Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 679
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү алмашкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;";
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар" деген сөздөр "мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |