат │
│жыйноого жана өздүк ишине │жыйноого жана өздүк ишине │
│киргизүүгө тыюу салынат. │киргизүүгө тыюу салынат. │
│3. Бажы органдарынын │3. Бажы органдарынын │
│кызматкерлеринин өздүк иштерин │кызматкерлеринин өздүк иштерин │
│жүргүзүү тартиби [бажы иши │жүргүзүү тартиби [Өкмөт] тарабынан│
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │аныкталат. │
│мамлекеттик органынын жетекчиси] │ │
│тарабынан аныкталат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│26-статья. Бажы органдарынын │26-статья. Бажы органдарынын │
│ кызматкерлеринин │ кызматкерлеринин │
│ курал-жарагы жана │ курал-жарагы жана │
│ атайын каражаттары │ атайын каражаттары │
│ │ │
│Бажы органдарынын кызматкерлери │Бажы органдарынын кызматкерлери │
│тийиштүү даярдыктан өткөндөн │тийиштүү даярдыктан өткөндөн │
│кийин, кызматтык милдеттерин │кийин, кызматтык милдеттерин │
│аткаруу учурунда ок атылуучу │аткаруу учурунда ок атылуучу │
│куралдарды жана атайын │куралдарды жана атайын │
│каражаттарды алып жүрүүгө укуктуу │каражаттарды алып жүрүүгө укуктуу │
│болушат. [Ок атылуучу куралдарды │болушат. [Бажы органдарынын │
│жана атайын каражаттарды дайыма │кызматкерлеринин ок атылуучу │
│алып жүрүүгө жана сактоого укук │куралдарды жана атайын │
│берилген бажы органдарынын │каражаттарды алып жүрүү, сактоо │
│кызматкерлеринин кызматтарынын │жана колдонуу тартиби Кыргыз │
│тизмеси, ошондой эле көрсөтүлгөн │Республикасынын мыйзамдары менен │
│куралдарды жана атайын │аныкталат.] │
│каражаттарды алып жүрүү жана │ │
│сактоо тартиби бажы иши │ │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │ │
│мамлекеттик органынын жетекчиси │ │
│тарабынан аныкталат.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│27-статья. Атайын наамдарды │27-статья. Атайын наамдарды │
│ ыйгаруу жана бажы │ ыйгаруу жана бажы │
│ органдарында иштөөдө │ органдарында иштөөдө │
│ кызмат мөөнөтүн эсептөө│ кызмат мөөнөтүн эсептөө│
│ өзгөчөлүктөрү │ өзгөчөлүктөрү │
│ │ │
│[1. Кыргыз Республикасынын сот │[1. Сот жана мамлекеттик │
│органдарынын, прокуратура │органдардын мамлекеттик │
│органдарынын, Юстиция │кызматкерлери, коргоо, улуттук │
│министрлигинин, Финансы │коопсуздук жана ички иштер │
│министрлигинин, башка мамлекеттик │органдарынын аскер кызматчылары │
│бийлик жана башкаруу органдарынын │(анын ичинде запастагылар), │
│кызматкерлери, Улуттук коопсуздук │ошондой эле ички иштер │
│министрлигинин, Коргоо │органдарынын катардагы жана │
│министрлигинин жана Ички иштер │башкаруучу курамына кирген адамдар│
│министрлигинин аскер кызматчылары │бажы органдарына кызматка кабыл │
│(анын ичинде запастагылар), │алынганда, ушул Мыйзамдын │
│ошондой эле Кыргыз Республикасынын│5-беренесине ылайык алардын │
│ички иштер органдарынын, салык │мурдагы аскердик же атайын │
│инспекциясынын жана полициясынын │наамдарына, мамлекеттик │
│катардагы жана башкаруучу курамына│кызматчылардын класстык чендерине │
│кирген адамдар бажы органдарына │теңдеш келген атайын наамдар │
│кызматка кабыл алынганда, ушул │ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын │
│мыйзамдын 5-статьясына ылайык, │иш стажы (кызматы), ошондой эле │
│алардын мурдагы аскердикке атайын │алардын мурдагы аскердик же атайын│
│наамдарына, мамлекеттик │наамдарынын, мамлекеттик │
│кызматчылардын класстык чендерине │кызматчылардын класстык чендеринин│
│же разряддарына теңдеш келген │кызмат мөөнөтү алардын бажы │
│атайын наамдар ыйгарылат.] │органдарындагы кызмат өтөгөн │
│Көрсөтүлгөн адамдардын саналып │жылдарына кошулуп эсептелет.] │
│өткөн органдарындагы иш стажы │Көрсөтүлгөн адамдардын саналып │
│(кызматы) алардын бажы │өткөн органдарындагы иш стажы │
│органдарындагы кызмат мөөнөтүнө │(кызматы) алардын бажы │
│кошулуп эсептелет. Офицердик │органдарындагы кызмат мөөнөтүнө │
│курамдын аскердик наамы болбогон │кошулуп эсептелет. Офицердик │
│жана аскер кызматына чакырылуучу │курамдын аскердик наамы болбогон │
│бажы органдарынын кызматкерлерине │жана аскер кызматына чакырылуучу │
│алардын атайын наамына ылайык │бажы органдарынын кызматкерлерине │
│келген офицердик курамдын алгачкы │алардын атайын наамына ылайык │
│аскердик наамы ыйгарылбайт. │келген офицердик курамдын алгачкы │
│2. Бажы органдарына кызматка │аскердик наамы ыйгарылбайт. │
│алынган мамлекеттик уюмдардын │2. Бажы органдарына кызматка │
│финансылык, экономикалык, │алынган мамлекеттик уюмдардын │
│юридикалык кызматтарынын, эсептөө │финансылык, экономикалык, │
│же маалымдоо-эсептөө борборлорунун│юридикалык кызматтарынын, эсептөө │
│жетекчилерине жана адистерине, │же маалымдоо-эсептөө борборлорунун│
│ошондой эле │жетекчилерине жана адистерине, │
│профессордук-окутуучулар курамына │ошондой эле │
│алардын көрсөтүлгөн уюмдардагы иш │профессордук-окутуучулар курамына │
│стажылары кызмат мөөнөтүн аныктоо │алардын көрсөтүлгөн уюмдардагы иш │
│боюнча комиссия тарабынан бажы │стажылары кызмат мөөнөтүн аныктоо │
│органдарында иштөөдө белгиленген │боюнча комиссия тарабынан бажы │
│кызмат мөөнөтүнө кошулуп │органдарында иштөөдө белгиленген │
│эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын │кызмат мөөнөтүнө кошулуп │
│курамы бажы иши чөйрөсүндөгү │эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын │
│ыйгарым укуктуу мамлекеттик │курамы бажы иши чөйрөсүндөгү │
│органынын жетекчиси тарабынан │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│белгиленген тартипте бекитилет. │органынын жетекчиси тарабынан │
│ │белгиленген тартипте бекитилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28-статья. Бажы органдарынын │28-статья. Бажы органдарынын │
│ кызматкерлерин сыйлоо │ кызматкерлерин сыйлоо │
│ │ │
│1. Кызматтык милдеттерин ак │1. Кызматтык милдеттерин ак │
│ниеттүү аткаргандыгы үчүн бажы │ниеттүү аткаргандыгы үчүн бажы │
│органдарынын кызматкерлерине │органдарынын кызматкерлерине │
│Кыргыз Республикасынын бажы │Кыргыз Республикасынын бажы │
│органдарынын Тартип Уставында │органдарынын Тартип Уставында │
│аныкталган сыйлоолор колдонулушу │аныкталган сыйлоолор колдонулушу │
│мүмкүн. │мүмкүн. │
│[2. Бажы органдарынын │[2. Бажы органдарынын │
│кызматкерлери Кыргыз бажы иши │кызматкерлерин Кыргыз │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │Республикасынын мамлекеттик │
│мамлекеттик органынын жетекчиси │сыйлыктарына жана ардак наамдарына│
│тарабынан Кыргыз Республикасынын │көрсөтүү бажы иши чөйрөсүндөгү │
│мамлекеттик сыйлыктарына жана │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│ардак наамдарына көрсөтүлүшү │органынын жетекчиси тарабынан │
│мүмкүн.] │мыйзамдарда белгиленген тартипте │
│3. "Бажы кызматынын отличниги" төш│жүргүзүлөт.] │
│белгиси жөнүндөгү жобо Кыргыз │3. "Бажы кызматынын отличниги" төш│
│Республикасынын Өкмөтү, бажы иши │белгиси жөнүндөгү жобо Кыргыз │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │Республикасынын Өкмөтү, бажы иши │
│мамлекеттик органынын Ардак │чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│грамотасы жөнүндө жобо - бажы ини │мамлекеттик органынын Ардак │
│чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │грамотасы жөнүндө жобо - бажы иши │
│мамлекеттик органынын жетекчиси │чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу │
│тарабынан бекитилет. │мамлекеттик органынын жетекчиси │
│ │тарабынан бекитилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│37-статья. Жекече жагдайлар боюнча│37-статья. Жекече жагдайлар боюнча│
│ өргүү │өргүү │
│ │ │
│1. Бажы органдарынын │1. Бажы органдарынын │
│кызматкерлерине кызмат акысын │кызматкерлерине кызмат акысын │
│сактабастан, төмөндөгү учурларда │сактабастан, төмөндөгү учурларда │
│жекече жагдайлар боюнча өргүү │жекече жагдайлар боюнча өргүү │
│[берилиши мүмкүн:] │[берилет:] │
│1) жакын туугандарынын дүйнөдөн │1) жакын туугандарынын дүйнөдөн │
│кайтуусуна (өлүмүнө) же оор │кайтуусуна (өлүмүнө) же оор │
│абалына байланыштуу; │абалына байланыштуу; │
│2) бажы органынын кызматкерлери же│2) бажы органынын кызматкерлери же│
│алардын жакын туугандары өрткө же │алардын жакын туугандары өрткө же │
│башка табият кырсыгына дуушар │башка табият кырсыгына дуушар │
│болгондо. │болгондо. │
│2. Бажы органынын башчысы башка │2. Бажы органынын башчысы башка │
│бир өзгөчө учу бажы органынын │бир өзгөчө үч бажы органынын │
│кызматкерлерине жекече жагдайлар │кызматкерлерине жекече жагдайлар │
│боюнча өргүү бере алат. │боюнча өргүү бере алат. │
│3. Жекече жагдайлар боюнча өргүү │3. Жекече жагдайлар боюнча өргүү │
│кезектеги ар жылкы өргүүнүн │кезектеги ар жылкы өргүүнүн │
│эсебине кирбейт. │эсебине кирбейт. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
"