Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-октябры № 695
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдердин милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу биринчи кезектеги чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен биринчи кезектеги тартипте:
- тиркелген тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдарга жана алардын органдарына мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөсүн;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешине караштуу Интернационалист-жоокерлер иштери боюнча комитетинин 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөөнү улантууга, өлүктөр көмүлгөн жерлерди издөөгө, эксгумациялоого, калдыктарды идентификациялоого жана аларды Мекенинде кайра көмүүгө байланыштуу 80178,42 (сексен миң жүз жетимиш сегиз сом кырк эки тыйын) сом өлчөмүндө чыгымды төлөөнү жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬─────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│№ │ Уюмдардын аталышы │ 2012-жылга │
│ │ │ бюджетте │
│ │ │ каралган (сом.)│
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│1 │Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин │ 9089541,79 │
│ │(КМШ) бирдиктүү бюджети │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы │ 4557268,94 │
│ │туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│3 │КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо │ 2021524,55 │
│ │министрлеринин кеңешинин алдындагы абадан │ │
│ │коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет│ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│4 │КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы │ 11292506,64 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│5 │КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык │ 457140,00 │
│ │кызматташтык фонду (КМШ МГКФ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│6 │Евразиялык экономикалык коомдоштук (ЕврАзЭС) │ 20056877,54 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│7 │ЕврАзЭСтин кризиске каршы фонду (ККФ) │ 0,00 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│8 │Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) │ 17691182,48 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│9 │Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) │ 53551342,60 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│10│Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) │ 1413072,44 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│11│Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) │ 256792,07 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│12│Парламенттер аралык союз (ПАС) │ 558132,32 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│13│Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча │ 1410125,11 │
│ │уюм (ОБСЕ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│14│ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясы (ОБСЕ ПА) │ 88575,41 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│15│Ислам конференциясы уюмунун Парламенттик союзу │ 0,00 │
│ │(ИКУ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│16│Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл │ 3168359,07 │
│ │чарбалык уюмдары (БУУ ААУ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│17│БУУнун Башкы ассамблеясы │ 1650968,07 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│18│ЮНЕСКО (БУУнун илим, маданият жана билим берүү │ 2920410,03 │
│ │маселеси боюнча уюму) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│19│Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) │ 10397956,48 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│20│ШКУнун региондук террорго каршы түзүмү │ 6453076,77 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│21│Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык │ 2293623,55 │
│ │ассамблеясы (ТүркПА) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│22│Эл аралык көргөзмөлөр бюросу (ЭКБ) │ 114849,96 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│23│Эл аралык эпизоотиялык бюросу (ЭЭБ) │ 8562799,08 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│ │Жыйынтыгы: │ 158006124,90 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