Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизиндеги Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартибинин бул эрежелери (мындан ары Эрежелер) камакта кармалган адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуучу улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы режимди, алар тарабынан өз милдеттерин аткарууну, алардын үстүнөн күзөттү жана көзөмөлдү, изоляцияны, камераларга өзүнчө жайгаштырууну, алардын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын (мындан ары - тергөө камак жайы) кызматкерлеринин, башка адамдардын коопсуздугун аныктайт.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларында төмөнкү айыпталгандар жана соттолгондор кармалат:
1) кылмыш жасады деп айыпталгандар, тергөө өндүрүшүнө кабыл алынган кылмыш-жаза иши боюнча камалгандар;
2) кылмыш-жаза иштери соттор тарабынан өндүрүшкө кабыл алынып, камакка алынган айыпталуучулар;
3) айыптоочу өкүмдөр мыйзамдуу күчүнө кире элек кылмыш-жаза иштери боюнча соттолгон адамдар;
4) соттолгондор бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган башка кылмыш-жаза иштери боюнча жоопкерчиликке тартылган адамдар.
3. Тергөө камак жайында төмөнкү соттолгон адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөшөт:
1) тергөө камак жайында калтырылган соттолгондор же камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулбаган, башка кылмыш-жаза иши боюнча тергөө жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу жазасын аткарып жаткан мекемелерден которулган адамдар;
2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө кылмыш-жазасын аткаруучу мекемелерге же мажбурлап дарылоого мыйзамдарда белгиленген тартипте жана учурларда жиберилүүгө тийиштүү болгон кылмыш-жаза иштери боюнча соттолгон адамдар;
3) башка адамдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу же бул иштер соттордо каралып жаткандыгына байланыштуу, жаза аткаруучу мекемелерден аларга которулган же тергөө камак жайларында калтырылган соттолгон адамдар;
4) тергөө камак жайларын чарбалык тейлөө боюнча ишке тартылган соттолгон адамдар.
4. Айыпкерлер жана соттолгондор "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык, камакка алынган адамдардын жүрүм-турумуна карата талаптардын тизмесинде каралган талаптарды сөзсүз аткарууга милдеттүү.
Алар тарабынан өз милдеттери аткарылбаса жана камакка алынган адамдардын жүрүм-турумуна карата талаптар сакталбаса белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
5. Тергөө камак жайынын кызматкерлерине каршылык көрсөткөн же тергөө камак жайларынын кызматкерлеринин же башка адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирүүчү башка зомбулук аракеттерди жасаган айыпкерлерге жана соттолгондорго карата, ошондой эле камалгандар камактан качкан учурда мыйзамда белгиленген тартипте кара күч жана атайын каражаттар колдонулушу мүмкүн. Чечкиндүү чаралар катары, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде каралган өзгөчө учурларда, газ же ок атуучу курал колдонулушу мүмкүн.
6. Айыпкерлер жана соттолгондор тергөө камак жайларында кайтарууда жана көзөмөлдөөдө болушат жана анын аймагында тергөө камак жайынын кызматкерлеринин коштоосу менен жүрүшөт. Алардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө максатында аудио жана видеотехника пайдаланылат.
7. Тергөө камак жайларынын кызматкерлери камакка алынган адамдарды кармоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө камалган адамдарга гумандуу мамиле жасоого жана алардын адамдык абийирин сыйлоого милдеттүү.
8. Камалган адамдарды кармоо режимин камсыз кылуу тергөө камак жайынын башчысына, администрацияга, ошондой эле тергөө камак жайларынын кызматкерлерине жүктөлөт.
9. Тергөө камак жайларындагы орун лимити улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет жана ар бир конкреттүү учурда өзгөртүлөт.
10. Камакка алынган жана тергөө камак жайына келип түшкөн адамдарды кабыл алуу тергөө камак жайынын башчысынын нөөмөттөгү жардамчысы (мындан ары - нөөмөттөгү жардамчы) же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан, тергөө камак жайынын медицина бөлүгүнүн кызматкеринин катышуусу менен жүргүзүлөт. Нөөмөттөгү жардамчы тергөө камак жайына жеткирилген адамды кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелген документтеринин бар экендигин текшерет, көрсөтүлгөн адамды суракка алат жана анын жоопторун өздүк көктөмөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырат.
11. Камакка алынган адамды тергөө камак жайына кабыл алуу үчүн негиз катары кызмат кылган документ, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен белгиленген тартипте чыгарылган, бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну тандоо жөнүндө соттун чечими эсептелет.
12. Үч жашка чейинки курактагы баласы бар аялды тергөө камак жайына кабыл алуу үчүн ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн документтерден тышкары туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же бала таандык экендигин тастыктаган башка документтер керек, мындай документтер жок болсо - баласы бар аялды тергөө камак жайына жайгаштыруу жөнүндө кылмыш-жаза иши өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун же соттун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү зарыл.
13. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну тандоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү тергөө камак жайына берилген учурларда, анда бул бөгөт коюу чарасы колдонулган адамдын толук аныкталган маалыматтары көрсөтүлүшү керек. Көчүрмө тергөөчүнүн, прокурордун же судьянын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү жана гербдүү мөөр менен ырасталышы керек.
Камакта кармоо үчүн кайтарып жүрүүчү бөлүктөр аркылуу тергөө камак жайына жеткирилген адамдар инсандыгын күбөлөндүргөн документтери жок (паспорт, аскердик билет же паспорт кызматы тарабынан толтурулган № 1 үлгүдөгү бланк, өспүрүмдөр үчүн - туулгандыгы тууралу күбөлүк, ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү менен же өспүрүм жашаган жерден берилген сүрөтү чапталган жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалым кат) кабыл алынбайт.
14. Камакка алынган адамдар жана тергөө камак жайы аркылуу транзит менен өтүүчү соттолгон адамдар, өздүк көктөмөлөрү боюнча маалым каттардын жана формасы жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган жолдомо тизмелердин негизинде дайындоо орундарына кабыл алынат жана жиберилет.
Камакта кармоо мөөнөтү бүткөн адамдар кайтарып жүрүүчүлөр тарабынан тергөө камак жайына жеткирилгенде алар тергөө камак жайынын башчысынын токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте бошотулат.
15. Улуттук коопсуздук органдарынын медицина кызматкеринин корутундусу боюнча медициналык стационар шартында тез арада дарыланууга муктаж болгон адамдар, тергөө камак жайына мындай дарыланууга мүмкүнчүлүк жок болгондо кабыл алынбайт.
16. Камакка алынып, тергөө камак жайына келип түшкөн адамдарга ушул Эрежелер таанышып чыгуу үчүн берилет, аларга өзүлөрүнүн укуктары жана милдеттери, тергөө камак жайында белгиленген режимдик талаптар, ошондой эле өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүүнүн тартиби түшүндүрүлөт. Ар бир камеранын дубалында тергөө камак жайларында камакка алынган адамдардын негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтар илинет (ушул Эрежелерге 1-2-тиркемелер).
17. Эсепке алуу документтерин тариздөө мезгилинде камалган адамдар эки сааттан ашпаган мөөнөткө отуруучу орундар жана жасалма жабдуулар менен жабдылган бир орундуу бокстарга жайгаштырылат.
18. Айыпкерлер жана соттолгондор тергөө камак жайынын кызматкерлеринин аларга сылык мамиле жасоосуна укуктуу. Аларга "Сиз" деп кайрылып, аты-жөнүн атап, "жаран" же "айыпкер" же "соттолгон" деп айтуу зарыл.
19. Камакка алынган адамдар тергөө камак жайына келип түшкөн күнү, же болбосо бир суткадан кечикпестен алгачкы медициналык текшерүүдөн жана санитардык кароодон өтөт. Медициналык текшерүүнүн натыйжалары медициналык амбулаториялык картага киргизилет. Санитардык кароодон өткөн камакка алынган адамдар төшөнчү-орунчу алышат. Аскер кызматчыларынын же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийим формасы менен келип түшкөн айыпкерлерге жана соттолгондорго, өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды кайталап жасап соттолгон жашы жете элек жарандарга; өмүр бою эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарылган адамдарга, айып камак жайына киргизилген адамдарга милдеттүү түрдө кийимдер берилет. Алардын кийимдери алынат жана сактоого берилет.
20. Камакка алынган адамдарды камераларга өзүнчө жайгаштыруу "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Бир кылмыш-жаза иши боюнча камалган адамдар өзүнчө жайгаштырылат. Тергөө камак жайынын жетекчилиги алардын ортосундагы байланышты үзүү боюнча чараларды көрөт. Айыпкерлер жана соттолгондор тергөө камак жайынын башчысынын нөөмөттөгү жардамчысы тарабынан же анын милдетин аткаруучу тарабынан тергөө камак жайынын жетекчилигинин макулдугу менен камераларга жайгаштырылат.
Ооруган адамдарды жайгаштыруу улуттук коопсуздук органдарынын медицина кызматкеринин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт. Жугуштуу ооруулары бар деп шектелген адамдар карантинге бөлүнгөн камераларга жайгаштырылат. Карантин мөөнөтү медициналык көрсөткүчтөр боюнча аныкталат.
21. Жугуштуу ооруулар менен ооруган адамдар же медициналык кароого же көзөмөлдөөгө муктаж болгондор башка камалган адамдардан өзүнчө жайгаштырылат.
22. Жашы жете электер жайгашкан камераларга өзгөчө учурларда прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен оор же өзгөчө оор категорияларга тийиштүү болбогон кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине алгачкы жолу тартылган, жакшы мүнөздөлгөн он сегиз жашка толгон адамдарды кармоого уруксат берилет.
23. Кош бойлуу аялдарды жана үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарды жайгаштыруу үчүн бир кабат уктоочу орун менен жабдылган жарык жана ным сакталбаган камералар пайдаланылат.
24. Камакка алынып, тергөө камак жайына келип түшкөн адамдарга толук тинтүү жүргүзүлөт, дактилоскопия жасалат, сүрөткө тартылат жана алардын буюмдары текшерилип каралат.
25. Камакка алынган адамдарды жеке тинтүү жана буюмдарын текшерип кароо, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган же бул адамга тийиштүү болбогон предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүк продуктуларын табуу жана алуу максатында жүргүзүлөт.
26. Камакка алынган адамдар тарабынан сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган буюмдарга төмөнкүлөр кирет: өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү же кылмыш куралы катары же башка мыйзам бузууларды жасоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары, телекоммуникациялык байланыш каражаттары (байланыш каражаттары, эсептөөчү техникалык каражаттар ж.б.), ошондой эле ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык, камакка алынган адамдар өзү менен кошо сактоого, посылкалардан, аманаттардан алууга жана накталай эмес эсеп боюнча ээ болууга мүмкүн болгон азык-түлүк продуктуларынын, биринчи зарылдыктагы предметтердин, бут кийим, кийимдердин жана башка өндүрүш товарларынын тизмесине кирбеген буюмдар же болбосо азык-түлүк продуктуларынын, биринчи зарылдыктагы предметтердин, кийимдердин жана башка өндүрүш товарларынын аларга белгиленген сандан ашыкча берилгендери.
27. Жеке тинтүү толук жана толук эмес болушу мүмкүн. Толук тинтүү камакка алынган адамдарды тергөө камак жайына киргизүүдө, анын чегинен сырткары жиберүүдө, айып камак жайына жайгаштырууда, ошондой эле ушул Эрежелерди бузган учурда тергөө камак жайынын башчысынын же анын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.
Толук тинтүү тинтүүгө алынып жаткан адамдын денесин, анын кийимин, бут кийимин, ошондой эле протездерин кылдат кароо менен жүргүзүлөт. Тинтүүгө алынып жаткан адамга толук чечинүү, денесинин тийиштүү жерлерин жылаңачтоо сунушталат. Пластырдык жабыштыруулар, гипс жана башка таңуулар улуттук коопсуздук органдарынын медицина кызматкерлери менен биргеликте текшерилет. Кийимде тигилген предметтер табылган учурда кездеме сөгүлөт. Бут кийимден супинатор жана металл набойкалар алынып салынат.
28. Камакка алынган адамдарда, ушул Эрежелерге ылайык, өзү менен кошо камерада сактоого уруксат берилген предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары гана калтырылат. Камакка алынган адамдарда калтырылуучу жеке буюмдар жана предметтер камера карточкасына жазылат. Калган бардык предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары сактоого кабыл алынат же тергөө камак жайынын башчысынын жүйөлүү токтому боюнча жок кылынат жана ал жөнүндө тийиштүү акт түзүлөт (ушул Эрежелерге 1-тиркеме).
29. Толук эмес тинтүү камалган адамдарды тергөө камак жайынын чегине чыгарууда (сүрөткө тартуу жана дактилоскопия жасоо үчүн, дарыгерге, тергөөчүгө баруу, жакын туугандары жана башка адамдар менен жолугушууга чейин жана андан кийин, башка камерага которууда ж.б.) жүргүзүлөт. Толук эмес тинтүүдө тинтүүгө алынуучу адамды чечинтпестен эле анын кийими жана бут кийими кароого алынат жана кармалап текшерилет.
30. Айыпкерди жана соттолгонду жеке тинтүү тергөө камак жайынын ошол жыныстагы кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Толук тинтүү мезгилинде, зарыл болгон учурлардагы медицина кызматкерлеринен бөлөк, башка жыныстагы адамдар катышпоосу керек.
31. Айыпкерлердин жана соттолгондордун буюмдарын текшерип кароо тергөө камак жайына келип түшкөндө, анын чегинен сырткары жиберүүнүн алдынан, башка камерага, медициналык стационарга которууда же айып камак жайына жайгаштырууда алардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Тергөө камак жайынын башчысынын же анын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча камалган адамдардын буюмдарын текшерип кароо алардын ээси жок эле жүргүзүлөт.
32. Айыпкерлердин жана соттолгондордун буюмдарын толук тинтүү же текшерип кароо протокол менен таризделет жана ага тыюу салынган предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүк продуктуларын алып коюу жөнүндө акт тиркелет. Буюмдарды толук тинтүүнү жана текшерип кароону бир убакытта жүргүзүүдө бир эле протокол түзүлөт. Протоколго айыпкер жана соттолгон адам тарабынан жана буюмдарга жеке тинтүүнү жана текшерип кароону жүргүзгөн тергөө камак жайынын кызматкери тарабынан кол коюлат. Айыпкердин жана соттолгон адамдын протоколго кол коюудан баш тартуусунун себеби жана тинтүү же текшерүү жүргүзүү учурундагы анын талаптары протоколдо баяндалат. Протокол жана акт айыпкердин жана соттолгон адамдын жеке көктөмөсүнө тиркелет.
33. Толук эмес тинтүү жүргүзүүдө сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүк продуктуларын алып коюу жөнүндө билдирме жазылат.
34. Айыпкердин жана соттолгон адамдын буюмдарына жеке тинтүүнү жана текшерип кароону жүргүзүүдө тыюу салынган предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүк продуктуларын табуучу техникалык каражаттар колдонулушу мүмкүн. Рентген аппаратурасын камалган адамдардын кийимдерин тинтүү жана буюмдарын текшерип кароо үчүн гана колдонууга уруксат берилет.
35. Айыпкерден жана соттолгон адамдан алынып коюлган жана сактоо үчүн кабыл алынган ага тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютадагы акча каражаттары тергөө камак жайынын администрациясында жайгашкан анын жеке эсебине которулат. Баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар (кымбат баалуу металлдар жана андан жасалган буюмдар, кымбат баалуу таштар, берметтер жана андан жасалган буюмдар, кымбат баалуу металлдардан жасалган сааттар, чет өлкөнүн валютасы) тергөө камак жайынын башчысы тарабынан дайындалган материалдык жактан жооптуу кызматкерге сактоого тапшырылат.
Өздүк документтер тергөө камак жайынын кампасына сактоого берилет. Сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары тергөө камак жайынын кампасына сактоо үчүн берилет же акт боюнча жок кылынат (ушул Эрежелерге 10-тиркеме).
36. Тинтүү учурунда алынып коюлган жана сактоо үчүн кабыл алынган акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар, сыйлыктар жана анын документтери 3 нускада чыгарылуучу акт менен таризделет.
Биринчи нуска акчалар, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар, сыйлыктар жана алардын документтери менен бирге, алынган учурдан тартып бир суткадан кечикпестен, улуттук коопсуздук органынын тергөө камак жайынын башчысы тарабынан дайындалган материалдык жактан жооптуу кызматкерге өткөрүлүп берилет; экинчиси - камакка алынган адамдын жеке көктөмөсүнө тиркелет; үчүнчүсү - камалган адамдын колуна берилет (ушул Эрежелерге 11-тиркеме).
Тергөө камак жайынын администрациясы айыпталган же соттолгон адамдан ал тергөө камак жайында болгон мезгилде алынып коюлган жана сактоого кабыл алынган акча суммалары же баалуу буюмдар жөнүндө кылмыш-жаза иши өндүрүшүндө турган органга же адамга жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча маалымат бере алат.
37. Айыпкерден жана соттолгон адамдан алынып коюлган жана сактоо үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын акча каражаттары, эгер бул акчаларга тергөөчү, прокурор тарабынан камак салынбаса, аларга зарыл болгон товарларды сатып алууга чыгымдалышы мүмкүн (ушул Эрежелерге 2, 12-тиркемелер). Камак салынган учурда ал акчалар кылмыш-жаза иши боюнча чечим чыкканга чейин улуттук коопсуздук органынын тергөө камак жайынын башчысында сакталат.
38. Айыпкерден жана соттолгон адамдан буюмдарды, предметтерди, заттарды жана азык-түлүк продуктуларын сактоого кабыл алуу тергөө камак жайынын нөөмөттөгү сменасы тарабынан акт боюнча жүргүзүлөт. Акт үч нускада түзүлөт. Актынын биринчи нускасы камалган адамдын колуна берилет, экинчи нускасы кампада сакталат, ал эми үчүнчү нускасы айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк көктөмөсүндө сакталат (ушул Эрежелерге 11-тиркеме).
39. Айыпкерден же соттолгон адамдан алынган жана сактоого кабыл алынбаган предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүк продуктуларын жок кылуу тергөө камак жайынын башчысынын жүйөлүү токтому боюнча комиссия тарабынан айыпкердин же соттолгон адамдын катышуусу менен жүргүзүлөт жана ал жөнүндө тийиштүү акт түзүлөт (ушул Эрежелерге 10-тиркеме).
Жок кылууга тийиштүү болгон тыюу салынган предметтер жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде: спирттик ичимдиктер же спирттин негизинде жасалган буюмдар, аларды даярдоо үчүн продуктулар; баңги зат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин статьялары менен каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш-жаза ишин козгоо учурунан башка) жана аларды пайдалануу үчүн куралдар; өрт коркунучу бар предметтер жана буюмдар; улуттук коопсуздук органдарынын медицина кызматкеринин корутундусу менен дайындоо боюнча пайдаланууга жараксыз деп табылган медикаменттер; ойнолуучу карталар; эротикалык, порнографиялык же зордуктоо ырым-жырымдарын үгүттөөчү, жасалма экстремизм, графикалык, басмадан чыгарылган, фото- жана видеопродукциялар; колдонуу адамдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунуч келтирген же тергөө камак жайларында камсыз кылуу мүмкүн болбогон, башкача айтканда өзгөчө шарттарда сактоону талап кылган азык-түлүк продуктулары; дайындалышын же касиетин аныктоого мүмкүн болбогон, же өзүнүн алгачкы керектөөчүлүк касиетин жоготкон жана ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн предметтердин тизмесине кирбеген башка предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары.
40. Айыпкерден же соттолгон адамдан камакка алынган мезгилде акча каражаттарын, баалуу кагаздарды жана баалуу буюмдарды табуунун же алуунун ар бир фактысы боюнча жана аларды алып келген адамды жана чыныгы ээсин аныктоо үчүн предметке карата кызматтык текшерүү жүргүзүлөт.
41. Айыпкерден же соттолгон адамдан табылган жана алынган, ошондой эле ага тиешелүү эмес предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары тергөө камак жайынын башчысынын макулдугу менен өз ээлерине кайтарылып берилет. Эгер алынган предметтердин, буюмдардын жана азык-түлүк продуктуларынын ээси аныкталбаса, акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар улуттук коопсуздук органынын тергөө камак жайынын башчысына сактоого өткөрүлүп берилет, ал эми калган предметтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Эрежелерге ылайык сакталуучу тергөө камак жайынын кампасына берилет.
42. Айыпкер же соттолгон адамдын арызы боюнча жана жазык процессин жүргүзгөн (адамдын) органдын макулдугу менен тергөө камак жайында сактоодо турган предметтер, буюмдар жана азык-түлүк продуктулары айыпкердин же соттолгон адамдын жакын туугандарына же башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
43. Айыпкер же соттолгон адам каза болгон учурда ага тиешелүү болгон сактоодо турган акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар, башка предметтер, заттар жана азык-түлүк продуктулары мыйзам менен аныкталган тартипте туугандарына же анын мураскоруна өткөрүлүп берилет.
44. Камакка алынган адамдар жеке пайдалануу үчүн төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) уктоочу орун;
2) төшөк буюмдары: матрац, жаздык, жууркан;
3) төшөк шейшептери: эки шейшеп, жаздык тышы;
4) сүлгү;
5) ашкана идиш-аяктары жана ашкана шаймандары: чуңкур табак, кружка, кашык;
6) мезгилге жараша кийүүчү кийим (өзүнүкү жок болгондо);
7) тергөө камак жайынын китепканасынын китептери жана мезгилдүү басылмалар.
Көрсөтүлгөн мүлктөр камакка алуу мезгилинде убактылуу пайдалануу үчүн акысыз берилет.
45. Камераларга жалпы пайдалануу үчүн белгиленген ченемдерге жана аларда кармалган адамдардын санына ылайык төмөнкүлөр берилет:
1) кир жууй турган самын;
2) стол үстүндө ойнолуучу оюндар (шахмат, шашки, нарда);
3) камераны тазалоо үчүн предметтер;
4) тергөө камак жайынын администрациясынын көзөмөлү менен кыска мөөнөткө пайдаланууга - тигүүчү ийнелер, кайчы, азык-түлүк продуктуларын кесүү үчүн бычактар.
Балдары бар аялдар аларды багууга керектүү предметтерди алышат.
46. Тергөө камак жайларынын камералары төмөнкүлөр менен жабдылат:
1) камерадагы орундардын саны боюнча коюлуучу орундардын санына жараша столдор жана отургучтар;
2) бөлүнгөн санитардык түйүн;
3) техникалык мүмкүнчүлүккө жараша - суу өткөргүчү менен суу чыгуучу чорго;
4) электр шаймандарын кошуу үчүн розеткалар;
5) продуктулар үчүн тумбочка;
6) кийимдер үчүн илгич;
7) дубалга асма күзгү;
8) ичүүчү суу үчүн бочка;
9) жалпы мамлекеттик программаны уктуруу үчүн радиотүйүн;
10) администрациянын өкүлүн чакыруу үчүн баскыч;
11) таштанды үчүн урна;
12) вентиляциялык жабдуулар;
13) телевизор жана муздаткыч (мүмкүнчүлүккө жараша);
14) балдары бар аялдар кармалган камералар үчүн балдар жатуучу кровать.
47. Камерада суу жылытуучу шаймандар же ысык суу түтүктөрү жок болгон учурда гигиеналык максатта пайдаланууга ысык суу жана ичүү үчүн кайнатылган суу күн сайын белгиленген убакта зарылчылыгына жараша берилет.
48. Айыпкерге же соттолгон адамга жумасына бир жолудан кем эмес, узактыгы 20 минутадан аз болбогон душка жуунуу мүмкүнчүлүгү берилет. Төшөк шейшептерин алмаштыруу жума сайын душка түшкөндөн кийин жүргүзүлөт.
49. Стол үстүндө ойнолуучу оюндар камерага бир комплекттен берилет.
50. Камалган адамдар тарабынан өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жазуу үчүн алардын өтүнүчү боюнча жазууга керектелүүчү буюмдар (кагаз, калем сап) берилет.
51. Тергөө камак жайынын китепканасындагы гезиттер алардын келип түшүүсүнө жараша камераларга берилет.
52. Тергөө камак жайынын китепканасындагы китептерди жана журналдарды алмаштыруу жумасына бир жолу жүргүзүлөт.
53. Камалган адамдар камакка алынган мезгилде мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн төмөнкүдөй материалдык жоопкерчиликти тартат:
1) эмгектенүүсүндө келтирилген зыян - эмгек мыйзамдары тарабынан каралган өлчөмдө;
2) башка аракеттер менен келтирилген зыян - жарандык мыйзамдарда каралган өлчөмдө.
55. Материалдык зыян келтирген күнөөкөрлөрдү аныктоо үчүн тергөө камак жайынын администрациясы тергөө камак жайынын башчысы тарабынан дайындалган кызматтык текшерүүнү жүргүзөт жана ал зыян келтирүү фактысы аныктаган күндөн тартып бир айдан кечикпестен бүтүүсү зарыл.
56. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө материалдык жоопкерчилик башталган учурдагы шарттардын бар болуусу, конкреттүү каражат жана зыяндын көлөмү аныкталат же материалдык жоопкерчилик үчүн негиздер жок болсо материалдык зыян келтирүү жөнүндө акт калтырылат (ушул Эрежелерге 3-тиркеме).
Текшерүү процессинде материалдык зыян келтирген адамдан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө алуу милдеттүү. Көрсөтүлгөн адам жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүүдөн баш тартса бул кызматтык текшерүүнүн материалдарында чагылдырылат.
57. Зыян келтирүүнүн суммасы кызматтык текшерүүнүн натыйжалары боюнча чыгарылган, тергөө камак жайынын мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн, тергөө камак жайларынын башчысынын токтомунун негизинде аныкталат. Токтом зыян келтирүүгө күнөөлүү болгон айыпкерге же соттолгон адамга кол койдуруу менен жарыяланат. Материалдык зыян айыпкер же соттолгон адам тарабынан ыктыярдуу төлөнгөн учурда, өндүрүп алуу анын жеке эсебинде болгон акча каражаттарынан жүргүзүлөт. Айыпкердин же соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча ага келтирилген материалдык зыян анын макулдугу менен анын туугандары же башка адамдар тарабынан төлөнүүсү мүмкүн.
58. Айыпкердин же соттолгон адамдын жеке эсебинде акча каражаттары жок болгон учурда, ошондой эле тергөө камак жайында зыянды төлөө толук жүргүзүлбөгөн учурларда, бул адамды эркинен ажыратуу түрүндө жазасын аткаруучу мекемеге жиберүүдө төлөнбөгөн материалдык зыян көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан мыйзам менен белгиленген тартипте төлөнүп берилет. Ыктыярдуу төлөп берүүдөн баш тартылган учурда материалдык зыян соттук тартипте өндүрүлөт.
59. Тергөө камак жайынын башчысынын келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жөнүндөгү токтомуна карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанууга болот. Келтирилген материалдык зыян үчүн туура эмес өндүрүлгөн сумма кайтарылууга тийиш жана айыпкердин же соттолгон адамдын жеке эсебине которулат.
60. Камакка алынган адам эркиндикке чыккан учурда төлөнбөгөн материалдык зыян жарандык сот өндүрүшү тартибинде төлөнүүсү мүмкүн.
61. Тергөө камак жайынын кызматкеринин күнөөсү боюнча айыпкерге же соттолгон адамга келтирилген материалдык зыян мыйзамдарга ылайык өндүрүлөт.
62. Айыпкер же соттолгон адамдын жеке эсебинде акча каражаттары бар болгон учурда, алар тергөө камак жайынын чарба боюнча жетекчиси аркылуу, камак жай жайгашкан шаардын чекене соода уюмдарынан накталай эмес эсеп боюнча азык-түлүк продуктуларын, биринчи зарылдыктагы предметтерди жана башка сактоого жана пайдаланууга тыюу салынбаган өнөр жай товарларын сатып ала алышат (ушул Эрежелерге 5, 12-тиркеме).
63. Азык-түлүк продуктуларынын, биринчи зарылдыктагы предметтердин жана башка ээ болууга уруксат берилген өнөр жай товарларынын ассортименти камалган адамдар өзү менен сактоого мүмкүн болгон предметтердин тизмеси тарабынан аныкталат. Айыпкердин же соттолгон адамдын ушул Эрежелердин 12-тиркемесинде көрсөтүлгөн товарды алуу үчүн колдонулуучу акча каражаттарынын суммасы чектелбейт.
64. Бир адамга азык-түлүк продуктуларын жана башка товарларды ассортименти, саны жана салмагы боюнча сатуу ченемдери тергөө камак жайынын башчысы тарабынан аныкталат.
65. Тергөө камак жайынан сырткары жайгашкан чекене соода уюмунан зарыл болгон товарларды алуу үчүн, айыпкер жана соттолгон адам тергөө камак жайынын чарба боюнча жетекчисине улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансы бөлүкчөсүнүн кассасындагы айыпкер же соттолгон адамдын жеке эсептеринен керектелген акча каражаттарынын суммасын жооптуу алууга, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат беришет. Берилген акчалар, бул жөнүндө арыз берген адамдарга сатып алынган азык-түлүк продуктуларынын жана биринчи зарылдыктагы предметтердин берилгендигин тастыктаган документтердин жана авансылык отчеттун негизинде жооптуу болгон адамдын эсебинен чыгарылат. Арыздын жана азык-түлүк продуктуларын, ошондой эле биринчи зарылдыктагы предметтерди алгандыгы тууралуу тил каттын негизинде алардын баасы айыпкердин же соттолгон адамдын жеке эсептеринен чыгарылат. Айыпкер же соттолгон адамдар тарабынан азык-түлүк продуктуларын жана биринчи зарылдыктагы предметтерди сатып алууга чыгымдалган акча каражаттарынын суммасы жөнүндө тергөө камак жайынын чарба боюнча жетекчиси айыпкер же соттолгон адамдын өздүк көктөмөсүнө айыпкер же соттолгон адамдын жеке эсебинен чыгарылган акча каражаттардын датасын көрсөтүү менен белгилейт.
66. Айыпкердин же соттолгон адамдын дарегине жиберилген посылкаларды жана аманаттарды кабыл алуу ушул максат үчүн жабдылган тергөө камак жайынын имаратында жүргүзүлөт. Камакка алынган адамдарга салмагы почта эрежелери менен каралган ченемдерден ашпаган посылкаларды, ошондой эле жалпы салмагы айына 100 кг көп болбогон аманаттарды чексиз көлөмдө алууга уруксат берилет. Жашы жете электер, оор дарттан жапа чеккен адамдар (улуттук коопсуздук органынын медицина кызматкеринин корутундусу бар болгондо), ошондой эле кош бойлуу аялдар жана балдары бар аялдар үчүн аманаттардын салмагына чек коюлбайт. Аманаттар келүүчүлөрдүн тизмеси тартибинде кабыл алынат. Айыпкерлер же соттолгон адамдар алып жүрүүгө, посылкалардан жана аманаттардан алууга, ошондой эле накталай эмес эсеп боюнча сатып алуучу азык-түлүк продуктуларынын, биринчи зарылдыктагы предметтердин, бут кийимдин, кийимдин жана башка өнөр жай товарларынын тизмеси аманаттарды кабыл алуучу имаратта илинет.
67. Аманатты жеткирген адам белгиленген формадагы эки нускадагы арызды толтурат жана ага кол коет. Арыздын эки нускасы, аманат, ошондой эле аманатты жеткирген адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ тергөө камак жайынын кызматкерине берилет.
68. Аманаттын бар экендигин жана салмагын салыштырып текшерүү аларды алып келген адамдардын катышуусунда жүзөгө ашырылат. Инсандыгын күбөлөндүргөн документ салыштырып текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин же аманат каралгандан кийин кайтарылып берилет.
69. Аманатты алгандан кийин тергөө камак жайынын кызматкери келүүчүгө инсандыгын күбөлөндүргөн документти жана алгандыгы тууралуу кол каты бар арыздын биринчи нускасын кайтарып берет, ал эми экинчи нусканы камалгандын аманатты алгандыгы тууралуу кол катынан кийин анын жеке көктөмөсүнө тиркейт. Маалымдама картотекасында бул адамга карата аманатты алгандыгы тууралуу белги жазылат. Камалган адам арызга кол коюудан баш тарткан учурда ал тууралуу тиешелүү белги жазылат. Посылка менен аманаттардын ичине салынган нерселердин тизмеси жана салмагы атайын журналда катталат, андан кийин алар айыпкерге же соттолгон адамга берилет.
70. Аманат төмөнкү учурларда кабыл алынбайт жана келүүчүгө кайтарылып берилет:
1) айыпкер же соттолгон адам камактан бошотулганда же ал үч суткадан ашык тергөө камак жайынан кеткенде;
2) айыпкердин же соттолгон адамдын аманатты өзүнүн дарегине кабыл алуудан жазуу жүзүндөгү баш тартуусу бар болгондо;
3) аманатты алып келген адам тарабынан инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ көрсөтүлбөгөндө;
4) аманаттын салмагы белгиленген ченемге ылайык келбегенде;
5) бир айдын ичинде бир адамдын дарегине кабыл алынуучу аманат белгиленген салмактан ашып кеткенде;
6) айыпкер же соттолгон адам каза болгондо.
71. Тергөө камак жайында же ооруканада дарылануу курсун өтүп жаткан адамдарга даректелген аманаттардын ичиндеги нерселерди алууда дарылап жаткан дарыгерлердин сунуштары эске алынат.
72. Айыпкер же соттолгон адамдарга посылкаларды берүүдө аларды ачуу жана ичиндегилерди салыштырып текшерүү тергөө камак жайынын үчтөн кем эмес кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат жана бул жөнүндө акт түзүлөт. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кийим-кечелердин жана азык-түлүктөрдүн аты жана тизмеси, алардын тышкы белгилери, сапаты, ичиндеги нерселерден эмне алынды жана сактоого тапшырылды. Актыга тергөө камак жайынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат, айыпкерге же камалган адамга кол кат алуу менен жарыяланат жана анын жеке көктөмөсүнө тиркелет.
73. Айыпкер же соттолгон адам тарабынан сактоого жана колдонууга тыюу салынган нерселер, заттар жана тамак-аш азыктары аманаттардан жана посылкалардан табылганда кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен аманатты берген адамга кайтарылып берилет, сактоого берилет же айыпкердин же соттолгон адамдын катышуусунда жок кылынат, ал эми акча каражаттар анын өздүк эсебине которулат.
74. Мыйзамдарда каралган учурларда посылканы жиберген же аманатты алып келген адамга карата камалган адамдарга тыюу салынган нерселерди мыйзамсыз бергендиги үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдар таризделет.
75. Ушул Эрежелердин 70-пунктунда саналган учурларда посылкалар жөнөтүүчүгө "Кайтарылууга тийиш" деген белгиси бар, төлөм акысы почта аркылуу кайтарылып берилет.
76. Карцерге камалган адамдардын дарегине келген посылкалар жана аманаттар сактоо үчүн тергөө камак жайынын кампасына тапшырылат жана карцерде болуу мөөнөтү аяктагандан кийин камакка алынгандарга тапшырылат.
77. Тергөө камак жайынын кызматкерлери посылкалардын жана аманаттардын ичиндеги нерселердин сакталышын камсыз кылышат, бирок ичиндеги нерселердин табигый бузулушуна жоопкерчиликтүү болушпайт.
78. Посылка же аманат аларды алгандан кийин бир суткадан кеч эмес убакытта айыпкерге же соттолгон адамга тапшырылышы керек, ал эми айыпкер же соттолгон адам убактылуу кеткен учурда, ал кайтып келгенден кийин дароо тапшырылат.
79. Айыпкерге же соттолгон адамга телеграммаларды жана каттарды чектөөсүз жиберүүгө жана алууга уруксат берилет.
Тергөө жайларында кармалган, тууганчылыгы жок соттолгондордун кат алышуусуна тергөө камак жайынын администрациясынын уруксаты менен жол берилет.
80. Айыпкер же соттолгон адам тарабынан телеграммаларды жана каттарды жиберүү жана алуу тергөө камак жайынын кызматкерлери аркылуу алардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Айыпкердин же соттолгон адамдын кат алышуусу цензурадан өткөрүлөт.
81. Айыпкер же соттолгон адамдар почта буюмдарын (конверт, марка, телеграммалардын бланктары) өзүнүн жакын туугандарынан алышат же тергөө камак жайынын аймагынан тышкары жайгашкан чекене сатуу уюмдарынан акчаны которуп эсептешүү боюнча тергөө камак жайынын чарба жетекчиси аркылуу сатып алышат.
82. Каттар жана телеграммалардын толтурулган бланктары айыпкер же соттолгон адамдан күн сайын тергөө камак жайынын кызматкерлери тарабынан алынат. Каттар жөнөтүүчүнүн аты-жөнү жана тергөө камак жайынын почта дареги көрсөтүлгөн, чапталбаган конверт түрүндө гана кабыл алынат. Телеграмманын толтурулган бланкына телеграмманы жөнөтүүгө акы төлөө үчүн айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинен акча каражаттарды алуу өтүнүчү көрсөтүлгөн тергөө камак жайынын башчысынын атына жазылган арыз тиркелет. Арыз акча квитанциясы менен бирге тергөө камак жайынын чарба жетекчисине тапшырылат.
83. Тергөө камак жайынын чарба жетекчиси телеграмма жөнөтүү каалоосун билдирген айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебиндеги акча каражаттардын бар экендигин текшерет жана почта жөнөтүүсүнүн наркын эске алуу менен зарыл сумманы өздүк эсептен алат.
84. Телеграмманы, заказдык жана баалуу каттарды, ошондой эле акча котормолорду жөнөткөндөн кийин айыпкерге же соттолгон адамга квитанция тапшырылат, ал эми өздүк эсебинде акча каражаттар бар болгондо ага тиешелүү белгиси бар акча квитанциясы кайтарылат. Эгерде калдык жок болсо - акча квитанциясы арызга тиркелет. Телеграмманы жиберген айыпкердин же соттолгон адамдын арызы квитанцияны алгандыгы тууралуу кол каты менен өздүк көктөмөсүнө тиркелет.
85. Айыпкерден же соттолгон адамдан телеграмманы же катты алган учурдан тартып аларды жибергенге чейин, ошондой эле тергөө жайына телеграмма же кат келген учурдан тартып аларды адресатка бергенге чейин тергөө камак жайынын кызматкерлери телеграмманын же каттын сакталышына жоопкерчиликтүү болушат жана кат алышуунун купуялуулугун камсыз кылышат.
86. Айыпкердин же соттолгон адамдын атына келген каттарды жана телеграммаларды тапшыруу, ошондой эле алардын каттарын адресатка жиберүү кат алынган же ал айыпкер же соттолгон адам тарабынан тапшырылган күндөн тартып тергөө камак жайынын кызматкерлери тарабынан майрам жана дем алыш күндөрүн кошпогондо үч күндүк мөөнөттөн кеч эмес убакытта жүргүзүлөт. Жакын тууганынын же үй-бүлө мүчөлөрүнүн каза болгондугу же катуу ооругандыгы тууралуу маалыматтар, алар алынгандан кийин тез арада айыпкерге же соттолгон адамга билдирилет.
87. Жашыруун сыр жазуу, шифр менен жазылган, мамлекеттик сырды же мыйзам менен корголгон жашырын сырды камтыган каттар жана телеграммалар адресатка берилбейт жана тергөө камак жайынын кызматкерлери тарабынан табылганда кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга тапшырылат.
88. Айыпкердин же соттолгон адамдын бардык кат алышуусу тергөө камак жайынын атайын журналында катталат.
89. Акча каражаттар айыпкерге же соттолгон адамга тергөө камак жайынын дарегине почта которуу аркылуу которулат жана анын өздүк эсебине киргизилет. Айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинде болгон акчаны почта аркылуу которуу үчүн ал тарабынан тергөө камак жайынын башчысынын атына жүйөлүү арыз берилет. Акча каражаттарын которуу айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинде болгон каражаттардын эсебинен почта аркылуу жүзөгө ашырылат.
90. Тергөө камак жайынан кеткенден кийин айыпкердин же соттолгон адамдын атына келген каттар үч күндүк мөөнөттөн кем эмес убакытта анын кеткен жерине камакта кармоо жеринин каражаттарынын эсебинен жиберилет.
10. Камакта кармалган адамдардын өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жиберүүсү
91. Тергөө камак жайынын башчысынын нөөмөтчү жардамчысы же анын милдеттерин аткарган адам күн сайын камераларды кыдырып чыгат жана айыпкерден же соттолгон адамдан жазуу жүзүндө да, ошондой эле оозеки түрүндө да өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды алат.
92. Оозеки түрүндө алынган өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар айыпкердин же соттолгон адамдын өтүнүчтөрүн, сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын эсепке алуу журналына жазылат жана тергөө камак жайынын жетекчилигине билдирилет.
93. Жазуу жүзүндө жазылган жана тергөө камак жайынын башчысына даректелген өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар журналда катталат жана тергөө камак жайынын жетекчилигине билдирилет, ал аларды чечүү боюнча чараларды көрөт.
94. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга даректелген өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар конвертке чапталган түрдө алынат жана цензурадан өткөрүлбөйт. Аларды ачууга катуу тыюу салынат. Аларды берген учурдан тартып бир суткадан кеч эмес убакытта алар адресатка жиберилет.
95. Шектүүлөрдү жана күнөлүүлөрдү камакта кармоо жерлерине көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ болгон прокурорго, сотко же мамлекеттик бийликтин башка органына даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурадан өткөрүлбөйт жана аларды берген күндүн эртесинен кечиктирилбестен, ал эми эгерде ал күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе биринчи жумуш күнү чапталган пакетте адресатка жиберилет.
96. Эгерде кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө байланышпаган маселелер боюнча арызда же даттанууда негиздүү суроо, өтүнүч жана сунуш камтылса жана алар тергөө камак жайынын жетекчилиги тарабынан жеринде чечилсе, анда алар айыпкердин же соттолгон адамдын макулдугу менен жиберилбейт. Мындай учурда тергөө камак жайынын жетекчилиги даттанууда, арызда коюлган маселелерди чечүү боюнча чараларды көрөт жана жыйынтыктары жөнүндө айыпкерге же соттолгон адамга маалымдайт.
Эгерде тергөө камак жайынын жетекчилиги даттанууда, арызда коюлган маселелерди чечүүдө компетенттүү эмес болсо же автор аларды адресатка жиберүү тууралуу айтканынан кайтпаса алар дайындалышы боюнча жиберилет.
97. Жашыруун сыр жазуу, шифр менен жазылган, мамлекеттик сырды же мыйзам менен корголгон жашырын сырды камтыган өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар адресатка жөнөтүлбөйт жана кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга өткөрүлүп берилет.
98. Апелляциялык даттануулардан жана ушул Эрежелердин 94-пунктунда саналган даттануулардан тышкары өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жиберүү боюнча чыгымдарды төлөө жиберүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинде акча каражаттар жок болгондо чыгымдар улуттук коопсуздук органдарынын эсебинен жүргүзүлөт (телеграммалардан тышкары).
99. Айыпкердин же соттолгон адамдын диний ырым-жырымдарды камераларда же мүмкүн болсо алар таандык болгон диний конфессиялардын үрп-адаттарына ылайык тергөө камак жайында бул максаттар үчүн атайын жабдылган жайларда жасашат.
100. Ушул Эрежелерди жана башка айыпкердин же соттолгон адамдын укугун бузган диний ырым-жырымдарды жасоого жол берилбейт.
101. Айыпкерге же соттолгон адамга саючу-кесүүчү нерселерден, баалуу металлдан, асыл таштан жасалган буюмдардан же маданий жана тарыхый дөөлөт болуп саналган буюмдардан тышкары диний адабиятты алып жүрүүгө жана пайдаланууга, диний сыйынуунун нерселерин алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.
102. Айыпкерге же соттолгон адамга алардын суранычы боюнча жана кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын уруксаты менен тергөө камак жайына диний кызматчыларды чакырууга жол берилет.
Диний кызматчылардын кызматы айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинде болгон алардын каражаттарынан төлөнөт.
103. Айыпкердин же соттолгон адамдын эмгеги тергөө камак жайынын аймагында гана уюштурулат. Мында "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген айыпкерлерди же соттолгон адамдарды бөлүү талаптарын жана өз-өзүнчө жайгаштыруу эрежелерин, ошондой эле иштерди жүргүзүүдө мыйзамдардын башка ченемдерин, коопсуздук техника эрежелерин аткаруу камсыз кылынат. Камалган адамдар эмгекке өзүнүн жеке каалоосу жана кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана тартылышы мүмкүн.
104. Айыпкерге же соттолгон адамга тергөө камак жайынын атайын жана кызматтык жайларындагы иште, ошондой эле күзөттүн, сигнализациянын жана байланыштын инженердик-техникалык каражаттарын, транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн жана көбөйтүү аппаратурасынын оңдоосу жана колдонуусу менен байланышкан иште иштөөгө уруксат берилбейт.
105. Эмгектенүүгө каалоосун билдирген айыпкерлер же соттолгон адамдар тергөө камак жайынын башчысынын атына арыз менен кайрылат, ал арызды үч күндүк мөөнөттөн кеч эмес убакытта кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү. Тергөө камак жайында камалган адамды эмгекке орноштуруу мүмкүнчүлүгү жок болгондо ага тиешелүү түшүндүрмө берилет. Айыпкердин же соттолгон адамдын эмгек акысы мыйзамдар менен каралган кармап калуулардан кийин анын өздүк эсебине которулат. Айыпкердин же соттолгон адамдын эмгек акысы анын өздүк эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык которулат.
106. Айыпкердин же соттолгон адамдын никесин каттоо тергөө камак жайы жайгашкан аймакты тейлеген жарандык абалдын актыларын каттоо органы (мындан ары - ЖААК органы) тарабынан тергөө камак жайында жүргүзүлөт.
107. Айыпкер же соттолгон адам менен никеге турууну билдирген адам анын жашаган жери же тергөө камак жайы жайгашкан жери боюнча ЖААК органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызды, ошондой эле көрсөтүлгөн айыпкер же соттолгон адам менен жолугушууга кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын уруксатын көрсөтөт.
108. Никелешүү ниети тууралуу арыз түшкөн учурда тергөө камак жайынын жетекчилиги камакта отурган адамга ага тийиштүү болгон бөлүгүн толтуруу үчүн арыздын бланкасын берет. Арызга жетишпеген маалыматтар жазылгандан кийин тергөө камак жайынын жетекчиси арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды камакта отурган адамдын өздүк көктөмөсүндөгү документтер менен салыштырып текшерет. Камакта отурган адамдын колунун аныктыгы жана көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы тергөө камак жайынын жетекчисинин колу жана тергөө камак жайы карамагында турган улуттук коопсуздук органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, андан кийин никелешүү тууралуу биргелешкен арыз администрация тарабынан тергөө камак жайы жайгашкан жердеги ЖААЖ органына жиберилет. Камакта отурган адамдын өздүк көктөмөсүндө анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтардын аныктыгын тастыктаган документтер жок болгон учурда, аларды камакта отурган адамдын бир туугандары берүүгө тийиш.
109. Никелешүүнү каалаган айыпкер же соттолгон адам тергөө камак жайы жайгашкан жер боюнча ЖААК органына кайрылуу тууралуу жазуу жүзүндөгү өтүнүч менен тергөө камак жайынын жетекчилигине кайрылат.
Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын уруксаты болгондо тергөө камак жайынын чарбасынын жетекчиси камалган адамдын эсебинен никелешүү жөнүндө арыздын бланкын ага сатып берет. Айыпкер же соттолгон адам арыздын ага тиешелүү болгон бөлүгүн толтургандан кийин тергөө камак жайынын жетекчилиги арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк көктөмөсүндөгү документтерге салыштырып текшерет жана анын колун, ошондой эле арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын күбөлөндүрөт.
Андан кийин тергөө камак жайынын жетекчилиги айыпкердин же соттолгон адамдын никелешүүнү каалаган адамына арызды жиберет. Бир эле убакта бул адамга никени каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тергөө камак жайынын жайгашкан жери боюнча ЖААК органынын аталышы жана дареги билдирилет.
110. Айыпкерден же соттолгон адамдан мындай арызды алган, никелешүүгө макулдугун берген адам арыздын ага тиешелүү болгон бөлүгүн толтурат жана арызда көрсөтүлгөн колдорду жана маалыматтарды күбөлөндүрүү үчүн өзүнүн жашаган жери боюнча ЖААК органына берет, андан кийин арызды ага тергөө органы тарабынан билдирилген ЖААК органына жиберет.
111. Никени каттоо никелешип жаткан адамдардын катышуусунда тергөө камак жайынын жайында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн адамдардын күбөлөрүнүн жалпы саны эки адамдан ашык болбойт.
112. Никени каттоо жана транспорт каражаттарынын чыгымын төлөө никелешип жаткан адамдардын эсебинен жүргүзүлөт.
113. Айып камак жайында тартип жазасын өтөп жаткан айыпкер же соттолгон адам менен никени каттоо бул жаза чарасын өтөп бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
114. Тергөө камак жайынын жетекчилиги кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын уруксаты болгондо никени каттагандан кийин белгиленген тартипте айыпкерге же соттолгон адамга жубайы менен жолугушууга уруксат берүүгө милдеттүү.
115. Никени бузуу үчүн айыпкер же соттолгон адам арызды сотко жөнөтөт.
116. Айыпкер же соттолгон адам мыйзамдарга каршы келбеген учурларда башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга укуктуу.
117. Жарандык-укуктук бүтүмдү жүзөгө ашыруу үчүн айыпкер же соттолгон адам белгиленген форма боюнча ишеним кат жазат, ал жарандык мыйзамдарга ылайык нотариус же тергөө камак жайынын башчысы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Тергөө камак жайынын чарбасынын жетекчиси анын суроосу боюнча жана анын эсебинен ишеним каттын зарыл бланктарын айыпкерге же соттолгон адамга сатып берет жана зарыл учурда аларды толтуруунун тартибин түшүндүрүп берет. Ишеним кат кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн орган аркылуу, ал түзүлсө ошол адамга берилет же анын атына жиберилет.
118. Айыпкерден же соттолгон адамдан ишеним кат алууну каалаган жарандар арыз менен тергөө камак жайынын жетекчилигине кайрылышат же аны почта аркылуу жиберишет.
14. Газета жана журналдарга жазылууну жүргүзүү
119. Айыпкерге же соттолгон адамга Кыргыз Республикасынын байланыш бөлүмчөлөрү аркылуу таратылган газета жана журналдарга жазылуу укугу берилет.
120. Жазылууну тариздөө үчүн айыпкер же соттолгон адам тергөө камак жайынын атына арыз менен кайрылат. Жазылууну тариздөө каалоосун билдирген адамга абонементтин жана жеткирүү карточкасынын бланктары берилет.
121. Байланыш бөлүмчөлөрүндө жазылууну тариздөө айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк эсебинде болгон анын каражаттарынын эсебинен тергөө камак жайынын чарбасынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
122. Жазылууну кайра даректөө тергөө камак жайынын жетекчисинин уруксаты менен жазылуучунун жазуу жүзүндөгү суроосу боюнча анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
123. Жазылуу айыпкердин же соттолгон адамдын туугандары же башка адамдар тарабынан анын атына таризделиши мүмкүн.
124. Жазылуу таризделиши мүмкүн болгон басылмалардын саны чектелбейт.
15. Медициналык жардам көрсөтүү жана
санитардык-эпидемиологиялык камсыз кылуу
125. Айыпкер же соттолгон адам тергөө жайына келип түшкөндө үч күндүк мөөнөттө милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдар башка камалган адамдардан өзүнчө кармалышат. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары айыпкер же соттолгон адамдын медициналык амбулатордук картасында белгиленет.
126. Айыпкер же соттолгон адам белгиленген графикке ылайык камак жайына келгенде медициналык кызматкерлерге медициналык жардам менен кайрылышат, ал эми катуу ооруганда дарыгерге билдирүүгө жана зарыл учурда айыпкер же соттолгон адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү болгон тергөө камак жайынын ар бир кызматкерине кайрылат.
127. Айыпкер же соттолгон адамга амбулаториялык жардамга камераларда, тергөө камак жайынын башка жайларында, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктук мамлекеттик органынын медициналык мекемелеринин адистештирилген кабинеттеринде көрсөтүлөт. Дары-дармектерди берүү медициналык кызматкерлердин дайындоосу боюнча белгиленген дозаларда жеке кол койдуруп алуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Дарылоонун бардык курсуна дары-дармектерди берүү жөнүндө чечим дарыгер тарабынан кабыл алынат.
128. Айыпкер же соттолгон адамга тергөө камак жайында көрсөтүлүүгө мүмкүн болгон тез же адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн бул адамдар улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген медициналык мекемелерине, жазык-аткаруу системасынын медициналык мекемелерине, ал эми зарыл учурларда - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо органдарынын мекемелерине жайгаштырылат.
129. Айыпкер же соттолгон адам денесинен жаракат алганда тез арада (бир суткадан кеч эмес) улуттук коопсуздук органдарынын медициналык кызматкери тарабынан аны медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт жана зарыл учурда ага медициналык жардам көрсөтүлөт. Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары айыпкер же соттолгон адамдын амбулаториялык картасында белгиленет жана жабыр тартканга, жактоочуга же мыйзамдуу өкүлүнө билдирилет.
130. Айыпкердин же соттолгон адамдын денесинен жаракат алгандыгын медициналык күбөлөндүрүү саламаттыкты сактоо органдарынын мекемелеринин кызматкерлери тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) тергөө камак жайынын жетекчилигинин чечими боюнча;
2) кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын чечими боюнча;
3) денесинен жаракат алган айыпкер же соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча;
4) жактоочунун же денесинен жаракат алган айыпкер же соттолгон адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча.
131. Саламаттыкты сактоо органдарынын мекемелеринин медициналык кызматкерлери тарабынан күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн денесинен жаракат алган адам же анын коргочуусу же мыйзамдуу өкүлү тергөө камак жайынын башчысынын атына арыз беришет. Арыз үч сутканын ичинде каралышы керек.
132. Айыпкер же соттолгон адам же анын жактоочусунун же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча саламаттыкты сактоо органдарынын мекемелеринин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн медициналык күбөлөндүрүү камалган адамдын өздүк эсебинде бар болгон каражаттарынан же айыпкердин же соттолгон адамдын туугандары, мыйзамдуу өкүлдөрү жана башка адамдар тарабынан төлөнөт. Мындай күбөлөндүрүүнү өткөрүүдөн баш тартуу прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
133. Айыпталуучулар жана соттолгондор өз каалоолору боюнча тергөө камак жайынын медициналык бөлүкчөлөрүнүн же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарылоо-профилактикалоо мекемелеринин жана жазык-аткаруу тутумунун дарылоо-профилактикалоо мекемелеринин шарттарында саламаттыкты сактоо органдарынын адистери тарабынан көрсөтүлө жана өз каражаттарынын эсебинен төлөнө турган каалаган кошумча дарылоо-профилактикалык жардам, ошондой эле медицина кызматкерлери тарабынан дайындалган тийиштүү дары-дармектерди ала алышат.
Бул үчүн айыпталуучу же соттолгон адам тергөө камак жайынын жетекчисинин атына тийиштүү арыз жазып, анда ал алгысы келген дарылоо-профилактикалык жардамдын түрү, медициналык персоналдын фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлөт. Бул маселени чечүүдө улуттук коопсуздук органдарынын медициналык кызматкерлеринин пикири эске алынат.
Арыз үч күндүк мөөнөттө каралып, медициналык адистин келе турган убактысы такталат. Адис келгенден кийин анын дарыгердик кылууга укугу бардыгы такталат. Кошумча дарылоо-профилактикалык жардамдын түрү жана анын көрсөтүлгөн көлөмү айыпталуучунун же соттолгондун медициналык картасына жазылат.
Кошумча дарылоо-профилактикалоо жардамын көрсөтүү акысын төлөө айыпталуучунун же соттолгондун өздүк эсебинен жардам көрсөткөн медициналык мекеменин же медициналык адистин эсебине айыпталуучу же соттолгон адам көрсөткөн суммадагы акчаны почта (телеграф) аркылуу которуу жолу менен ишке ашырылат. Кошумча дарылоо-профилактикалоо жардамынын акысы жана зарыл дары-дармектерди сатып алуу айыпталуучунун же соттолгондун туугандары же башка адамдар тарабынан төлөнүшү да мүмкүн.
134. Айыпкер же соттолгон адамга узактыгы бир сааттан кем эмес болгон күн сайын сейилдөө берилет, ал эми жашы жетпегендерге, боюнда бар аялдарга жана үч жашка чейинки балдары бар аялдарга күн сайын сейилдөө чектөөсүз берилет. Сейилдөөнү өткөрүү убактысы күн тартибин, аба ырайын, тергөө камак жайынын толгондугун жана башка жагдайларды эске алуу менен тергөө камак жайынын жетекчилиги тарабынан белгиленет.
135. Айыпкер же соттолгон адамга сейилдөө күндүзгү мезгилде берилет. Ар башка камераларда кармалган айыпкер же соттолгон адамдарды сейилдөөгө чыгаруу убактысы ийкемдүү график боюнча белгиленет.
136. Сейилдөө сейилдөө короосунун аймагында өткөрүлөт. Сейилдөө короолорунда отуруу үчүн отургучтар жана жаан тосуучу бастырмалар орнотулат. Сейилдөө мезгилинде жашы жете электерге дене тарбия көнүгүүлөрү жана спорт оюндары үчүн мүмкүнчүлүк берилет.
137. Сейилдөөнү мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн айыпкер же соттолгон адамдар сейилдөөгө жооптуу болгон тергөө камак жайынын кызматкерине тиешелүү өтүнүч менен кайрылат, айыпкер же соттолгон адамдын өтүнүчүнүн негизи боюнча чечим кабыл алуу үчүн ал аны тергөө камак жайынын башчысына же анын орун басарына билдирет.
138. Айыпкер же соттолгон адамга кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар менен жолугушуу берилет. Уруксат берүү бир жолугушууга гана жарактуу. Жолугушуу үчүн жазуу жүзүндөгү уруксатта кимге жана кайсы адамдар менен жолугушууга уруксат берилгендиги көрсөтүлүшү керек. Камалган адам менен жолугушууга бир мезгилде экиден ашык чоң адамдар киргизилбейт.
139. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын, ошондой эле келүүчүнүн инсандыгын күбөлөндүргөн документтердин негизинде тергөө камак жайынын башчысы же анын орун басары узактыгы үч саат болгон жолугушууга уруксат берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн беришет.
140. Жолугушуу жалпы кезек тартибинде берилет. Жолугушуунун алдында ага келген адамдарга жолугушуу мезгилиндеги жүрүм-турум эрежелери тууралуу билдирилет жана белгиленген эрежелерди бузган учурда жолугушуу токтотулаары жөнүндө эскертилет.
141. Жолугушууга инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи жок, мас абалында келген адамдарга, ошондой эле уруксат берүүдө көрсөтүлбөгөн адамдарга жолугушуу берилбейт. Жолугушууну берүүдөн баш тартуу себептери жолугушууга келген адамга билдирилет.
142. Айыпкер же соттолгон адамдардын жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар менен жолугушуусу бул максаттар үчүн атайын жабдылган жайларда кандайдыр бир нерселерди берүүнү жокко чыгарган, бирок сүйлөшүүлөргө жана көзмө-көз сүйлөшүүгө тоскоолдук көрсөтпөгөн бөлүүчү тосмо аркылуу тергөө камак жайынын кызматкеринин көз алдында көзөмөлдөө астында өткөрүлөт.
Айыпкер же соттолгон адамдын жолугушууга келген адамдар менен сүйлөшүүлөрү түздөн-түз же сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу жүзөгө ашырылат жана тергөө камак жайынын кызматкерлери тарабынан тыңшалышы мүмкүн.
143. Айыпкер же соттолгон адамдын жактоочу менен сүйлөшүүсү маектешүүнүн саны жана узактыгы чектелбестен жалгыз жана жашыруун түрдө жүзөгө ашырылат. Жолугушуулар алардын сүйлөшүүсүн угууга болбогон, бирок тергөө камак жайынын кызматкерине көрүүгө мүмкүндүк берген шарттарда өткөрүлөт.
144. Айыпкер же соттолгон адамдын иште жактоочу катары катышкан адвокат менен маектешүүсү - юридикалык консультация берүү ордер-тапшырмасын, ошондой эле анын инсандыгын күбөлөндүргөн документти көрсөткөндөн кийин берилет.
145. Айыпкер же соттолгон адамдар менен жолугушууга уруксат алган бардык адамдарга тергөө камак жайынын башчысынын же анын ордунда болгон адамдардын уруксаты жок тергөө камак жайына байланыштын техникалык каражаттарын, компьютерлерди, кино-, фото-, аудио-, видео жана көбөйтүүчү аппаратураны алып кирүүгө жана жолугушуу убагында аларды колдонууга тыюу салынат.
146. Жолугушууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) жолугушууга келген адамдар тарабынан жолугушууну өткөрүүгө жооптуу болгон тергөө камак жайынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары аткарылбаса;
2) айыпкер же соттолгон адамга кандайдыр бир нерселерди, заттарды, тамак-аш азыктарын берүү же алуу аракети;
3) кылмыш-жаза иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук көрсөтө турган, кылмыш жана башка укук бузууларды жасоого жардам бере турган маалыматтарды берүү;
4) жолугушууга келген адамдар тарабынан бири-бири менен сүйлөшүү үчүн шарттуу белгилер, шифрлер жана маалыматты берүүнүн башка ыкмалары колдонулса.
147. Жолугушуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда аны өткөрүүгө жооптуу болгон тергөө камак жайынын кызматкери жолугушууну токтотуунун себептерин көрсөтүү менен тергөө камак жайынын жетекчилигине бул жөнүндө билдирет.
148. Айыпкер же соттолгон адамдар менен жолугушуу кыска мезгилге токтотулган учурда (карантинге, өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана башка себептерге байланыштуу) бул жөнүндө тергөө камак жайынын жетекчилиги прокурорго, тиешелүү сот жана тергөө органдарына билдирет. Ушуга байланыштуу кабылдамада келүүчүлөр үчүн жарыя илинет.
149. Тергөө камак жайынын жетекчилиги кылмыш-жаза иштерин жүргүзгөн соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн жумуш убактысында тергөө камак жайына тоскоолдуксуз кирүүсүн жана тергөө камак жайынын аймагында тергөө аракеттерин өткөрүү үчүн чакыруу боюнча камалган адамдарды алып келүүнү камсыз кылат.
150. Айыпкер же соттолгон адамдарды тергөө камак жайынын аймагынан тышкары чыгаруу укугу тергөөчүгө, ошондой эле кылмыш-жаза иши тергөөгө көзөмөл жүргүзгөн прокурорлорго, жогору турган прокурорлорго алардын жазуу жүзүндө көрсөтмөсү болсо берилет.
151. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурлардан тышкары, нөөмөт сменалары нөөмөттү тапшыруу-кабыл алуу мезгилинде (бир сааттан ашык эмес), күн тартибине ылайык тамактануу (эртең мененки, түшкү, кечки тамактануу) мезгилинде, ошондой эле түнкү мезгилде (кечки саат 22ден кийинки күндүн эртең мененки саат 6сына чейин) айыпкер же соттолгон адамдарды жолугушуу үчүн камерадан чыгарууга, ошондой эле чакыруу боюнча камерадан чыгарууга тыюу салынат.
152. Тергөөчүнүн, прокурордун же соттун (судьянын) көрсөтмөсү боюнча тергөө аракеттерин, амбулаториялык сот-психиатриялык жана тергөө камак жайынын аймагында башка экспертизаларды өткөрүү үчүн тергөө камак жайынын администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тийиштүү жай берүүгө;
2) айыпкер же соттолгон адамды алып келүүгө жана аны кайтарууну камсыз кылууга;
3) тергөө аракеттерине катышуу үчүн кылмыш-жаза ишин жүргүзгөн орган тарабынан тартылган башка адамдардын тергөө камак жайына кирүүсүн камсыз кылууга.
153. Тергөө жана соттук аракеттерди жүргүзүүдө айыпкер же соттолгон адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган документтердин көчүрмөлөрүн алып жүрө алышат.
154. Тергөө камак жайынын аймагынан тышкары тергөө аракеттерине же сот отурумдарына катышууга айыпкерди же соттолгон адамдарды жөнөтүүдөн мурда алар сезон боюнча жана таза кийиниши керек. Зарыл учурларда көрсөтүлгөн адамдар кургак чен азык менен камсыз кылынат.
19. Тергөө камак жайынын жетекчилиги же ал ыйгарым укук берген
адамдар тарабынан камакта кармалгандарды жеке кабыл алуу
155. Тергөө камак жайынын жетекчилиги же ал ыйгарым укук берген адамдар, ошондой эле тергөө камак жайынын ишин контролдогон адамдар тарабынан айыпкер же соттолгон адамды жеке кабыл алуусу анын тергөө камак жайынын аймагында болгондо дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары күн сайын иш мезгилинде жүзөгө ашырылат.
156. Айыпкер же соттолгон адамдарды тергөө камак жайынын жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна жазуу күн сайын камераларды кыдырып чыгуу убагында жүзөгө ашырылат. Кабыл алуу жөнүндө арыз тергөө камак жайынын атына жазуу жүзүндө берилет же оозеки айтылат жана аларды берүүнүн кезек тартибин сактоо менен жеке кабыл алуу журналында катталат.
157. Кабыл алуу аяктагандан кийин журналда анын жыйынтыктары белгиленет жана айыпкер же соттолгон адамдын арызына белги коюлат. Арыз айыпкер же соттолгон адамдын жеке көктөмөсүнө тиркелет.
158. Айыпкер же соттолгон адамдын өлүмү жөнүндө тергөө камак жайынын жетекчилиги тез арада анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга жана прокурорго билдирет.
159. Айыпкер же соттолгон адамдын денеси талап кылынганга чейин саламаттыкты сактоо органдарынын жакынкы мекемесинин өлүкканасына жети суткадан көп эмес мезгилге же каза болуу фактысы боюнча текшерүү аяктаганга чейин сактоого тапшырылат. Каза болгон адамдын денесин алуу үчүн артыкчылык укугуна анын жакын туугандары жана үй-бүлө мүчөлөрү ээ. Алар жок болгондо же денени алуудан баш тартылганда дене аны талап кылган адамга берилиши мүмкүн.
160. Денени берүү аны талап кылган адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кылмыш-жаза иши өндүрүшүндө болгон адамдын жана органдын уруксаты менен жүзөгө ашырылат. Денени алуу үчүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү зарыл.
161. Каза болгон адамдын туугандарына жана башка адамдарга каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн кайсы жерге кайрылышы керектиги түшүндүрүлөт. Көмүүгө тиешелүү болгон нерселер денени талап кылган адам тарабынан камсыз кылынат. Көмүү анын эсебинен жүзөгө ашырылат.
162. Эгерде каза болгондун туугандарынын же башка адамдардын денени алуу үчүн өз убагында келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, алар бул жөнүндө билдириши жана белгиленген мөөнөттөн ашык денени сактоо кызматы үчүн акы төлөшү керек.
163. Айыпкер же соттолгон адамдын денеси мыйзамдарда каралган учурларда берилбейт.
164. Айыпкер же соттолгон адамдын денеси көрсөтүлгөн мөөнөттө талап кылынбаса мамлекеттин эсебинен көмүүгө берилет.
165. Айыпкер же соттолгон адамды камактан бошотуу жазык-процесстик мыйзамга ылайык тергөө камак жайынын башчысы тарабынан жүргүзүлөт.
166. Камактан бошотулган айыпкер же соттолгон адамга жеке документтери, кийим-кечектери, анын өздүк эсебинде сакталган акча каражаттары, ошондой эле анын камакта кармалган мөөнөтү жана бошотуунун негизи көрсөтүлгөн тергөө камак жайынын башчысынын маалым каты берилет.
22. Сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу
167. Эмгек милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарган, белгиленген тартипти үлгүлүү сактаган айыпкер жана соттолгон адамдарга карата тергөө камак жайынын башчысы же аны алмаштырган адам тарабынан төмөнкү сыйлоолор колдонулат: мурда белгиленген жазаны мөөнөтүнөн мурда алуу, иштеги мыкты көрсөткүчү үчүн акчалай сыйлоо, жашы жете электерге кошумча фильм көрсөтүү, ошондой эле спорттук машыгуулар үчүн аянттарга кошумча барууга уруксат берүү, камакта болгон жерлерде эс алуу өткөрүүнүн дагы башка түрлөрүнө катышуу.
Эмгектеги мыкты жетишкендиктери үчүн сыйлоо айыпталгандардын эмгегинен алынуучу кирешенин эсебинен ишке ашырылат. Акчалай сый акы айыпкердин же соттолгондун өздүк эсебине жазылат.
168. Белгиленген милдеттерди аткарбагындыгы үчүн камакта кармалган адамдарга тартип жазасы катары сөгүш жарыяланат, он беш суткага чейин жаза камак жайына же гауптвахтада бир адамдык камерага киргизилет (жашы жете электерге - беш суткага чейин).
Боюнда бар аялдарга жана балдары бар аялдарга жазалоо чарасы катары жаза камак жайына отургузуу колдонулбайт.
169. Сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу тергөө камак жайынын башчысынын же ал ооруган, өргүүдө, узак иш-сапарда болгон кезде, анын милдеттерин аткарган адамдын токтому, ошондой эле айыпталуучуну же соттолгонду айып камак жайында же бир адамдык камерада кармоого болбой тургандыгы жөнүндө медициналык кызматкердин медициналык корутундусу менен таризделет. Токтом айыпкердин же соттолгон адамдын өздүк көктөмөсүнө тиркелет (ушул Эрежелерге 7, 8-тиркемелер).
170. Тергөө камак жайынын башчысы же анын милдеттерин аткарган адам жок болгон учурда айыпталуучулар жана соттолгондор камакта кармоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн тергөө камак жайынын башчысы же анын милдеттерин аткарган адам тарабынан жазалоо чараларын колдонуу чечилгенге чейин 24 сааттан ашык эмес убакытка жардамчы нөөмөтчүнүн токтому боюнча бир адамдык камерага кийирилиши мүмкүн.
171. Жаза-чара кетирилген тартип бузуу кылдаттык менен текшерилгенден кийин берилет. Ар бир текшерилип жаткан факт боюнча изолятордун жетекчилиги кызматкерден - тартип бузууну көргөндөн билдирме, тартип бузган камакта кармалган адамдан, ошондой эле башка күбөлөрдөн жана көргөндөрдөн түшүндүрмө алат.
Жазалоо чарасын аныктоодо укук бузуунун оордугу жана мүнөзү, ал жасалган шарттар, укук бузуучунун мурдагы жүрүм-туруму, болгон окуяга анын мамилеси эске алынат.
Жаза тартип бузуу табылган күндөн тартып жети суткадан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлө турган болсо - ал аяктаган күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Эреже катары, жаза ошол замат колдонулат, ал эми эгерде аны ошол замат колдонуу мүмкүн болбогондо - жаза берилген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен колдонулат.
Жазалоо колдонулган ар бир учурда айыпкерден же соттолгондон жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынат, ал эми түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт.
172. Айыпкерлерге жана соттолгондорго жүз аарчыдан, самындан, тиш порошогунун же пастасынан, тиш щеткасынан жана даарат кагазынан (аялдар үчүн - гигиена предметтеринен) тышкары аларда болгон тамак-аш азыктарды жана жеке кийим-кечектерди айып камак жайына алууга тыюу салынат.
Айып камак жайында кармоо мезгилинде айыпкерлерге жана соттолгон адамдарга жактоочу менен жолугушуудан тышкары кат алышууга, жолугушууга, ошондой эле биринчи кезекте керек болуучу нерселерден тышкары, тамак-аш азыктарын алууга, жөнөтмөлөрдү жана аманаттарды алууга, стол үстүндө ойнолуучу оюндардан, китептерден, гезиттерден, журналдардан жана башка адабияттардан пайдаланууга, видео- жана телеберүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат, телефон менен байланышуу укугу чектелет.
Жазалоо чарасы катары жаза жайына же бир адамдык камерага кийирүү колдонулган айыпкерлердин жана соттолгондордун тамак-аш азыктары кампага тапшырылат жана айыпкерлерге же соттолгондорго жазалоо чарасын өтөп бүткөндөн кийин берилет. Тергөө камак жайынын администрациясы тапшырылган тамак-аш азыктарынын сакталышына чара көрүшөт, бирок узак мезгилге сакталгандыгына байланыштуу табигый себептерден улам азыктар бузулуп кетсе, бул жөнүндө комиссиялык түрдө акт түзүлөт жана бузулган тамак-аш жок кылынат.
173. Айыпкерлерди жана соттолгондорду айып камак жайына кийирүүдө алар толук тинтүүгө алынат.
174. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн айып камак жайына киргизилген айыпкерлерге жана соттолгондордо чылым чегүүгө тыюу салынат.
175. Жаза жайына же бир адамдык камерага киргизилген айыпкерлердин же соттолгондордун тамактануусу камераларда жүргүзүлөт.
176. Айып камак жайында камалган айыпкерлерди жана соттолгондорду медициналык текшерүү жана амбулаториялык дарылоо атайын жабдылган жайда жүзөгө ашырылат. Санитардык тазалоо айыпкерлерден жана соттолгондордон өзүнчө жүргүзүлөт.
177. Жууркан-төшөктөр айып камак жайына кийирилген айыпкерлерге жана соттолгондорго уктоо мезгилинде гана берилет. Айыпкерлерди жана соттолгондорду узактыгы отуз минута болгон күн сайын сейилдөөгө чыгарууда аларга сезон боюнча кийим берилет.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 1-тиркеме |
1. Тергөө камак жайларында камакта кармалган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелеринде белгиленген камакта кармоонун тартибин сактоого;
- тергөө камак жайынын администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- гигиена жана тазалыктын талаптарын сактоого;
- өрт коопсуздук эрежелерин сактоого;
- тергөө камак жайынын мүлкүнө сарамжалдуу мамиле кылууга;
- кезегине жараша камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;
- тергөө камак жайынын кызматкерлеринин, камакта кармалган адамдардын жана башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирүүчү аракеттерди жасабоого;
- камакта кармоонун тартибин камсыз кылган тергөө камак жайынын кызматкерлерине, ошондой эле башка адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда жолтоо болбоого;
- өмүрү менен ден соолугуна, ошондой эле башка адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудуруучу атайын аракеттерди жасабоого;
- белгиленген күн тартибин сактоого;
- өз ара жана тергөө камак жайынын кызматкерлерине кайрылууда сылык мамиледе болууга;
- тергөө камак жайдын кызматкерлерине "Сиз" деп кайрылууга жана аларды "жаран" деп атоого, ага наамы же кызмат орду кошулат же "жаран башчы" деп атоого;
- тергөө камак жайынын кызматкерлери камерага кирген учурда алардын командасы менен ордунан турууга жана көрсөтүлгөн жерге тизилүүгө;
- өзүн таза алып жүрүүгө;
- конвой алдында же тергөө камак жайынын кызматкерлеринин коштоосунда баратканда колдорун артка кармоого;
- тергөө камак жайынын кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын талаптары боюнча өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын айтууга;
- тынчтыкты сактоого;
- өз кезеги менен камерада нөөмөт өтөөгө.
2. Камера боюнча нөөмөтчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тергөө камак жайынын кызматкерлери камерага кирген учурда камерада кармалган камалган адамдардын саны жөнүндө билдирүүгө;
- камеранын буюмдарынын, жабдууларынын жана башка мүлкүнүн сактыгын кароого;
- камерада кармалган адамдар үчүн идиш-аяк алууга жана кайра тапшырууга;
- камераны таза кармоого;
- камерадагы полду жууп, шыпырууга, санитардык түйүндү, сейилдөө аяктагандан кийин сейилдөө короосун тазалоого;
- ичүүчү сууга дайындалган бакты жууга.
3. Камакта кармалган адамдарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- сактоого жана колдонууга тыюу салынган предметтерди, заттарды жана тамак-аш азыктарын жанында алып жүрүүгө, жөнөтмө же кийирүү аркылуу алууга, сатып алууга, сактоого жана колдонууга;
- башка камераларда же тергөө камак жайынын башка жайларында кармалган адамдар менен сүйлөшүүгө, кандайдыр бир буюмдарды берүүгө, дубалды каккылап байланышууга же алар менен кат алышууга;
- эркиндикте жүргөн же жазасын эркиндигинен ажыратуу жерде өтөп жүргөн адамдар менен сүйлөшүүнүн, кандайдыр бир буюмдарды берүүнүн жана кат алышуунун белгиленген тартибин бузууга;
- администрациянын уруксаты жок камералардан жана башка режимдик корпустардан чыгууга;
- тергөө камак жайларынын объектилеринин күзөткө алынган линиясын бузууга;
- алкоголдук ичимдиктерди жасоого жана ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга;
- материалдык же башка пайда алуу максатында такта үстүндө оюндарын ойноого;
- өзүнүн жана башка адамдардын денелерине татуировкаларды түшүрүүгө;
- администрациянын уруксаты жок парда тартууга жана уктоо жайын алмаштырууга;
- колго жасалган электр приборлорун колдонууга;
- администрациянын уруксаты жок электр приборлорун колдонууга;
- камерада ачык от чыгарууга;
- жаныбарларды жана чымчыктарды кармоого;
- администрациянын уруксаты жок сантехникаларды, жарык берүүчү жана башка приборлорду оңдоого же камерадагы жарыкты жөнгө салууга;
- санитардык түйүндөрдү булгоого;
- дубалдарга жана камеранын буюмдарына кагаз, сүрөт, газетанын кесиндилерин чаптоого, аларга жазууга жана сүрөт тартууга;
- кыйкырууга же башка жол менен тынчтыкты бузууга;
- тергөө камак жайынын аймагы боюнча жүрүү учурунда саптан чыгууга, тамеки тартууга, сүйлөшүүгө, камеранын "көзчөсүн" кароого, кандайдыр бир предметтерди көтөрүүгө, айгай сигнализациясынын баскычын басууга;
- терезеден бир-нерселерди ыргытууга, терезенин тактайына чыгууга, форточкадан башын чыгарууга, эшиктин "көзчөсүнө" жакын келүүгө жана "көзчөнү" жабууга;
- өздүк колдонууда болгон предметтерди сатууга, белекке берүүгө же башка жол менен ээликтен ажыратууга.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 2-тиркеме |
Камакта кармалуучу адамдар жылытууну талап кылуучу, тез бузулуучу, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен, ошондой эле ачыткы, алкоголдук ичимдиктер жана сырадан тышкары болгон тамак-аш азыктарын жандарында алып жүрүүгө, сактоого, кийирүү, аманат аркылуу алууга жана накталай эмес эсеп боюнча сатып алууга болот.
Тамак-аш азыктарынын тизмеси улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медициналык кызматынын буйругу менен чектелиши мүмкүн.
Шектүүнүн жана айыпталуучунун жанында сактап жүрүүгө мүмкүн болгон тамак-аш азыктарынын жалпы салмагы 50 кг дан жогору болбошу керек.
Камакта кармалуучу адамдар жандарында алып жүрүүгө, сактоого, кийирүү, аманат аркылуу алууга, накталай эмес эсеп боюнча сатып алууга мүмкүн болгон азык-түлүктүн, биринчи зарылдыктагы предметтердин, бут кийимдин, кийимдин жана башка өнөр-жай товарларынын тизмеси:
- чылым заттары, ширеңке;
- куру, тарткычы жана галстугу жок бир комплект кийим (ошонун ичинде белгиленген үлгүдөгү), ошондой эле сезонго жараша баш кийим, бут кийим (супинаторлору, металл набойкалары болбошу керек);
- бир комплект спорттук кийим же аялдар үчүн үйдө кийилүүчү халат (белгиленген үлгүдөгү кийим алган камалгандардан тышкары);
- ич кийим - эки комплекттен ашпаган;
- байпак;
- байпак же колготкалар (аялдар үчүн);
- мээлей же колкап - бир жуп;
- жүзаарчы;
- үйдө кийүүчү же спорттук бут кийим - бир жуп;
- тазалык буюмдары (атыр, кир жуугуч самындар, суюк самын же шампунь, тиш щетка жана тиш паста, самын жана тиш щетка коюу үчүн пластмассадан жасалган футляр, крем, тарак);
- коопсуз электр же механикалык устара;
- буюм салынуучу кап же баштык;
- коопсуз көз айнек жана көз айнек үчүн пластмассадан жасалган куту;
- жоолук, тар шым, курлар, бюстгальтерлер, марля, пластмассадан жасалган чач кыпчыгычтар, вазелин, пахта, гигиеналык тампондор, косметикалык буюмдар, пластмассадан жасалган бигуди (аялдар үчүн);
- балдак, жыгач таяк, протез (врачтын уруксаты менен);
- заводдо даярдалган тиричилик электр суу кайнаткычы (аз габариттүү);
- мочалка же губка;
- жазууга кагаз, окуу дептерлери, почта конверттери, открыткалары, почта маркалары;
- даарат кагазы;
- чөнтөктө же денеге тагып жүрүүчү кымбат эмес металлдан жасалган диний сыйынуу буюмдары;
- бир комплект төшөк шейшеби (эки шейшеп жана бир жаздык тыш), жүз аарчы;
- тергөө камак жайынын китепканасынын көркөм жана башка адабият, ошондой эле мезгил-мезгили менен чыгуучу басмалары же анын администрациясы тарабынан соода түйүнүнөн алынган басмалар;
- китептер, окуу куралдары (камалган бир адамга бештен китеп);
- экиден ашык эмес фотокарточкалар;
- стол үстүндө ойнолуучу (дойбу, домино, шахмат, нарда) камерага бир комплекттен;
- балдарды багууга керек болуучу буюмдар (врачтын уруксаты менен үч жашка чейинки балдары бар аялдар үчүн);
- врач жазып берген дары препараттары.
Мындан башка, айыпкер же соттолгон адамдарга мамлекеттик сырларды камтыган документтерден жана жазуулардан тышкары, кылмыш-жаза ишине же укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу маселелерине байланыштуу документтерди жана жазууларды жанына алып жүрүүгө жана сактоого уруксат берилет. Мамлекеттик сырларды камтыган документтер жана жазуулар камакта кармоочу жердин администрациясында сакталат. Аларды колдонуу атайын ушундай максаттар үчүн жабдылган бөлмөлөрдө жүзөгө ашырылат.
(*) Ушул тизмеде каралбаган предметтерди жана кийимдерди камераларда сактоого тыюу салынат.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 3-тиркеме |
20__-ж. ___-______. ______________ ш.(а).
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
(акт түзүүчүлөрдүн кызмат орду, наамы, аты-жөнү)
____________________________________________________ өндүрүшүндө болгон (өндүрүшүндө кылмыш-жаза иши каралып жаткан орган)
№ _______________________________________ кылмыш-жаза иши боюнча өтүүчү айыпталуучу, соттолгон ________________________________________________ _______________________________________________________________________
(материалдык зыян келтирген адамдын аты-жөнү,
_____________________________________________________________ тарабынан
туулган жылы, кызмат орду)
_______________________________________________________ сомго бааланган ______________________________________________________ материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу ушул актыны түзүштү.
______________________________________________________________________________________________________________________________________
(материалдык зыяндын келтирилишинин себептери жана алардын тизмеси)
Материалдык зыян келтирген адамдын түшүнүк каттары тиркелет
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
Актыга материалдык зыянга учураган буюмдардын баалары тууралуу жергиликтүү соода түйүндөрүнөн алынган маалым каттар тиркелет
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
Текшерүүнүн жыйынтыгында айыпталуучу адамдан (соттолгондон) материалдык зыянды төлөөнүн эсебинен ____ сом төлөтүүнү туура көрөбүз.
Актыны түзгөн адамдардын аты-жөнү, кол тамгалары _________________ _______________________________________________________________________
Материалдык зыян келтирген адамдын аты-жөнү, кол тамгасы _________ _______________________________________________________________________
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 4-тиркеме |
20__-ж. ___-______ ______________ ш.(а).
Айыпталуучу. (соттолгон) ____________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
тарабынан келтирилген материалдык зыян фактысы боюнча текшерүүнүн материалдарын карап чыгып,
Тергөө камак жайында кармоо убагында материалдык зыян келтиргендиги жөнүндө көрсөтүлгөн актыга ылайык ______________ сом өлчөмүндө, т.а. ________________________________________________________________________________________________________________________________________
(материалдык зыяндын предметтери баяндалат)
___________________________________________ материалдык зыян келтирген.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясын жетекчиликке алып.
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Айыпталуучу (соттолгон) ________________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
материалдык зыян келтирилгендиги үчүн ______ сом төлөсүн.
Токтомдун көчүрмөсү келтирилген материалдык зыянды төлөө боюнча көмөк
көрсөтүү катары жана маалымат иретинде ________________________________________________________
(кылмыш-жаза иши
___________________________________________________________ жиберилсин.
өндүрүшүндө болгон органдын аты)
Тергөө камак жайынын башчысы: ____________________________________
(наамы, кол тамгасы, фамилиясы)
20___-ж. _____-___________________
______________________________________________________________________________________________________________________________________
Токтом мага жарыяланды ________________________________________________________________________________________________________________
(айыпталуучунун же соттолгондун
______________________________________________________________________________________________________________________________________
аты-жөнү, кол коюусу (дата)
Токтомду жарыяладым __________________________________________________________________________________________________________________
(кызмат орду, наамы, аты, кол тамгасы )
Эскертүү: Тергөө камак жайында зыянды төлөө толук эмес аткарылган болсо, бул адамды эркинен ажыратуу түрүндө жазасын аткаруу мекемесине жиберүү учурунда, келтирилген зыянды төлөө жөнүндө токтом жаза өтөө жайына жиберилет жана төлөнбөгөн материалдык зыян ушул мекеменин администрациясы тарабынан төлөнөт.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 5-тиркеме |
Тергөө камак жайынын
башчысына __________________
№ ________ тергөө камак жайы
Айыпталуучу (соттолгон) ____
____________________________
(аты-жөнү)
Жеке эсебинде _______________ сом № __________________________ Акт
Айыпталуучу (соттолгон) __________________________________________
(аты-жөнү)
Жооптуу кызматкер ________________________________________________
20___-ж. ____-__________________
Арыз
Төмөнкү товарларды алууга уруксат берүүңүздү суранам:
┌───┬────────────────────────┬──────────────┬─────────────┬───────────┐
│ № │ Товардын аталышы │ Саны │ Берилгени │ Суммасы │
│п/п │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼───────────┤
├───┼────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼───────────┤
└───┴────────────────────────┴──────────────┴─────────────┴───────────┘
____________________________________________________________________________________________________________________________________
(соттолгондун кол тамгасы)
Тил кат
Төмөнкү суммага _________________________________ товарларды алдым
(жазуу түрүндө)
Бул сумманы менин жеке эсебимден чыгарып салууңуздарды суранам.
____________________________________________________________________________________________________________________________________
(айыпталуучунун же соттолгондун кол тамгасы)
20___-ж. ____-__________________
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 6-тиркеме |
Органдын штампы Тергөө камак жайынын
башчысына __________________
№ ________ тергөө камак жайы
____________________________
(наамы, аты-жөнү)
ТАЛАП
КР КЖК _________________________________ статьясы боюнча козголгон
№ _________ кылмыш-жаза иши боюнча ______________________ катары өтүүчү
(адамдын статусу)
_____________________________________________________ кароосунда турган
(орган)
айыпталуучу (соттолгон) _______________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
№ _________ тергөө камак жайдын чегинен тышкары процесстик иш-чараларды
өткөрүү үчүн
20__-ж. __-__ саат ___ мин. баштап 20__-ж.__-___. ___ саат ___
мин. чейин конвой ________________________________ берүүнү суранам.
Конвой:
1) Улук _________________________________________________________,
(кызмат орду, наамы, аты-жөнү)
№________________кызматтыккүбөлүк 20__-ж. ____-____________ берилген _______________________________________________________________________
(ким тарабынан берилген)
2) _______________________________________________________________
(кызмат орду, наамы, аты-жөнү)
№ ________________ кызматтык күбөлүк 20__-ж. ____-____________ берилген _______________________________________________________________________
(ким тарабынан берилген)
Курал: маркасы _____________________________ № ___________________
(жооптуу)
Кол кишени: маркасы ___________________________ № ________________
(жооптуу)
Автоунаа: маркасы ________________________ мам. № ________________ _______________________________________________________________________
(айдоочу)
_______________________________________________________________________ (кылмыш-жаза иши өндүрүштө болгон адамдын кызмат орду, наамы, аты-жөнү) _______________________________________________________________________
"Макулмун" ┌───────────────────────────────────────┐
____________________________ │ Айыпталуучуну (соттолгон адамды) │
Тергөө камак жайынын │ алуу жөнүндө │
____________________________ │ тил кат: │
башчысынын кызмат орду, │ │
____________________________ │Биз төмөнкү курамдагы конвойлор: │
(наамы, аты-жөнү) │1) ____________________________________ │
____________________________ │ (кызмат орду, наамы, фамилиясы) │
____________________________ │2) ____________________________________ │
(кол тамгасы) │ (кызмат орду, наамы, фамилиясы) │
│ │
│Чектен тышкары процесстик иш-чараларды │
│өткөрүү үчүн __________________________ │
│_______________________________________ │
│ (айыпталуучунун (соттолгондун) │
│________________________________ алдык. │
│ аты-жөнү) │
└───────────────────────────────────────┘
Эскертүү: Конвойдо кызматтык күбөлүгү, куралы, кол кишени, автоунаасы жок болгон учурда айыпталуучу же соттолгон берилбөөгө тийиш.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 7-тиркеме |
ТОКТОМ
Айыпталуучуну (соттолгонду) сыйлоо жөнүндө
Айыпталуучу, (соттолгон) _______________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
(сыйлоонун негиздери көрсөтүлөт)
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Айыпталуучу (соттолгон) ________________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
(сыйлоонун түрү көрсөтүлөт)
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
Тергөө камак жайынын башчысы _________________________________________________________________________________________________________
(наамы, кол тамгасы, фамилиясы)
20___-ж. ____-__________________
Токтом мага жарыяланды
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
(айыпталуучунун же соттолгондун кол тамгасы, дата)
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 8-тиркеме |
ТОКТОМ
Айыпталуучуну (соттолгонду) тартиптик жазага тартуу жөнүндө
Айыпталуучу (соттолгон) _____________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
_______________________________________________________ бузуу баяндалат
(бузуунун убактысы, жери жана маңызы)
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-статьяларын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Айыпталуучу (соттолгон) _______________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
камакта кармоонун кабыл алынган тартибин бузгандыгы үчүн
______________ _______________________________________________________________________ (жазалоонун түрү, зарыл учурда карцерге, жалгыз камерага
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
ж.б.киргизүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт)
Тергөө камак жайынын башчысы _________________________________________________________________________________________________________
(наамы, кол тамгасы, фамилиясы)
20___-ж. ____-__________________
Токтом мага жарыяланды
_______________________________________________________________________
(айыпталуучунун же соттолгондун кол тамгасы) (дата)
Токтомду жарыяладым _____________________________________________________________________________________________________________
(кызмат орду, наамы, фамилиясы, кол тамгасы)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелеринин 169-пунктуна ылайык, айыпталуучуну же соттолгонду карцерге убактылуу киргизүү (24 сааттан узак эмес) ушул токтомдун негизинде айыпталуучуга же соттолгонго жарыялабастан тергөө камак жайынын башчысынын нөөмөтчү жардамчысы тарабынан жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 9-тиркеме |
Тергөө камак жайы ________________________
20___-ж. ___-_________________
№ ____ АКТ
__________________________________________________________ алынган
(камакка алынгандын аты-жөнү)
Акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар, сыйлыктар жана документтер камалган адамдан сактоо үчүн кабыл алынды
┌───┬─────────────────────────┬──────────┬────────────┬───────────────┐
│ № │ Аталышы │ Саны │Салмагы (гр) │Акчанын суммасы │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
└───┴─────────────────────────┴──────────┴────────────┴───────────────┘
Акчанын суммасы (жазуу түрүндө) ______________________________________________________________________________________________________
Актыга киргизилген акча каражаттардын, баалуу буюмдардын, сыйлыктардын жана документтердин тууралыгын тастыктайм.
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
(камакка алынгандын агы-жөнү, кол тамгасы)
Тапшырдым: __________________________________________________________________________________________________________________________
(камак жайдын кызматкеринин кол тамгасы)
Кабыл алдым: _________________________________________________________________________________________________________________________
(материалдык-жооптуу адамдын фамилиясы
_____________________________________________________________________________________________________________________________________
жана кол тамгасы)
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 10-тиркеме |
Тергөө камак жайы ________________________
20___-ж. ___-_________________
Жок кылуу жөнүндө
№ ______ АКТ
Камалган адамдан алынган жана сактоого кабыл алынбаган предметтер, заттар жана азык-түлүк продуктулары жок кылынат, комиссиянын курамында:
1. ____________________________________________________________________________________________________________________________________
(комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү)
2. ____________________________________________________________________________________________________________________________________
(комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү)
3. ____________________________________________________________________________________________________________________________________
(комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү)
Айыпкер же соттолгон __________________________________________________________________________________________________________________
(айыпкер же соттолгон
_______________________________________________________ катышуусу менен
адамдын аты-жөнү)
┌───┬─────────────────────────┬──────────┬────────────┬───────────────┐
│ № │ Аталышы │ Саны │Салмагы (гр) │ Эскертүү │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
└───┴─────────────────────────┴──────────┴────────────┴───────────────┘
Жок кылуу жөнүндө актыга киргизилген предметтердин, заттардын жана азык-түлүк продуктуларынын тууралыгын тастыктайм ______________________ _________________________________________________________________________________________________________________________________________
(камакка алынгандын аты-жөнү, кол тамгасы)
Тергөө камак жайынын башчысы __________________________________________________________________________________________________________
(наамы, аты-жөнү, жана кол тамгасы)
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 11-тиркеме |
Тергөө камак жайы ________________________
20___-ж. ___-_________________
№ ______ АКТ
_____________________________________________________ Кабыл алынды
(айыпкер же соттолгон адамдан буюмдарды,
______________________________________________________________________________________________________________________________________
предметтерди, заттарды, азык-түлүк продуктуларын кабыл алган
______________________________________________________________________________________________________________________________________
адамдын аты-жөнү)
┌───┬─────────────────────────┬──────────┬────────────┬───────────────┐
│ № │ Аталышы │ Саны │Салмагы (гр) │ Эскертүү │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼─────────────────────────┼──────────┼────────────┼───────────────┤
└───┴─────────────────────────┴──────────┴────────────┴───────────────┘
Көрсөтүлгөн буюмдар жана предметтер актыга туура киргизилген, актынын көчүрмөсүн алдым ________________________________________________
(камакка алынгандын аты-жөнү, кол тамгасы)
Буюмдарды жана предметтерди кампага кабыл алдым
__________________ _______________________________________________________________________
(чарба жетекчисинин аты-жөнү жана кол тамгасы)
| Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларындагы ички тартиптин эрежелерине 12-тиркеме |
1. Чылым заттары, ширеңке.
2. Белгиленген үлгүдөгү кийим, баш кийимдер, бут кийим жана жууркан-төшөк буюмдары.
3. Ич кийим (жылуу жана жөнөкөй), ачык эмес түстөгү футболкалар, пуловерлер, свитерлер. Ачык эмес түстөгү спорттук кийимдер.
4. Жүз аарчылар, кайыштар, байпак буюмдары, колготкалар, кол кап, мээлей, үйдө кийүүчү тапочкалар, спорттук бут кийим, жип, шарфтар, бет аарчылар.
5. Тазалык буюмдары (атыр, кир жуугуч самын, тиш щетка, тиш порошогу, тиш пастасы, шампунь, крем, тарак).
6. Жоолуктар, тар шым, кур, бюстгальтерлер, марля, гигиеналык пакеттер, чач кыпчыгычтар, пахта, косметика буюмдары (аялдар үчүн).
7. Электр же механикалык устара.
8. Өтүк щеткалары жана кийим щеткалары, бут кийим үчүн крем.
9. Идиш-аяк, көз айнек, самын жана тиш щеткалары үчүн кутучалар, кружка, кашык.
10. Стол үстүндө ойнолуучу оюндар.
11. Китептер, окуу дептерлери, почта конверттери, открыткалар, маркалар, жөнөкөй калемдер, автокалемдер, сыя жана стержендер.
12. Адабият.
13. Фотокарточкалар, фотоальбомдор.
14. Кымбат эмес металлдан жасалган денеге тагылчу крестиктер жана сыйынуу предметтери.
15. Балдак, жыгач таяк, протез, майыптар үчүн коляскалар (врачтын уруксаты менен).
16. Колго тагылуучу же чөнтөктө жүрүүчү кымбат эмес металлдан жасалган коопсуз сааттар.
17. Жеке колдонуу үчүн радиоприемник.
Азык-түлүк продуктуларынын тизмеси Тергөө камак жайынын башчысы тарабынан аныкталат. Бул тизме санитардык-эпидемиологиялык кызматтын буйругу менен чектелиши мүмкүн. Айыпталуучу же соттолгон адам жанында сактоого мүмкүн болгон азык-түлүк продуктуларынын салмагы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежелери менен белгиленген ченемден көп болбошу керек.