Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 363
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдердин милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдарга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 695 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдердин милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацында "80000 (сексен миң) сом өлчөмүндө" деген цифралар жана сөздөр "80178,42 (сексен миң жүз жетимиш сегиз сом кырк эки тыйын) сом өлчөмүндө" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 363 токтомуна тиркеме |
┌──┬─────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│№ │ Уюмдардын аталышы │ 2012-жылга │
│ │ │ бюджетте │
│ │ │ каралган (сом.)│
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│1 │Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин │ 9089541,79 │
│ │(КМШ) бирдиктүү бюджети │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы │ 4557268,94 │
│ │туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│3 │КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо │ 2021524,55 │
│ │министрлеринин кеңешинин алдындагы абадан │ │
│ │коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет│ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│4 │КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы │ 11292506,64 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│5 │КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык │ 457140,00 │
│ │кызматташтык фонду (КМШ МГКФ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│6 │Евразиялык экономикалык коомдоштук (ЕврАзЭС) │ 20056877,54 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│7 │ЕврАзЭСтин кризиске каршы фонду (ККФ) │ 0,00 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│8 │Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) │ 17691182,48 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│9 │Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) │ 53551342,60 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│10│Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) │ 1413072,44 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│11│Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) │ 256792,07 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│12│Парламенттер аралык союз (ПАС) │ 558132,32 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│13│Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча │ 1410125,11 │
│ │уюм (ОБСЕ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│14│ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясы (ОБСЕ ПА) │ 88575,41 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│15│Ислам конференциясы уюмунун Парламенттик союзу │ 0,00 │
│ │(ИКУ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│16│Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл │ 3168359,07 │
│ │чарбалык уюмдары (БУУ ААУ) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│17│БУУнун Башкы ассамблеясы │ 1650968,07 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│18│ЮНЕСКО (БУУнун илим, маданият жана билим берүү │ 2920410,03 │
│ │маселеси боюнча уюму) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│19│Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) │ 10397956,48 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│20│ШКУнун региондук террорго каршы түзүмү │ 6453076,77 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│21│Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык │ 2293623,55 │
│ │ассамблеясы (ТүркПА) │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│22│Эл аралык көргөзмөлөр бюросу (ЭКБ) │ 114849,96 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│23│Эл аралык эпизоотиялык бюросу (ЭЭБ) │ 8562799,08 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│ │Жыйынтыгы: │ 158006124,90 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘
|
|