ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 709 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция11.10.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 11-октябры № 709

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын карамагына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-сентябрындагы № 332-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев