Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-ноябры № 762
Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев
|
Бул Мыйзам жаныбарларды идентификациялоого, идентификацияланган жаныбарлардын жүргөн жерлерин эсепке алууга жана мамлекеттик отчетун жасоого байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана финансылык негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт.
1-бап
Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамасы
Бул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
- топтук идентификациялык номер - чарбалык субъекттеги бир түрдөгү идентификацияланган жаныбарлардын тобуна бериле турган номер, бул номер ал топту өндүрүштүк эксплуатациялоонун бүткүл мезгилинен тартып, топ таратылганга жана жоюлганга чейин өзгөртүлбөйт;
- идентификацияланган жаныбарларды пайдалануу - жаныбарды кармаган чарбанын алмашышы, ошондой эле жаныбардын союлушу же өлүшү камтылган процесс;
- Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлар, алардын пайдаланылышы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматтарды эсепке алуунун информациялык-аналитикалык системасы;
- жаныбарлар - мүйүздүү бодо мал, жылкылар, төөлөр, эшектер, чочколор, койлор жана эчкилер, коендор, иттер, мышыктар, канаттуулар, балыктар, аарылар, жибек көпөлөктөр, жаныбарлардын жапайы түрлөрүнөн башкалар;
- идентификация - жаныбарды сыпаттоо процесси, башкача айтканда анын жашын, жынысын, өңүн, породасын жана башка керектүү параметрлерин аныктоо;
- жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш информациялык каражаттарды пайдалануу менен берилчү, жаныбардын өмүрү бою өзгөртүлбөөчү жана жаныбардын бир түрүнүн чегиндеги уникалдуу номер;
- каттоо - идентификацияланган жаныбарлар, алардын пайдаланылышы, алардын ээлери, чарбалары жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматты Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү;
- каттоо номери - чарбалык субъектиге берилчү жана анын өндүрүштүк ишинин мезгилинде алмаштырылбай турган номер;
- чарбалык субъект - жаныбарлардын ээси болгон, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык же жеке жак, ал жаныбарларды багуу, көбөйтүү, сатуу, ташуу менен алектенет, жаныбарларды соет, союлган жаныбарлардын азыктарын кайра иштетет, сатат, жаныбарды сойгондон кийин пайдаланууга жарабачу продуктуларын жана өлгөн жаныбарлардын денелерин утилдештирет, жаныбарлардын көргөзмөлөрүн өткөрөт;
- чарба - өлкөнүн аймагындагы жаныбарлар багылган, көбөйтүлгөн, жашаган жайлар, имараттар жана курулмалар, жаныбарлар сатылуучу, союлуучу, санитардык утилдештирилүүчү жайлар, алардын көргөзмөсүн өткөрүүчү жерлер жана жаныбарлар чогуу кармала турган башка жайлар, булар ветеринардык-санитардык көзөмөлдүн объектилери болушат.
2-берене. Негизги максаттары жана милдеттери
Бул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөрдү көздөйт:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү системасын ишке киргизүү;
- азыктуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, мал чарба өнүмдөрүнүн рынокторун башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн жаныбарлар жөнүндөгү ыкчам жана анык маалыматтарды алуу;
- малдын анык санын алуу менен эпизоотияга каршы, дарылоочу-профилактикалык жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;
- биологиялык коопсуздукту, мал чарба өнүмдөрүн пайдалануучуларга берилип жаткан продукциянын чыгарылган жери, сапаты жана коопсуздугу тууралуу толук жана анык маалыматтын берилишин камсыздоо.
Бул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- малдын саны тууралуу анык эсеп;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын жүрүшүнө мамлекеттик көзөмөл;
- жаныбарларды экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оору козгогучтардын кирүүсүнөн коргоо;
- жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, ташууда, сатууда, союуда жана союлган малдын керекке жарабаган продуктуларын, өлгөн малдын өлүгүн жок кылууда чарбалык субъекттер тарабынан ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптардын аткарылышы.
3-берене. Жаныбарларды идентификациялоо тармагындагы мыйзамдар
Жаныбарларды идентификациялоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын жана аларга ылайык кабыл алынчу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана белгиленген тартипте күчүнө киргизилген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жоболоруна негизделет.
Эгер Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө киргизилген эл аралык келишимде бул Мыйзамдагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.
4-берене. Жаныбарларды каттоого жана идентификациялоого негизги талаптар
Жаныбарлар багылып жана көбөйтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалар милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө, ал эми жаныбарлар идентификацияланууга жана катталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында идентификацияланбаган жаныбарларды сатууга жана союуга тыюу салынат.
2-бап
Жаныбарларды идентификациялоо ишин уюштуруу жана жүргүзүү
5-берене. Жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоочу жана каттоочу органдар
Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын жүрүшүнүн эсеби боюнча иштердин комплексин уюштуруу жана жүргүзүү, жана администрациялык-аймактык бирдиктеги Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар идентификацияланган жаныбарлардын жүрүшү жана чарбалардын катталышы жөнүндө маалыматтарды жалпылашат.
Чарбалардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келүүсү мамлекеттик ветеринария органдары тарабынан бааланат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жылына бир жолу 1-январга карата Кыргыз Республикасынын аймагында бардык малды жана үй канаттууларын, алардын ичинен идентификациялангандарын санактан өткөрүү иши уюштурулат жана жүргүзүлөт.
6-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо
Жаныбарларды идентификациялоо жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын жана алардын жүрүшүнүн эсебин алуу, аларга белгиленген үлгүдөгү документтерди тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Эрежеге ылайык ишке ашырылат.
Мүйүздүү бодо мал, жылкылар, төөлөр, эшектер, иттер, мышыктар жана асыл-тукум баалуулукка ээ жаныбарлардын бардык түрлөрү жеке идентификациялык номер берүү менен идентификациядан өткөрүлөт.
Чочколор, койлор жана эчкилер, коендор, канаттуулар, асыл-тукум эмес иттер жана мышыктар жаныбарлардын ар бир тобуна топтук идентификациялык номер берүү менен идентификацияланат.
7-берене. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо тартиби
Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо төмөнкүдөй кезекте ишке ашырылат:
- чарбаларды каттоо;
- жаныбарларды идентификациялоо;
- чарбаларда идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүү;
- идентификацияланган жаныбарлар жана алардын жүрүшү, союлушу (жок кылынуусу), өлүмү жөнүндөгү маалыматтарды Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо;
- жаныбарларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу формадагы документтерди тариздөө жана берүү.
Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
3-бап
Жаныбарларды идентификациялоо тармагындагы укуктук мамилелер
8-берене. Чарбалык субъектилердин милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери
Чарбалык субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба, жаныбарлардын жүрүшү жөнүндө анык маалыматтарды берип турууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүүгө;
- мал чарба имараттарын ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарга ылайык кармоого.
Чарбалык субъекттин укуктары:
- идентификацияланган жаныбарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу форма боюнча документтерди алууга.
Чарбалык субъектке төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарга жооп бербеген мал чарба имараттарын пайдаланууга;
- Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган чарбада чарбалык ишти жүргүзүүгө;
- идентификацияланбаган жаныбарларды чарбада багууга жана көбөйтүүгө.
Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо эрежелерин жана талаптарын бузган чарбалык субъектилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жаныбарларды идентификациялоо жана чарбаларды каттоо жагындагы компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүүгө;
- идентификацияланган жаныбарлардын жүрүшүнүн эсебин алууга;
- чарбалык субъектилердин эсебин жүргүзүүгө;
- статистика органдарына идентификацияланган жаныбарлардын жүрүшү жана катталган чарбалар жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттө квартал сайын берүүгө;
- чарбалык субъектилерге идентификацияланган жаныбарлардын жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган чарбалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган формадагы документтерин берүүгө.
Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чарбалык субъектиге жаныбарларды багууга жана көбөйтүүгө байланышкан өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүгө тыюу салууга укуктуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузган кызматтык адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10-берене. Идентификация жана чарбаларды каттоо жагындагы мамлекеттик көзөмөл
Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо иштерин мамлекеттик көзөмөлдөө ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
4-бап
Идентификациялоо жана каттоо иштерин финансылык камсыздоо
11-берене. Чарбалык субъекттин эсебинен аткарылчу иштер
Жаныбарларды идентификациялоо, идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүү, чарбалык субъекттин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктыгын аныктоо боюнча иштер жана бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү форма боюнча документтерди тариздөө чарбалык субъекттин эсебинен жүргүзүлөт.
12-берене. Республикалык бюджеттин эсебинен аткарылчу иштер
Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбалык субъектилерди Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоону уюштуруу жана жүргүзүү жана аларды эсепке алуу, Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбалык субъектилерди кайталап саноо иштерин уюштуруу жана өткөрүү, мамлекеттик статистикалык отчетту иштеп чыгуу жана түзүү боюнча иштер ошол жылга каралган ассигнациялардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат.
5-бап
Корутунду жоболор
13-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, ошондой эле бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн керектүү башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2006-ж. № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан иштелип чыкты.
Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо, мал чарба азыктарынын ветеринардык-санитардык жактан коопсуз өндүрүү системасындагы, жаныбарлардын жана алардан алынган азыктардын эл аралык соодалашуусун өнүктүрүүдөгү маанилүү факторлордун бири жаныбарлардын идентификациясы жана чарбаларды каттоо (учет) болуп эсептелет.
Колхоз, совхоздор жоюлгандан кийин малдын көбү жеке менчикке берилип, ошону менен аларды идентификациялоо системасы жана бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү иши камсыздалбай калган. Мал ээлери малына өз билгениндей белги салышып, малын идентификациялаган эмес. Мунун натыйжасында малдын көчүрүлүүсү, ары-бери жүргүзүлүүсү, анын ичинде өлүмү жана өлгөнүнүн себептерин аныктоо иштери көзөмөлгө алынбай калган. Мал уурдоо күчөдү, идентификацияланбаган малды алып-сатууда жугуштуу илдеттердин жайылышы күч алды, анткени илдет чыккан жайды белгилөө мүмкүн эмес болуп жатат.
Чарбадагы малдын так саны белгисиз болгондуктан, аларга профилактикалык эмдөө иштери жана диагностикалык изилдөөлөр толук көлөмдө жасалбайт, ошондой эле оору чыккан жай табылып, малды кайталап эмдөө зарылдыгы чыкканда кайсы мал эмделген, кайсынысы эмделбегени белгисиз болуп, эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө дагы кошумча чыгымдар сарпталууда.
Мисалы, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2011-жылы ири мүйүздүү малдын (ИММ) саны 1298825 баш болсо, Мамлекеттик ветеринария департаментинин маалыматы боюнча шарп оорусуна каршы эмдөөлөрдү жүргүзүүдө ИММ саны 1739300 башты түзгөн, айырмасы 440475 баш болгон. Бул - республикада жаныбарларды идентификациялоо системасы киргизмейин учурдагы малдын учетун алуу системасы жараксыз экенин көрсөтүп турат. Жаныбарларды идентификациялоо жана алардын санын так алуу боюнча мыйзам базасынын жоктугунан жаныбарларды 100% эмдөөгө керектүү биопрепараттарды мамлекеттик сатып алуу иштерин сапаттуу пландоого мүмкүндүк болбой жатат. Бул өз кезегинде өлкөнүн эпизоотиялык оңтойлуулугуна тоскоол болуп, продукциянын экспорттук дараметин чектеп, айыл калкынын берекелүү турмушуна кедергисин тийгизүүдө. Республикадагы жаныбарлардын бардык ээлери бул мыйзам долбоорунун субъектилери болуп эсептелиши керек.
Идентификациялоо менен жаныбарларды учетко алуу - жаныбарларды толугу менен профилактикалык эмдөө жүргүзүүгө, аларды диагностикалык изилдөөгө, оору чыккан булактарды табууга жана анын жайылуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет. Жаныбарларды идентификациялоодо малды жана канаттууларды импорттоодо жана экспорттоодо, ошого жараша республиканын аймагын ветеринардык-санитардык көзөмөлдөөнүн эффективдүүлүгү жогорулайт.
Жаныбарларды идентификациялоо принциптерин так жана ак ниетте аткаруу менен өлкөнүн аймагында мал уурдоонун алдын алууга шарттар түзүлөт.
Бир жаныбарга белги салып, каттоо үчүн мал ээлеринин жалпы чыгымдары орто эсеп менен алганда К3 + П3 = 95 + 55 = 150 сом, анын 95 сому - белгинин (бирканын) наркы + иштин наркы. Жалпы сумма идентификациялана турган малдын санына жараша болот.
Мамлекеттин каражаттары кыйыр жана тикелей мүнөздө берилет.
Тикелей берилген каражаттар:
1. Жаныбарларды жана чарбаларды каттоо журналдарын алууга - бир журналдын баасы - 150 сом, башка канцелярдык товарларга - 50 сом. Бардыгы 200 сомду түзөт.
2. 1000 нускадагы журнал керек болсо, баасы 150000 сом, буга 50000 сом канцелярия чыгымдары кошулат. Бардыгы 200000 сомду түзөт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кыйыр түрдө берилүүчү каражаттар:
1. Реестрди жана башка документтерди жүргүзүүгө (журналдарга жазуу, чарбанын катталышы тууралуу документти берүү) орточо бир күндө төрт документ берилгенде 400-500 сомго чейин болот.
2. Катталуучу субъектилердин ветеринардык-санитардык абалдарын аныктоо бир күндө эки чарба катталса, 200-400 сом болот.
Сунушталып жаткан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамын жүзөгө ашырууга 90% донордук жана чет элдик инвестициялык каржы каражаттары жумшалат. Бул боюнча Министрлик бүгүнкү күндө ФАО, ГИЦ, Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Жаныбарларды идентификациялоодон тышкары чарбалык субъектилерди каттоо (идентификациялоо) жана жаныбарларды багуу жана алардан продукцияларды өндүрүүдө ветеринардык-санитардык талаптарды аткаруу жана эрежелерди сактоо маселелери каралган.
Бул КР Мыйзамында чарбалык субъектилердин жаныбарларды идентификациялоодогу милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери каралды.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоонун так мамлекеттик системасы түзүлгөн эмес, бул системаны ишке киргизүүгө, практикада колдонууга мыйзамдык негиз камсыздалган эмес, ошентсе да республиканын Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна, Эл аралык эпизоотиялык бюрого жана башка эл аралык уюмдарда мүчө болуусу ветеринардык-санитардык чаралардын, анын ичинде жаныбарларды идентификациялоо маселелериндеги ченемдердин эл аралык ченемдерге шайкеш келүүсүн талап кылат.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 21-апрелиндеги № 01-н/1237 мыйзамынын долбоору КР министрликтерине жана ведомстволоруна кайталап макулдашууга жиберилген.
Азыркы учурда келип түшкөн эскертүүлөр жана сунуштар эске алынуу менен кайра даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жөнөтүлөт.
Министр | Ч.Узакбаев |