Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-октябры № 755
"Сөөк узатуу жана көмүү иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева демилге көтөргөн "Сөөк узатуу жана көмүү иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева демилге көтөргөн "Сөөк узатуу жана көмүү иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам долбоору) долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет:
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "сөөк узатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата талаптарды белгилеген, көрсөтүлгөн кызматтардын наркын аныктаган, ошондой эле сөөк узатуу иши чөйрөсүндө атайын кызматтарды түзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын статусун аныктап алуу керек.
Мыйзам долбоорунда сөөк узатуу чөйрөсүндөгү атайын кызматтын статусун, башкача айтканда бул кызматты ким түзөт жана ал юридикалык жак статусу менен иштей тургандыгын аныктап алуу керек. Бул кызматка жүктөлгөн ачык айкын милдеттерди белгилеп алуу керек.
Ошону менен бирге эле сунушталган мыйзам долбоорунун 1-беренесин "Сөөк узатуу маселелери боюнча атайын кызмат" аныктамасы менен толуктап, бул түшүнүктү ачып берүү керек.
4-берененин ченемдерин мыйзам долбоорунун терминдери менен түшүнүктөрү белгиленген 1-беренеде караштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 5 жана 18-беренелери өлгөндөрдүн сөөгүн көмүү жана эксгумациялоо боюнча санитардык талаптарды, көрүстөндөрдү жана башкалардын талаптарын аныктоочу ченемдерди камтыбайт. Буга байланыштуу Мыйзам долбоорун тиешелүү ченемдер менен толуктоо сунушталат.
Мыйзам долбоорунда бирин-бири кайталаган ченемдерди четтетүү керек. Мисалы, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгү мыйзам долбоорунун 8-беренесинин ченемдерин кайталайт. Сөөктүн моргдо болуусу, жакын туугандарын издөөгө байланыштуу Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдү бир айга чейин узартууну сунуштайбыз.
Шилтеме жасалган ченемдерди кайра караштыруу керек, анткени алар туура эмес колдонулган. Мисалы, Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 19-беренесинин 3-бөлүгүндө жок ченемдерге туура эмес шилтемелер көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, мыйзам долбоорун көрүстөндөрдү эксплуатациялоого жана күтүүгө карата талаптар менен толуктоону сунуштайбыз, анда крематорийлер, айылдык жана жаңы көрүстөндөр суу алуучу курулмалар, аза күтүү ырым-жырым, сөөк узатуу бюросу үчүн санитардык-коргоо зоналарынын кеңдиги жана суу менен жабдууга жана суу буруп чыгарууга жана аймакты көрктөндүрүүгө карата талаптар эске алынууга тийиш.
Мыйзам долбоорунда ченемдерди аныктап алуу керек, аларга ылайык аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрүн жайгаштыруу үчүн санитардык-коргоо зонасы 20дан 40гага чейин (аянты 40 гадан ашык көрүстөнгө жол берилбейт) жана даярдык жана ырым-жырым процесстерсиз крематорийлер (1 камералуу меши бар) үчүн 500 метрди түзүүгө тийиш.
1 мештен ашуун мештери бар крематорийлер үчүн санитардык-коргоо зонасы 1000 метрди түзүүгө тийиш.
Көрүстөндөрдүн жана мемориалдык комплекстердин, кремациялоодон кийин көмүлгөн көрүстөндөрдүн, колумбарийлердин, айылдык көрүстөндөрдүн санитардык-коргоочу зонасы 50 метрди түзүүгө тийиш.
Көрүстөндөрдүн сөөк узатууга арналган имараттардын жана курулмалардын санитардык-коргоочу зоналар аймактарында сыйынуу жана ырым-жырым объекттерден тышкары, аталган объекттерди тейлөөгө байланыштуу эмес имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилбейт.
17-берененин 2-пунктунун экинчи абзацынын 4-пунктчасындагы "эки метрден ашуун" деген сөздөрдү "2,5 метрден кем эмес" деген сөздөргө алмаштыруу, ошондой эле "кыртыш суулары жер үстүнөн эки бүтүн беш метрден аз деңгээлде турганда участок кремациялоодон кийин көмүү үчүн көрүстөндөрдү жайгаштырууга гана пайдаланылышы мүмкүн" деген сүйлөм менен толуктоо керек.
17-берененин 2-пунктчасын төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толуктоону сунуштайбыз:
"- калктуу конуштун, ачык көлмөлөрдүн каршы тарабынын жантайыңкы жагына, ошондой эле калк кыртыш сууларын чарбалык-ичүү жана тиричиликтик максаттар үчүн пайдаланганда;
- 1,5 м тереңдикте кургак борпоң (кум топурактуу, кумдуу) кыртышы болбогон жана 6-18%дан ашпаган нымдуу кыртыштуу.".
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын тиешелүү кызматтары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдү "санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
24-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацын төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз: "Крематорийлер санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.".
Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 2-бөлүгүндө сөөк узатуу ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдары ишке ашыра тургандыгы каралат.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык көрүстөндөрдүн иштөөсүн камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын көрсөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелери болуп эсептелингендигин белгилей кетүү керек.
Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун 25-беренесин жана мыйзам долбоорунун бүткүл текстин жогоруда аталган Мыйзамга ылайыктуулугун салыштыруу керек.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 26-беренесинде сөөк узатуу ишин финансылоо маселелери козголгон.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясына ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштыруучу мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алына тургандыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 27-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени сөөк узатуу иш чөйрөсүндө кандайдыр бир камкорлор же болбосо байкоочулар кеңештерин түзүү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.
Ченем жаратуу техникасынын эрежелерин эске алуу менен Мыйзам долбоорунун түзүмүн жана мазмунун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. Жогоруда аталган мыйзамдын 12-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын главалары араб сандары менен белгиленет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева демилге көтөргөн "Сөөк узатуу жана көмүү иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун ушул корутундуда берилген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Мукамбетов |