Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-октябры № 706
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, И.Ю.Карамушкина, М.Ю.Абдылдаев, К.С.Бокоев, К.О.Осмоналиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, И.Ю.Карамушкина, М.Ю.Абдылдаев, К.С.Бокоев, К.О.Осмоналиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдугун берет.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 4-пунктундагы "башка" деген сөздү алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесине ылайык мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин атына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилет.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими жыйындарда депутаттардын добуш берүүсү жолу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен таризделет.
Мында аталган чечим депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Өз кезегинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими буйрук жана токтом түрүндө кабыл алынат.
Буга ылайык мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (буйругу) менен таризделиши керек.
Буга байланыштуу белгиленген актыларды кабыл алуу жол-жобосун эске алуу менен айтылган сунуштарды киргизүү Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ишке ашырылаарын Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде кароону сунуш кылабыз.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында облустук мамлекеттик администрациялардын иштөөсү каралбагандыктан Мыйзам долбоорунун 9-беренесинде "облустук мамлекеттик администрацияларга" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
Сунушталган Мыйзам долбоорунун 11-беренесине ылайык баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү, ошондой эле өндүрүш тармактарында жана социалдык-маданий чөйрөдө көрүнүктүү эмгек сиңиргендиги, жетишкен жогорку натыйжалары үчүн сыйлангандарды кошпогондо, өзгөчө сиңирген жаңы эмгеги үчүн жарандарды кезектеги сыйлыкка көрсөтүү мамлекеттик сыйлык менен мурда сыйланган учурдан тартып беш жылдан кийин жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, "көрүнүктүү эмгек сиңиргендиги" жана "жетишкен жогорку натыйжалары" терминдери баалоо катары эсептелинет жана сыйлыкка көрсөтүлгөн субъекттерге мыйзамдуу так бекитилген критерийлерди колдонбой эле өз пикири боюнча тигил же бул кырдаалды чечмелөөгө укук берээрин белгилеп кетүү зарыл. Ошондуктан мамлекеттик сыйлык менен сыйлоо үчүн баалоого тийиш эмес мүнөздөмөлөрдүн тизмесин тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин биринчи бөлүгү, 26, 38, 50 жана 53-беренелери боюнча да ушул сыяктуу сын-пикирди айтабыз.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде жаңы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн жарандарды кезектеги сыйлыкка көрсөтүү мамлекеттик сыйлык менен мурда сыйланган учурдан тартып беш жылдан кийин жүргүзүлөөрүн эске алып, 28-берененин экинчи сүйлөмүн, 29, 30, 31 жана 32-беренелеринин экинчи бөлүктөрүн алып салууну сунуш кылабыз.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам журналист болуп эсептелет, бул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптарын эске алып, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери үчүн кесиптик өсүүгө болгон умтулуусуна дем берүүгө шарттарды түзүү максатында Мыйзам долбоорунун 38-беренесинде каралган "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" ардак наамына номинанттардын катарынан журналисттерди чыгарууну, 27-беренени төмөнкү мазмундагы 29-пункт менен толуктоону сунуш кылабыз:
"29) "Эмгек сиңирген журналист".
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорун аларды сыйлоо тартибин жана негизин караган тиешелүү беренелер менен толуктоо же башка мамлекеттик сыйлыкты уюштуруу зарыл.
Ошондой эле мыйзам долбоорун "Укук коргоо органдарынын эмгек сиңирген кызматкери" деген ардак наамды камтыган түшүнүк жана аларды сыйлоо тартибин жана негизин караган тиешелүү беренелер менен толуктоону сунуш кылабыз.
Ошону менен бирге КМШнын бардык өлкөлөрүндө "Эмгек сиңирген архитектор" жана "Эл архитектору" наамдары уюштурулганын көңүлгө алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын архитектуралык шаар куруу өнүгүүсүнө архитекторлордун баа жеткис эмгегин эске алып, Мыйзам долбоорунун 27-беренесин "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору" жана "Кыргыз Республикасынын Эл архитектору" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Ардак наамдардын арасынан тиешелүү кесипкөйлүк ишине ылайык ыйгарыла турган өзүнүн мамлекеттик ардак наамдарына дипломатиялык кызмат ээ эмес, ошол эле мезгилде постсоветтик өлкөлөрдө, башкача айтканда, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында "Дипломатиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы 10 жылдан ашык мезгилден бери дипломатиялык кызматтын эң жогорку кесипкөй адистерине ыйгарылып келээрин эске алуу менен төмөнкүлөрдү максатка ылайык деп эсептейбиз:
- Мыйзам долбоорунун 27-беренесин төмөнкү мазмундагы 30-пункт менен толуктоо:
"30) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын эмгек сиңирген кызматкери";
- долбоорду төмөнкү мазмундагы 56-берене менен толуктоону:
- "56-берене.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашырууда сиңирген эмгеги жана көп жылдык үзүрлүү дипломатиялык иши үчүн 10 жылдан кем эмес убакыттан кийин иши тышкы саясий функцияларды ишке ашыруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органынын бирдиктүү системасынын кызматкерлерине ыйгарылат.";
- 56-беренени тиешелүү түрдө 57-берене деп эсептөө керек ж.б.
Мыйзам долбоордун 35-беренесинде "өлкөбүздүн стабилдүү санитардык бакубатчылыгына салым кошкон, санитардык-профилактикалык иш менен алектенген дарыгерлерге" деген сөздөр "өлкөбүздүн стабилдүү санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгына салым кошкон, санитардык-профилактикалык жана эпидемияга каршы иш жүргүзгөн дарыгерлерге" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 40-беренесинин өнөр жайдын бардык тармактарындагы жамааттардын жана ишканалардын кызматчыларына наам берүү бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуш кылабыз. Бул беренеде экономиканын өнүгүүсүнүн жаңы тенденциясы эске алынган эмес, тигүү, тамак-аш, жеңил жана башка ушул сыяктуу киреше алып келүүчү тармактар жок.
Мыйзам долбоорунун 48-беренесинде "финансы системасын өркүндөтүүгө" деген сөздөрдөн кийин "расмий статистикалык эсебин" деген сөздөр менен толуктоону, "жогорку квалификациялуу экономисттерге, финансисттерге жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерине" деген сөздөр "үчүн экономика, финансы тармагындагы жогорку кесипкөй адистерге" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Дене тарбия жана спорт тармагынын мертинүү менен коштолгон өзгөчөлүгүн эске алып, ошондой эле аталган тармактын кызматкерлерин колдоо максатында 51-беренедеги "20 жыл жана андан көп" деген сөздөрдү "15 жана андан көп" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Андан сырткары, ченем жаратуу техникасынын эрежелерин эске алып, Мыйзам долбоордун түзүмүн жана мазмунун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Н.Момуналиев |