Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-майы № 315
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 709, 2014-жылдын 3-февралы № 65, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын карамагына "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Арген" N 172 бала бакчасы" мектепке чейинки мекемесин" акысыз негизде белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы өткөрүп берүүчү мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди өзүнүн карамагына ушул токтомдун тиркемесине ылайык кабыл алсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагына өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстерди ушул токтомдун тиркемесине ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө маселени карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагына өткөрүп берилүүчү мекемелерди андан ары каржылоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 709 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Ысык-Көл" мейманканалык-соода комплекси" мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 345-б буйругу.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына ведомстволук караштуу мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 65, 2015-жылдын 5-июнундагы № 346, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 токтомдорунун редакциялына ылайык)
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 токтомуна ылайык кжоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы.
4. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Коомдук маалыматтык борбор" мамлекеттик мекемеси.