Редакцияот 09.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 9-октябры № 686

2007-жылдын 25-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2007-жылдын 25-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган тиркелген протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Аталган протоколду ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Премьер-министр

 

 

 

Ж.Сатыбалдиев