Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-ноябры № 776
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамына (2011-жылдын 26-июлундагы № 60 "Эркин Тоо" газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренеде:
1) 1-бөлүгүндө:
- 1-пункттагы "анын техникалык функциялары менен шартталган товарларды кошпогондо," деген сөздөр "товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүү алардын техникада колдонулушу менен гана шартталган учурду кошпогондо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "патенттик-лицензиялык" деген сөздөр "патенттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
- "тейлөөнүн бөтөн товардык белгисин," деген сөздөр "товардык белгисин, тейлөө белгисин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- товардык маркасын" деген сөздөр алынып салынсын;
- 5-пункттагы расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдү жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдү, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 2-бөлүгүндө:
- расмий тилдеги текстте "оборота товаров" деген сөздөр "оборота, товаров" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстте "көрсөтүүлөрдүн жарандык" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдүн, жарандык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти