Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 680 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби белгилейт.
Мурдагы аскер кызматчыларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана Мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Бириккен Куралдуу Күчтөрүндө, ошондой эле СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө офицерлер, прапорщиктер, мичмандар катары аскердик кызматты же жоокерлер, матростор, сержанттар жана старшиналар катары контракт же чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөгөн жарандар кирет жана аларга карата аскердик-дарыгердик комиссиялар (мындан ары - АДК) ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо жөнүндө маселени кароого ыйгарым укуктуу.
2. Аскердик-дарыгердик комиссия оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн жана майыптыктардын себептик байланышы жөнүндө АДК тарабынан мурда чыгарылган токтомдорду кайра кароого жана төмөнкүдөй токтомдорду чыгарууга укуктуу:
- "ООБА, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган";
- "ООБА, аскердик кызматты өтөө мезгилинде алынган";
- "ЖОК, Куралдуу Күчтөрдөгү кызмат менен байланышы жок";
- "ООБА, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аракеттеги армиянын курамында жүргөн мезгилде алынган";
- "оору (радиациялык-шартталган), ООБА, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган, Чернобыль атомдук электростанция авариясынын кесепеттерин жоюу боюнча иштер менен байланыштуу" жана башка токтомдор.
3. Ички аскерлердин мурдагы аскер кызматчыларынын, чек ара аскерлеринин, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин органдарынын жана аскерлеринин, анын ичинде СССРдин Бүткүл россиялык өзгөчө комиссиясынын, СССРдин Мамлекеттик саясий башкармалыгынын, СССРдин Бириктирилген мамлекеттик саясий башкармалыгынын, СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук эл комиссариатынын, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин, СССРдин Коомдук тартипти коргоо министрлигинин, СССРдин кылмыш-жаза-аткаруу органдарынын, СССРдин аскер прокуратурасынын жана аскер сотунун ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышы жөнүндө маселелер бардык мезгилдер үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын АДКсы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин АДКсы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин АДКсы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын АДКсы тарабынын каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мертинүү деп механикалык, химиялык (уулуу заттар, газдар менен уулануу), термикалык, өзгөчө (электр тогу, радиоактивдүү, иондоштуруучу жана лазердик нурлануу, ашкере жогорку жыштыктагы патогендүүлүктүн I жана II топтордогу микроорганизмдери, талаасы) жана барометрдик факторлор менен тышкы таасирлердин натыйжасында ткандардын жана органдардын жабыркоосун түшүнүү керек.
5. Аскердик кызмат (аскердик жыйындар) өтөгөн жарандардын жарадар болууларынын (контузиялардын, мертинүүсүнүн, майыптыктардын), ооруларынын себептик байланышы штаттык АДК тарабынан аныкталат жана арыз ээси жок болгондо деле (документтер боюнча) төмөнкүдөй каралышы мүмкүн:
1) аскердик кызмат (аскердик жыйындар) өтөгөн, АДК тарабынан күбөлөндүрүлгөн же ден соолугунун абалы боюнча Куралдуу Күчтөрдөн бошотулган жарандарда;
2) эгерде жаран аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде алган жарадар болуу (контузия, мертинүү, майыптык), оору боюнча дарыланууда болуп жана аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде АДКга күбөлөндүрүүгө жиберилбеген учурларда;
3) эгерде жаранда күжүрмөн аракеттерге катышуу мезгилинде алынган денесинин зыянга учураган айкын кесепеттери бар болсо;
4) эгерде аскердик кызматтан бошотулгандан кийин (аскердик жыйындар аяктаганда) бир жылга чейин аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде алынган жарадар болуунун (контузиянын, мертинүүнүн, майыптыктын), оорулардын кесепетинен майыптык белгиленсе же каза (өлгөн) болсо;
5) аскердик кызмат (аскердик жыйын) өтөгөн жана Чернобыль атомдук электростанциясындагы (мындан ары - ЧАЭС) авариянын кесепеттерин жоюуга жана башка ядролук объекттерде, ядролук сыноолордо жана радиоактивдүү заттардын, иондоштуруучу нурлануу булактарынын таасирлери менен байланышкан башка иштерге катышкан жарандарда;
6) аскердик кызмат (аскердик жыйын) өтөгөн жана ракеталык отундун компоненттеринин жана башка өтө уулуу заттардын, уулуу химикаттардын (химиялык куралга кирген), электромагниттик талаанын жана лазердик нурлануунун булактарынын, патогендүүлүктүн I жана II топтордогу микроорганизмдеринин таасири менен шартталган бузулуулардын жыйынтыгында жана барометрдик фактордон жабыркаган жарандарда.
Аскер кызматчынын өлүмүнө алып келген оорулардын, жарадар болуулардын, контузиялардын, мертинүүлөрдүн, майыптыктардын себептик байланышын аскердик-медициналык документтердин, тергөө материалдарынын (кызматтык иликтөөнүн, алгачкы текшерүүнүн) негизинде штаттык АДК аныктайт. Мурдагы аскер кызматчылардын өлүмүнүн себептик байланышын соттук-медициналык экспертиза белгилейт.
6. Полктордун мурдагы тарбиялануучуларынын жана юнгалардын ооруларынын, контузияларынын, мертинүүсүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышынын маселелери, мурдагы тарбиялануучуларга жана юнгаларга бөлүктүн командиринин буйругу боюнча аскердик наам ыйгарылган учурлардан тышкары АДКда кароого жатпайт.
7. Оору жөнүндө күбөлүктө же башка аскердик-медициналык документтерде оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн жана майыптыктардын себептик байланышы жөнүндө маалыматтар жок болгондо, аларды туура эмес тариздегенде же болгон маалыматтар менен макул болбогондо, ошондой эле өздүк делонун документтеринде, бөлүк боюнча көчүрмөлөрдө, өтмө күбөлүктө, аскердик милдеттеринен бошотуу жөнүндө күбөлүктө, кызыл армиялык китепчесинде, аскердик билетте "оорусу боюнча" же "ден соолугунун абалы боюнча" Куралдуу Күчтөрдөн жана башка аскердик түзүлүштөрдөн мурдагы аскер кызматчыны бошотуу жөнүндө жазуулар болгондо социалдык камсыздоо органдары же арыз ээси документтерди штаттык АДКга кароого жиберет.
8. АДКнын оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн жана майыптыктардын себептик байланышы жөнүндө токтому менен социалдык камсыздоо органдары же арыз ээси макул болбогондо мурдагы аскер кызматчылардын документтери АДКга кароого жиберилет. АДКнын корутундусу менен макул болбогондо социалдык камсыздоо органы же арыз ээси сотко кайрыла алышат.
9. Штаттык АДК мурдагы аскер кызматчынын керектүү документтерин 2-тиркемеге ылайык карап чыгып, ар бир өзүнчө учурда төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн жана майыптыктардын себептик байланышын 1-тиркеменин 3-үлгүсүнө ылайык аныктайт;
- маселенин негизи боюнча кеңешмелик корутунду жана түшүндүрмө берет;
- кошумча маалымдама материалдарды сурап алат;
- мурдагы аскер кызматчыга медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү өткөрөт;
- документтерди таандык жерлерге жиберет.
АДКнын оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн, майыптыктардын себептик байланышы жөнүндө токтом чыгаруу тууралуу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана Мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагына) каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо) 23-тиркемесине ылайык таризделет.
АДКнын жыйындарынын протоколдору, ошондой эле каралган документтердин көчүрмөлөрү хронологиялык тартипте делого көктөлөт. Бүткөн делолор иш кагаздарын жүргүзүү талаптарына ылайык таризделет жана 50 жыл сакталууга тийиш.
10. АДК себептик байланыш жөнүндө өзүнүн токтомун мурдагы аскер кызматчынын жашаган жери боюнча тийиштүү социалдык камсыздоо органына жиберет. Эгерде, себептик байланыш жөнүндө маселе мурдагы аскер кызматчынын жеке арызы боюнча каралса, АДК кабыл алынган чечим жөнүндө ага кабарлайт, эгерде токтом чыгарылса, аны колуна берет же ал качан жана кайда жиберилгенин ага кабарлайт.
11. АДКнын оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн, жаракат алуунун себептик байланышы жөнүндө токтому Куралдуу Күчтөрдө Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган формулировкаларда чыгарылат, мында формулиравкада аскердик кызматтын шарттары менен байланышы бар болсо "ООБА" же байланыш жок болсо "ЖОК" деген жазуу жазылат.
12. Эгерде мурдагы аскер кызматчынын оорусу жөнүндө күбөлүгүнө, ар түрдүү убакта жана ар түрдүү шарттарда алынган оорулары, жарадар болуусу, контузиялары, мертинүүлөрү, майыптыктары жазылса, АДК өзүнүн токтомунда алардын себептик байланыштарын 1-тиркеменин 4-үлгүсүнө ылайык өзүнчө көрсөтүшү керек.
13. Каралып жаткан аскердик-медициналык (аскердик) документтерде оорунун диагнозу көрсөтүлбөгөн, бирок мурдагы аскер кызматчыны, ал аскердик кызмат өтөп жүргөндө күбөлөндүрүү мезгилинде колдонулган Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жүгүртмөсү беренелери келтирилген учурларда, АДК өзүнүн токтомунда ушул беренеде каралган оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин аталышын келтирет (1-тиркеменин 5-үлгүсү).
14. Аскердик-медициналык (аскердик) документтеги диагноз себептик байланыш жөнүндө токтом чыгарган аскердик-дарыгердик (дарыгердик) комиссия тарабынан ката коюлган учурларда, АДК оорулардын себептик байланышы жөнүндө өзүнүн токтомунда формулировкасын өзгөртпөстөн биринчи диагнозду көрсөтөт жана токтом чыгарыла турган оорунун такталган диагнозун келтирет (1-тиркеменин 6-үлгүсү).
15. Аскердик кызмат өтөгөн мезгилде пайда болгон оорусу жөнүндө күбөлүктө, мурда кызмат өтөө мезгилинде ооруганы чагылдырылбаса жана аскердик-медициналык жана документтер менен тастыкталган оорусу боюнча (контузиялар, жаракат алуулар, мертинүүлөр) АДКда күбөлөндүрүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк болуп туруп өтпөсө, бирок карала турган оорулар жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн оорулардын келип чыгышынын (өөрчүшүнүн) себеби болуп эсептелсе, АДК себептик байланыш жөнүндө маселени кароого милдеттүү (1-тиркеменин 7-үлгүсү).
16. АДК, оору жөнүндө күбөлүктөр жана кызмат өтөө мезгилинде түзүлгөн башка аскердик-медициналык (аскердик) документтер боюнча мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын себептик байланышын карап чыгууда, дарылоо мекемелери тарабынан берилген документтердин негизинде аракеттеги армияда жүргөн мезгилде диагноз коюлбаган жана аскер кызматчы Куралдуу Күчтөрдөн бошотулгандан кийин 1 жыл аралыгында же кечирээк, бирок 1 жыл үчүн көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча, эгерде алар оорунун башталышын аракеттеги армияда, аймактык күжүрмөн аракеттер зонасында жүргөн мезгилге киргизүүгө мүмкүндүк берсе, жай өсүүчү өнөкөт оорулардын фронтто болуу менен байланышы жөнүндө маселени чечет.
17. Жаракат жөнүңдө аскер кызматчысы кызмат өтөгөн жеринен маалымкат жок болгондо, АДК жарадар болуунун (контузиялардын, жаракат алуунун, мертинүүнүн) себептик байланышы жөнүндө токтом чыгарууда 1-тиркеменин 8-үлгүсүнө ылайык жаракат (контузия, мертинүү жана майыптык) алуунун себеби жана шарттары көрсөтүлгөн төмөнкү документтер эске алынышы мүмкүн (эгерде алар жаракат (контузия, мертинүү, майыптык) алган учурдан баштап 3 айдан кеч эмес түзүлсө):
- кызматтык жана медициналык мүнөздөмөлөр;
- медициналык жардам үчүн биринчи кайрылуу жөнүндө амбулаториядагы оорулууларды каттоо китебинен көчүрмө;
- административдик же кызматтык иликтөөнүн, алгачкы текшерүүнүн же кылмыш ишинин материалдары, аттестациялар;
- саламаттык сактоо мекемелеринин же аскердик-медициналык мекеменин маалымкаты;
- оорунун тарыхы же андан көчүрмө;
- оору жөнүндө күбөлүк;
- саламаттык сактоо тутумунун мекемесинин дарыгер-адисинин, аскердик бөлүктүн же аскердик-медициналык мекеменин дарыгеринин аскер кызматчынын (окуу же атайын жыйындарды өтөгөн жарандын) медициналык китепчесиндеги медициналык жардам үчүн биринчи кайрылуусу жөнүндө жазуусу;
- архив мекемесинин маалымкаты.
