Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 5-октябры № 678
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө)" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо жана көмөк көрсөтүү маселелерин жеринде оперативдүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өз убагында бөлүп берүүнү андан ары "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоолорду өткөрүү убагында шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары:
- шайлоочулардын тизмесин тариздөө, тактоо жана түзүү шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- жарандардын жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын, арыздарын, өтүнүчтөрүн өз убагында кароону уюштурушсун.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларга алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин текшерүүнү жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүүкорпорациясына, Кыргыз Республикасынын "Коомдук телеберүү - ЭлТР" телерадиоберүүкомпаниясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" газеталарынын редакцияларына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
8. Шайлоолорду өткөрүү күнүндө төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна - телерадиоберүүнүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна - электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине - Республикалык штабдын жетекчисине жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо
жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участоктук шайлоо
комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штаб мүчөлөрү:
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Лаврова Ольга Владимировна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Атаханов Шамил Есенжанович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Султанов Калыкбек Иманалиевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Калмамбетов Автандил Исмаилович - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору, штабдын катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев