Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 760
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ишин уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |