Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-октябры № 754
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомун чечмелөө (түшүндүрүү) тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомун чечмелөө (түшүндүрүү) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомунда Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан, "Кең-Сай" турак жай массивинин жер участокторун Ош шаарында жашаган, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия бекиткен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж болгондордун тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү каралган.
Бул жер участоктору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 33-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Токой фондусунун жерлери" категорияларынан "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Калктуу пункттардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган).
Жогоруда аталган трансформациянын максаты болуп Ош облусунун, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван районунун мамлекеттик администрацияларына жана Ош шаарынын мэриясына кайрылган, жеке турак жай курууга муктаж болгон жарандарды жер участогу менен камсыз кылуу эсептелет.
Аталган жарандардын тизмелерин бекитүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 5-мартындагы № 158 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга жүктөлгөн.
Аталган тизмелерди түзүүдөгү объективдүүлүктү жана калыстыкты текшерүү жана социалдык чыңалууну жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 28-майындагы № 474 буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, бул комиссияга мурда бекитилген жарандардын тизмесин ушул тизмелерге толуктоолорду киргизүү укугу жок, иликтөө тапшырылган.
Ошол эле учурда жеке турак үйлөрүн куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо белгиленген.
Бул Жободо бош жерлер бар болгон учурда, акысыз негизде жогоруда аталган максаттар үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү тартиби аныкталган жана ал Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган катары жер участокторун берүүнүн жаңы эрежелерин өзүнүн чечими менен белгилөөгө укуктуу.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунан кийин кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомунда "Кең-Сай" турак жай массивинин гана жер участокторун ведомстволор аралык комиссия бекиткен жогоруда аталган тизмелерге киргизилген жарандар үчүн гана бөлүп берүү маселеси аныкталган.
Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечими жарандардын аталган категориялары үчүн гана жер участокторун берүүнүн жаңы жол-жоболорун киргизет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна карама-каршы келбейт.
Жогоруда жазылгандарды, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулаарын жана аткарылууга тийиш экендигин зеке алып, Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 токтомуна ылайык трансформацияланган "Кең-Сай" турак жай массивинин жер участокторун берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 354 "Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына жер участокторун берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Мукамбетов |