18. АДК аскердик-медициналык (аскердик) документтердеги, ошондой эле согуш жылдарында же башка күжүрмөн аракеттерде түзүлгөн документтердеги (өздүк делонун документтери, аттестациялар, кызматтык жана күжүрмөн мүнөздөмөлөр, сыйлоо барактары, бөлүк боюнча буйруктардан көчүрмөлөр, аскердик кызматтын милдеттеринен бошотуу жөнүндө күбөлүк жана башка документтер) баштын, беттин, моюндун же бир эле убакта көптөгөн (кайсы болбосун чектөөдөгү эки же андан көп бытырандылар менен) бытыранды жараттарды алгандыгы көрсөтүлгөн жазуулардын негизинде "ООБА, АСКЕРДИК ТРАВМА, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган" деп баш сөөк-мээ жаракатынын кесепеттеринин байланышы жөнүндө маселени кароого милдеттүү (1-тиркеменин 9-үлгүсү).
19. Эгерде, согуш жылдарында же башка күжүрмөн аракеттерде (оору жөнүндө күбөлүктө, АДКнын маалымкатында, оорунун тарыхында, медициналык маалымкаттарда) түзүлгөн аскердик-медициналык документтердин "анамнез" бөлүмүндө аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган жарадар болууга, контузияларга, мертинүүлөргө, майыптыктарга көрсөтмөлөр бар болсо же ушул эле документтерде ушул же башка оорулардын мүнөздүү белгилери гана көрсөтүлсө, анда АДК алардын себептик байланышы жөнүндө маселени чечүүгө ыйгарым укуктуу.
20. Денедеги зыянга учуроонун көрүнгөн кесепеттери бар болгондо: мурдагы аскер кызматчылардын, анын ичинде туткунда болгондордун буттарынын жок болуусу, баш сөөктөрүнүн бузулуулары, жарадар болуудан кийинки кеңири тырыктарынын, башка нерселердин жана башкаларынын бар болуусу, аскер кызматын өтөө мезгилинде ушул себеп боюнча АДКда аларды күбөлөндүрүү жөнүндө маалымат жок болгондо, мындай адамдар Куралдуу Күчтөрдөн бошотуу себебине жана ушул убакта аскердик кызматка жарактуулук даражасына карабастан, денедеги зыянга учуроонун мүнөзүн жана качан пайда болгонун аныктоо үчүн, дарылоо мекемелеринде кылдат текшерилгенден кийин АДКда күбөлөндүрүүгө жатат. Мында АДКнын курамына соттук-медициналык экспертизанын республикалык, облустук, шаардык, райондук бюролорунан соттук-медициналык эксперт тартылат. Денеде бар болгон көрүнгөн зыянга учуроонун мүнөзү жана качан пайда болгондугу соттук-медициналык эксперт тарабынан белгиленет.
Мурдагы аскер кызматчылар эгерде, согуш убагындагы документтерде (аскердик-каттоо документтерде, аттестацияларда, сыйлоо барактарында ж.б.), денедеги зыянга учуроону алуу фактысы кыйыр маалыматтар менен деле ошондой эле бөлүктөн бейтапканага дарыланууга кетүү жана бөлүккө дарылануудан кийин келүү жөнүндө архивдердин маалымкаты, атайын текшерүүнүн маалыматтары менен такталса күбөлөндүрүүгө жатат.
Мурдагы аскер кызматчыларда көрүнгөн денедеги зыянга учуроо болгондо гана, эгерде көрсөтмө командир же медициналык кызматкер, ал эми туткунда болгондорго карата туткунда чогуу болгон аскер кызматчылардын ичинен эки күбө тарабынан берилсе күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эске алынышы мүмкүн. Күбөлөрдүн колдорунун тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөнөт. Күбөлөр бирге аскер кызмат өтөөнү же туткунда болууну тастыктаган документтерди көрсөтүшөт.
Күбөлүк көрсөтмөлөр мурдагы аскер кызматчыларда башынан өткөргөн оору жана контузия фактысын аныктоо үчүн негиз болуп саналбайт.
Ушул Жобого ылайык ырастоочу документтерди көрсөтмөйүн башынан өткөргөн оору же контузия жөнүндө арыз берген мурдагы аскер кызматчылары күбөлөндүрүүгө жатпайт.
21. Текшерүүнүн жана күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары комиссиянын жыйындарынын протоколдор китебине жазылат жана АДКнын токтому менен таризделет.
"Анамнез" жана "дарыланууда болуу" бөлүмдөрүндө жарадар болуунун (мертинүүнүн) убагы, орду жана жагдайы кеңири көрсөтүлөт, мурдагы аскер кызматчы дарыланган аскердик-дарылоо мекемелери тийиштүү документтерге (архивдердин маалымкаттары, өздүк делонун документтеринен көчүрмө, бөлүк боюнча буйруктардан көчүрмө ж.б.) таянып саналат.
Диагноз анамнездин жана калыс, анын ичинде рентгенологиялык ж.б. текшерүүнүн маалыматтары менен негизделет.
"Диагноз" бөлүмүнө Куралдуу Күчтөрдөн, башка аскердик түзүлүштөрдөн жана Мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардан бошотулгандан кийин аскер кызматчылар тарабынан алынган оорулар, ошондой эле жарадар болуунун, контузиялардын, жаракат алуунун кесепеттери жазылбайт.
АДК мурдагы аскер кызматчынын берилген документтерин карап чыгып жана негиздер бар болгондо денедеги зыян учуроонун себептик байланышы жөнүндө гана токтом чыгарат жана өзүнүн чечимин токтом менен тариздейт. Берилген документтерди карап чыккандан кийин документтердин көчүрмөлөрү АДКда калат жана АДКнын жыйынынын протоколу менен бирге делого көктөлөт.
Эгерде АДК мурдагы аскер кызматчы ушул Жобого ылайык күбөлөндүрүүгө жатпагандыгын тапса, анда АДК токтом чыгарууда баш тартуунун себебинин жүйөөсүн негиздейт.
22. Эгерде берилген документтер токтом чыгарууга жетишсиз болсо АДК кошумча документтерди издөөнү өз алдынча жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан башка мамлекеттердин архив мекемелерине суроо-талап жиберүүгө, аскер комиссариаттарына жана социалдык камсыздоо органдарына мурдагы аскер кызматчыларындагы оорулардын, жарадар болуунун, контузиялардын, мертинүүнүн жана майыптыктардын себептик байланышын аныктоо маселеси боюнча кеңештерди берүүгө укуктуу.
Келип чыгуусу радиоактивдүү заттардын, иондоштуруучу нурлануу булактарынын таасиринин натыйжасында радиациялык таасир менен байланышы мүмкүн болгон оорулардын себептик байланышын белгилөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмесин жетекчиликке алыш керек.
23. Ядролук объекттердеги, ядролук сыноолордогу аварияларда жана радиациялык заттардын, иондошкон нурлануу булактарынын таасири менен шартталган бузулуулардын натыйжасында радиациянын таасири менен байланышкан башка иштерге жарандардын түздөн-түз катышуусун же ракеталык отундун жана башка жогорку уулуу заттардын, уулуу химикаттардын (химиялык куралга кирген) компоненттери, электр магниттик талаасынын жана лазердик нурлануунун, патогендүүлүктүн I жана II тобундагы микроорганизмдер менен иштөөнү тастыктаган документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) суу үстүндөгү жана суу астындагы кемелердин ядролук орнотмолорунда Аскер-Деңиз Флотунун жээктеги объекттеринде жана башка аскердик объекттерде болгон радиациялык авариялардын тизмеси, ошондой эле ядролук объекттердеги, ядролук сыноолордогу аварияларга жана радиоактивдүү заттардын, иондошкон нурлануу булактарынын таасири менен шартталган бузулуулардын жыйынтыгындагы радиациянын таасири менен байланышкан башка иштерге түздөн-түз катышкан аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн жана өзүнчө кемелердин, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн Башкы кол башчысынын, Куралдуу Күчтөрдүн аскерлердин түрлөрүнүн командачылары, СССР Коргоо министрлигинин Башкы жана Борбордук башкармалыктарынын башчылары тарабынан бекитилген тизмеси;
2) вахта журналдарынан, илимий-техникалык отчеттордон, дозиметриялык контролдоо журналдарынан, иштерди аткаруу үчүн аскер кызматчыларды жана жарандык персоналды иш сапарга жөнөтүү жөнүндө буйруктардан, сыйлоо жөнүндө буйруктардан (аскер кызматчыларынын кызматтык карточкаларынан) көчүрмөлөр;
3) учуучу-техникалык курам үчүн учуу китепчелери;
4) офицердин, прапорщиктин (мичмандардын), мөөнөтүнөн ашык кызматтын аскер кызматчыларынын, контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан (өтөгөн) жоокерлердин, матростордун, сержанттардын, старшиналардын өздүк делолорунун кызмат өтөө тизмеси;
5) чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөгөн жоокерлердин, матростордун, сержанттардын, старшиналардын аскердик билети;
6) сот органдарынын чечимдери;
7) архив документтери;
8) ядролук объекттердеги, ядролук сыноолордогу аварияларга жана радиациялык заттардын, иондошкон нурлануу булактарынын таасири менен шартталган бузулуулардын натыйжасында радиациянын таасири менен байланышкан башка иштерге жарандардын түздөн-түз катышуусун же ракеталык отундун жана башка жогорку уулуу заттардын, уулуу химикаттардын (химиялык куралга кирген) компоненттери, электр магнит талаасынын жана лазердик нурлануунун, патогендүүлүктүн I жана II тобундагы микроорганизмдер менен ишти тастыктаган башка документтер.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге коомдук уюмдардын жана бирикмелердин документтери, ошол убактагы гезиттердин макалалары, кино,- фотодокументтер тиркелиши мүмкүн.
24. Каралып жаткан (архивдин маалымкаты менен тастыкталган) аскердик-медициналык, медициналык документтерде ракеталык отундун жана башка жогорку уулуу заттардын, уулуу химикаттардын (химиялык куралга кирген) компоненттери, электр магнит талаасынын жана лазердик нурлануунун, патогендүүлүктүн I жана II тобундагы микроорганизмдердин таасиринин мүнөздүү кесепеттери менен оорулар бар болгон учурларда "ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган" деп оорунун себептик байланышы жөнүндө токтом чыгарылат (1-тиркеменин 10-үлгүсү).
25. Аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөө мезгилинде дарыланууда болгон бирок, АДКда күбөлөндүрүлбөгөн мурдагы аскер кызматчыларга жарадар болуунун (контузиялардын, жаракат алуунун, мертинүүнүн) кесепеттеринин себептик байланышын аныктоодо алынган мертинүүнүн жагдайы жөнүндө берилген документтерге ылайык токтом чыгарылат (1-тиркеменин 11-үлгүсү).
|
| Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу "Нурлануунун мурдагы кесепеттери. Орточо көрүнгөн гипертензиондук жана астеновегетативдик белгиси, эске тутуунун төмөндөшү менен аралашкан генездеги II даражадагы энцефалопатия", ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, Семипалатинск ядролук полигонунда аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
2-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтому менен 1-тиркеменин 2-үлгүсүнүн расмий тилдеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу "Ашказандын ремиссия фазасындагы жара оорусу", ал КРнын КМ 2002-жылдын 6-мартындагы № 33 буйругунун I графасынын "в" пунктунун 63-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын АДКсынын 2007-жылдын 15-июлундагы № 432 оору жөнүндө күбөлүккө ылайык, тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардык эмес кызматка жарактуу деп табылган, ООБА, аскердик кызмат өтөө мезгилинде алынган.
2007-жылдын 15-июлундагы № 432 оору жөнүндө күбөлүк боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын АДКсынын "оорусу жок, Куралдуу Күчтөрдөгү кызмат менен байланышы жок" - деген токтому жокко чыгарылсын.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
3-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу: "Вирустук гепатит", ал 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 6/3/1-1153 архивдик маалымкатка ылайык 51931 т/п бейтапканасында дарыланууда болгон, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ Афганистан Демократиялык Республикасында аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
4-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу жана жаракаты 38756 аскер бөлүгүнүн АДКнын 1968-жылдын 25-майындагы № 1235 оору жөнүндө күбөлүгүнө ылайык, СССР УККнын (НКО) 1966-жылдагы № 224 буйругунун III графасынын 30 "б", 26 "а", 27 "б", 39 "б" беренелеринин негизинде аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган: - оорусу: "Ашказандын өнөкөт жара оорусу", ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аракеттеги армияда болгон мезгилде алынган; - оорусу: "Өнөкөт коронардык кемтик, жалпы кан айлануунун бузулушу менен ири ордолуу кардиосклероз, Н I". I-II даражадагы гипертониялык оору, кардиоцеребралдык форма", ООБА, аскердик кызмат өтөө убагында алынган; - жаракат: "буттардын функциясынын орточо бузулуусу менен сол жамбаштын жумшак тканынын ок тешкен жараты", ООБА, аскердик кызмат өтөө мезгилинде алынган.
38756 аскер бөлүгүнүн АДК себептик байланыш жөнүндө токтому № 1235 оорунун күбөлүгү боюнча жокко чыгарылсын.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
5-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жаранынын оорусу "Компенсациянын бузулуу көрүнүштөрү менен жүрөктүн же чоң тамырлардын органикалык оорулары. Жүрөк-кан тамыр системасынын же башка органдарынын функциясынын бузулуусу менен ачык көрүнгөн атеросклероз" СССР Коргоо эл комиссарынын 1942-жылдагы № 336 буйругунун I графасынын 30-беренесинде каралган, 1945-жылдын 9-апрелинде Москва шаарынын Киев РАКы тарабынан берилген аскердик милдеттен бошотуу жөнүндө № 3175 күбөлүгүнө ылайык ал, 1945-жылдын 8-апрелинде Москва гарнизонун АДКсы тарабынан аскердик каттоодон чыгаруу менен жараксыз деп табылган, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аракеттеги армияда болгон мезгилде алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
6-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу "Мезгили менен күчөөчү өнөкөт бронхит" деген диагноз коюлган, ал боюнча СССРдин УКК 1940-жылдагы № 336 буйругунун I графасынын 26-беренесинин негизинде, АДК ЭГ 2180дин 1943-жылдын 15-июнундагы № 718 маалымкатына ылайык Пенза шаарынын шаардык тубдиспансеринин 1947-жылдын 12-майындагы оорусунун тарыхынан көчүрмөсүнө ылайык инфильтрация фазасында жана БК + (плюс) түшүүсүндө өпкөнүн субкомпенсацияланган ордолуу кургак учугунун кесепетинен катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылган, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аракеттеги армияда болгон мезгилде алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
7-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын контузиясы (мертинүүсү) кийин II даражадагы гипертониялык оорунун күчөөсүнө, кардиоцеребралдык формага алып келген, бул боюнча ал, СССР КМ 1973-жылдагы № 185 буйругунун III графасынын 27 "б" беренесинин негизинде ӨАО АДК 365 1974-жылдын 22-октябрындагы оору жөнүндө № 1356 күбөлүгүнө ылайык тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында II даражадагы чекгүү жарактуу деп табылган, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТРШҮҮ, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
8-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын майып болуусу: "Оң көзүнүн жоктугу", СССР УККнын (НКО) 1940-жылдагы № 184 буйругунун 1 графасынын 114 "б" беренесинин негизинде АДК ЭГ 3591 1942-жылдын 29-октябрындагы № 1288/989 оорунун тарыхына ылайык ал катардагы эмес кызматка жарактуу деп табылган, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
9-үлгү
| ТОКТОМ |
Штаттык АДКнын
бурчтук штампы
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын жарадар болуусу, "Беттин, моюндун көптөгөн майда бытыранды жаракат болуусу", 1983-ж. 13.03. № 139 оорусу жөнүндө тарыхка ылайык ал 1567 талаа почтасы аскердик бөлүгүндө стационардык дарыланууда болгон, анын кесепетинде контузиядан кийинки II-III даражадагы кулактын каңырыш угушунун өнүгүүсүнө алып келген, ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, Афганстан Демократиялык Республикасында аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
10-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын оорусу: "Өнөкөт гепатит катары диагноз коюлган" ушуга байланыштуу Ташкент шаарынын аскердик госпиталында дарыланууда болгон, 1991-жылдын 18-апрелиндеги № 187 оорусу жөнүндө көчүрмө, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук ооруканасынын кесиптик патология бөлүмчөсүнүн 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 1121 оорусу жөнүндө тарыхынан көчүрмөгө ылайык "токсикалык гепатит", ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
11-үлгү
Штаттык АДКнын бурчтук штампы | ТОКТОМ |
201__-жылдын "___"- ________________
№ __________________________________
(индекс, комиссиянын почта дареги)
19__-жылы туулган ________________________________________________ (аты-жөнү)
жарандын мертинүүсү: "Жабык баш сөөк-мээ мертинүүсү, баш мээнин чайкалуусу", ушуга байланыштуу 44594 аскер бөлүгүндө дарыланууда болгон, 1995-жылдын 15-октябрындагы № 1523 оорунун тарыхы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук ооруканасынын неврология бөлүмчөсүнүн № 7647 оору тарыхынан көчүрмөгө ылайык "көрүнгөн гипертензиялык жана карышуу белгилери менен жабык баш сөөк-мээ мертинүүсүнүн көп жылдык кесепеттери", ООБА, АСКЕРДИК МЕРТИНҮҮ, аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда алынган.
Негиз: 201__-ж. "___"- ________________ № _______ протокол
Штаттык АДКнын төрагасы _________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү, колу)
М.О.
|
| Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланыштарын аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик комиссияларга берилүүчү документтер төмөнкүлөр:
1. Мурдагы аскер кызматчылар үчүн:
1) аскердик билет;
2) медициналык документтер (оорусу жөнүндө күбөлүк, аскердик жана жарандык дарылоо мекемелеринен көчүрмөлөр, медициналык китепче).
2. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн:
1) аскердик билет;
2) кызыл армия китепчеси;
3) аскердик милдеттерден бошотулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
4) медициналык документтер (оорусу жөнүндө күбөлүк, аскердик-медициналык дарылоо мекемелеринен көчүрмө);
5) архивдик маалымкаттар;
6) сот-медициналык экспертизанын корутундусу.
3. Күжүрмөн аракеттердин катышуучулары үчүн:
1) аскердик билет;
2) күжүрмөн аракеттердин катышуучусунун күбөлүгү;
3) медициналык документтер (оорусу жөнүндө күбөлүк, медициналык мекемелерден көчүрмөлөр);
4) архивдик документтер.
4. Чернобыль атомдук электростанциядагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн:
1) аскердик бөлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Чернобыль атомдук электростанциядагы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерде болуу мөөнөттөрү жана алган нурлануу дозасы жөнүндө белгиси менен аскердик билет (Чернобыль атомдук электростанцияга иш сапарга жиберилгендиги жөнүндө буйруктан көчүрмө, иш сапар күбөлүгү);
2) Чернобыль атомдук электростанциядагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучунун күбөлүгү;
3) хронологиялык тартипте ооруган (бар болгон) оорулардын диагноздорун, күчөө жыштыктарын, ишке жөндөмүн убактылуу (туруктуу) жоготуусун көрсөтүү менен амбулатордук картадан толук көчүрмө;
4) майыптыгы бар болсо пенсия күбөлүгү;
5) оору тарыхынан, анын ичинде кесиптик патология бөлүмчөсүнөн ооруканага акыркы жатып чыгуусунан көчүрмө;
6) Чернобыль атомдук электростанциядагы авариясынын кесепетинен жана жарандык, аскердик арналыштагы башка ядролук объекттерде, ошондой эле ядролук түзүлүштөрдүн ар кайсы түрү, ядролук курал менен байланышкан ядролук сыноолордо, окууларда жана башка жумуштарда радиациянын таасири менен оорууга жана майып болууга себептик байланышты белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу.
5. Ядролук объекттердеги, ядролук сыноолордогу аварияларда жана радиоактивдүү заттар, иондошкон нурлануунун булактарынын таасиринде шартталган кыйроолордун жыйынтыгында радиациянын таасири менен байланышкан башка жумуштарда жабыркагандар же ракеталык отундун компоненттеринин жана башка жогорку уулуу заттардын, уулуу химикаттардын (химиялык куралга тиешелүү), электромагниттик талаанын жана лазердик нурлануунун булактарынын, патогендүүлүктүн I жана II топторундагы микроорганизмдердин таасирине шартталган кыйроолордун жыйынтыгында жабыркагандар үчүн:
1) аскердик билет;
2) белгиленген үлгүдөгү маалымкаттар;
3) хронологиялык тартипте ооруган (бар болгон) оорулардын диагноздорун, күчөө жыштыктарын, ишке жөндөмүн убактылуу (туруктуу) жоготуусун көрсөтүү менен амбулатордук картадан толук көчүрмө;
4) майыптыгы бар болсо пенсия күбөлүгү;
5) оору тарыхынан, анын ичинде кесиптик патология бөлүмчөсүнөн ооруканага акыркы жатып чыгуусунан көчүрмө;
6) Чернобыль атомдук электростанциядагы авариянын кесепетинен жана жарандык, аскердик арналыштагы башка ядролук объекттерде, ошондой эле ядролук түзүлүштөрдүн ар кайсы түрү, ядролук курал менен байланышкан ядролук сыноолордо, окууларда жана башка жумуштарда радиациянын таасири менен оорунун жана майып болуунун себептик байланышын белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу (ядролук объекттердеги, ядролук сыноолордогу аварияларда жана радиоактивдүү заттар, иондошкон нурлануунун булактарынын таасиринде шартталган кыйроолордун жыйынтыгында радиациянын таасири менен байланышкан башка жумуштарда жабыркагандар үчүн);
7) архивдик маалымкат.