Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 17-октябры № 720
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү" тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору адамдардын эки категориясына: башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө кенже баласынын жашы жетилгенге чейин, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине кошумча социалдык кепилдиктерди берүүнү карайт.
"Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 22-декабрында № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомду кабыл алган, ал жарандардын 25 категориясына жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды (мындан ары акчалай компенсация) төлөө системасын киргизүү аркылуу даректүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүүнү, жеңилдиктерди оптималдаштырууну, категориялык принциптен четтөөнү жана жарандардын жеңилдик алуучу категорияларын иретке келтирүүнү караштырат.
Социалдык жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөрдү монетизациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Дүйнөлүк Банк, Европалык Союз жана башка эл аралык донорлор менен кредиттик макулдашуулардын алкагында жүргүзүлгөнүн белгилей кетүү керек, мында 2010-жылдын 1-январына карата бекитилген акчалай компенсацияларды алуучулардын категорияларынын саны (25 категория) сакталышы милдеттүү шарт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул шартты бузушу (акчалай компенсация алуучулардын санын 25 категориядан ашык көбөйтүү) республиканын бюджетин колдоо үчүн кезектеги транштарды берүү маселесине терс таасир этет, ал республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу акчалай компенсация алуучу адамдардын кошумча категорияларын киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Акчалай компенсацияларды алууга укугу бар адамдардын санын жаңы категория менен толуктоо республиканын бюджетинин тартыштыгынын көбөйүшүнө алып келет, анткени "2012-жылга республикалык бюджет жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында акчалай компенсацияларды берүүгө каражаттары бюджеттин долбоорун түзүү учурунда акчалай компенсацияларды алуучулардын табигый азайышын эске алуу менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкты социалдык колдоо басымдуу түрдө даректүү негизде жүргүзүлүүгө тийиш, башкача айтканда, акчалай компенсациялар соңку учурга чейин жасалып келгендей категориялык түрдө эмес, ар бир үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоо менен даректүү гана берилүүгө тийиш деп эсептейт.
Мисалы, Афганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин маалыматтары боюнча гана азыркы учурда 417 адам дүйнөдөн кайткан. Жашы жете элек балдардын жалпы саны 160ка жакын адамды түзөт. Акчалай компенсацияларды алуучулардын кошумча санына акчалай компенсацияларды төлөөнү финансылоого республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 11 миллион сом, алардын ичинен:
- балдарга - 6 миллион сом;
- жесирлерге - 5 миллион сом талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Афганстандагы согуштун каза болгон ардагерлеринин жашы жете элек балдары пенсияга же баккан адамынан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алууга укуктуу.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.