Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 785
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
2-тиркемеде:
- 1-пункт "Чарба башчысы" деген сөздөрдөн кийин ", лабораториянын башчысы, устат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт "Катчы-референт" деген сөздөн кийин ", лаборант" деген сөз менен толукталсын;
- 9-пункт "айдоочу" деген сөздөн кийин ", слесарь, ширетүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункт "Жумушчу" деген сөздөн кийин ", аспираторчу" деген сөз менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу белгиленген чектүү штаттык сандын жана бекитилген эмгек акы төлөө фондусунун чегинде штаттык расписаниеге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|