КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 12-октябры № 711
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун экинчи абзацындагы "республикалык мамлекеттик бийлик органдарына" деген сөздөр "тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн курамына кызмат орду боюнча саламаттык сактоо, жол-транспорт комплекси, байланыш, маалыматташтыруу, айыл чарба, өнөр жай, социалдык өнүгүү, эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилери, финансы, билим берүү жана илим, экономика, юстиция чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын статс-катчылары кирет.";
- 22-пункттагы "республикалык мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуучу тараптагы комиссиянын ишин координациялоо тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |