Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-ноябры № 772
"2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарын жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына толуктоону ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарын жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына толуктоону ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарына жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына толуктоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарын жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына толуктоону ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу каттары жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, бул алмашуу каттарына толуктоо ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти