КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 680
Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн
жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |