Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 17-октябры № 721
Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча чаралар тууралуу
2003-жылдын 10-декабрында Мерила шаарында (Мексика) кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы N 128 Мыйзамы менен ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын 57-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүчү Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары (мындан ары - Компетенттүү органдар) болуп аныкталсын.
2. Активдер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыштарды жасоонун натыйжасында алынган акча каражаттары же башка мүлк;
- Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен акча каражаттары же башка мүлк.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 2012-жылдын 1-декабрына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:
- мыйзамдуу күчүнө кирүүчү соттун өкүмдөрү бар болгон кылмыш иштери боюнча, биринчи кезекте кеңири коомдук резонанска ээ болгон кылмыш иштери боюнча, 1991-жылдын 31-августунан баштап Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылып кеткен активдердин жалпы суммасын, анын ичинде акча эквивалентиндегисин, аныкташсын;
- активдерди чыгарып кетүүгө катышы бар адамдардын жана аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирүүчү соттун чечимдери же кылмыш жасагандыгы үчүн издөө жарыялоо тууралуу токтомдор бар болгон адамдардын (мындан ары - изделип жаткан адамдар) тизмесин аныкташсын жана изделип жаткан адамдар тууралуу маалыматтардын электрондук базасын түзүшсүн;
- өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык сурамдарды даярдасын жана Дүйнөлүк банктын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын - "StAR" (Stolen Asset Recovery - Уурдалган активдерди артка кайтаруу) биргелешкен демилгесинин көмөгү менен активдерди артка кайтаруу боюнча ишти жүргүзүшсүн;
- Активдерди артка кайтаруу боюнча эл аралык борбордун (ICAR) көмөгү менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана судьялары үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүнү уюштурушсун;
- активдерди табуу көзөмөлдөө, бир калыпта кармоо, камакка алуу, конфискациялоо, укуктарды билдирүү жана артка кайтаруу боюнча чараларды көрүү маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен ар кандай эл аралык байланыш каналдарын, анын ичинде "Эгмонт" тобунун байланыш каналын пайдалануу менен маалымат алмашуу боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзүшсүн;
- зарыл болгон кезде чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерге болгон укуктук статусту же менчик укугун аныктоо жөнүндө жарандык доо-арыздарды чет өлкөлүк сотторго берүү боюнча ишти жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруунун тартибин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети:
- изделип жаткан адамдар жөнүндө (турган жери, анкеталык маалыматтары жана башка маалыматтар) бар болгон маалыматты белгиленген тартипте Компетенттүү органдарга, анын ичинде электрондук форматта, беришсин;
- эл аралык байланыш каналдары (Интерпол, Европол жана башкалар) боюнча алынган, изделип жаткан адамдар тууралуу маалыматты, анын ичинде электрондук форматта, Компетенттүү органдарга ыкчам өткөрүп беришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |