КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 29
Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр дайындалсын:
- Беков Төрөгул Ниязович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри;
- Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |